Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет10/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   6   7   8   9   10   11   12   13   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

Сөөктөрдүн өнүгүүсү жана өсүүсү. Сөөк эмбрионалдык 


- 24 -
өрчүү мезгилинде ортоңку түйүлдүк катмарынан – мезодермадан 
өнүгөт. Өнүгүүсүндө тутумдаштыргыч ткань мезенхима катышат. 
Сөөктөр пайда болуп, өсүп – өнүгүүсүндөгү өзгөчөлүктөрү 
боюнча 2ге бөлүнөт. 
1. 
2 этапты басып өтүүчү сөөктөр
а) Мезенхима
б) Сөөктүк ткань
Мындай сөөктөр тобуна баш сөөктөрүнүн өсүп өнүгүүсү ки-
рет. 
2. 3 этапты басып
 өткөн сөөктөр. 
а) Мезенхима
б) Кемирчек
в) Сөөктүк ткань 
Скелеттин мындай сөөктөр тобуна тулку бойдун жана кол, 
буттун сөөктөрү кирет. 3 этапты басып өткөн сөөктөрдүн өсүп 
өнүгүүсү татаал жол менен жүрөт. Кемирчектин сөөккө ай-
лануусу узак убакытка созулат. Сөөктүн туура өсүп өнүгүүсү 
тамак- аштын составындагы витаминдерден, жана ички сек-
рециялык бездерден (гипофиз, калкан, бөлүнүп чыгуучу гор-
мондордон көз каранды болот. Кыска сөөктөрдүн өсүүсү узун 
сөөктөрдүн өсүүсүнө салыштырганда аз убакытта жүрөт жана 
тез калыптанат. 
Сөөктөрдүн байланышы. Бардык сөөктөр бири-бири менен 
байланышып, жалгыз бүтүн форманы берип турат. Сөөктөрдүн 
байланышынын негизги 2 тобу белгилүү. 
1. Жылчыксыз байланышкан сөөктөр- булар филогенети-
калык өрчүүсү боюнча кадимки сөөктөр тобуна кирет. Булардын 
ортосунда жылчык аралык жок болуп, анын ордуна сөөк жипче-
лери же кемирчек түзүлөт. М: Баш сөөгүнүн сөөктөрү, төш сөөк-
төрү, жамбаш сөөгүнүн алдынан биригүүсү, куймулчак сөөгү, 
узун сөөктөрдүн эпифиз жана диафиз аралыгы дагы жылчыксыз 
байланышка кирет. 
2. 
Жылчыктуу байланышкан сөөктөр
Бул сөөктөрдүн ашташкан бөлүгүнүн бетинде гиалин кемир-
чеги болот. Бул кемирчектин калыңдыгы 3 мм ди түзөт. Ашташ-
кан каптал бөлүгүндөгү синовиалдык суюктук болот. Сөөктүн 
кыймылдуулугуна жараша синовиалдык суюктук бөлүнүп муун 
сөөктөрдүн ортосундагы сүрүлүүсүн жок кылып турат. 




Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   6   7   8   9   10   11   12   13   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет