Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет18/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   14   15   16   17   18   19   20   21   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

- 41 -
 Тамак сиңирүү системасы
1-эриндер; 2-астынкы жаак; 3-тил; 4-ооз көңдөй; 5-жумшак таңдай;
6-кулкун; 7-кызыл өңгөч. 8-ашказан; 9-боор; 10-уйку бези; 11-он эки эли
.ичеги; 12-ичке ичеги; 13- жоон ичеги


- 42 -
ЗАТ АЛМАШУУ ПРОЦЕССИ
План:
1. Зат алмашуу процесси
2. Ооз көңдөйү, карында тамак сиңирүүнүн
мааниси
3. Белоктун, майдын, углеводдун алмашуусу
жана мааниси
4. Витаминдер
Организм дайыма энергияны жана анын составына кирген зат-
тарды сарып кылып турат. Тиричиликти сактап туруу үчүн 
алардын орду дайыма толукталып турушу керек.
Т
олукталуунун булагы болуп организимге тамак аркылуу кел-
ген заттар эсептелет. Белоктор, майлар жана углеводдор жо-
горку молекулалуу бирикмелер болушат. Аларды сиңирүү үчүн 
азык заттар кайрадан өзгөрүлүшү керек. Тамак сиңирүү татаал 
физиологиялык процесс, бул учурда төмөн эритүү каналчага ке-
лип түшкөн азык зат механикалык жана химиялык өзгөрүүлөргө 
дуушар болот. Механикалык өзгөрүү тамактын майдалнышы-
нан, кындалышынан, аралаштуруусунан жана эришинен турат. 
Химиялык өзгөрүү биринен кийин бири болуучу бир кыйла та-
таал молекулалуу белоктордун, майлардын жана углеводдордун 
бир кыйла жөнөкөй химиялык кошулмаларга ажыроо этаптары-
нан турат, алар кийин канга жана лимфага созулат. Булар сөзсүз 
түрдө атайын заттар – ферменттердин катышуусу менен жүрөт. 
Ферменттер – бул белокту жаратылыштагы татаал органикалык 
бирикмелери. 
Тамак эритүүчү аппарат секратордук, мотордук же кыймыл-
датуучу жана соруу кызматтарын аткарат. 
Секротордун кызматы тамак эриткич зилдерди: шилекей, аш-
казан зилдерин, уйку безинин зилин, ичеги зилин, өттү иштеп 
жана бөлүп чыгаруудан турат. Бул зилдердин баары тамак эрит-
кич бездерден иштелип чыгат. 
Кыймылдаткыч функциясы чайноодон, ичеги карындан та-
мак заттын жылышына жана организмден эрибеген калдыктар-
дын бөлүнүп чыгышынан турат. Булар тамак эриткич каналдын 


- 43 -
булчуңдарынын жардамы менен иш жүзүнө ашырылат. Соруу 
кызматы тамак эриткич каналда эриген азык заттардын канга 
жана лимфага өтүшүн камсыз кылат. Ооз көңдөйүндө тамактын 
нормалдуулугу жана анын даамынын саны аныкталган. Бул жер-
де тамак чайноо жолу менен майдаланат жана шилекей менен 
нымдалат. 
Ооз көңдөйүндө углеводдун баштапкы өзгөрүшү жүрөт. 
Адамдын оозунда үч түгөй бир кыйла ири, тил алдында, жоон, 
кулак түбүндө) жана былжыр челде жайланышкан көптөгөн 
майда шилекей бездери болот. Алар бир суткада 1000-1200 ммге 
жакын шилекей бөлүп чыгарат. Шилекейдин реакциясы нейт-
ралдуу болот. Муцин шилекейде болот. Муциндин жардамында 
тамакты жутуу жеңилдейт. 
Ашказан зили 3 ферментти пепсин, липоза жана химозинди 
камтып турат. Пепсин активсиз пепсиноген түрүндө бөлүнүп 
чыгат, ал туз кислотасынын таасири астында пепсинге айланат. 
Ал белокту бир аз ажыратат. Белоктун акырына чейин ажырашы 
ичегиде жүрөт. Липоза эмульгирленген майды гана ажыратат. 
Башка майлар ашказанда ажырабайт. Хемозин сүтү быштакка 
айландырат. 
Ашказан зили үч фазада бөлүнүп чыгат. 
1. Ашказан секрециясынын татаал рефлектордун фазасы деп 
аталат. Ооз көңдөйүнө жана кулкунга тамак түшкөндө жана та-
мактын жытын сезип, өңүн көргөндө, рецепторлордун дүүлүгү-
шүнө жооп кайтарып ашказан зили бөлүнө баштайт. 
2. Ашказан секрециясынын фазасы деп аталат. 
3. Ашказандын ичеги секрециялык фазасы деп аталат. 
Организм дайыма энергияны жана анын составына кирген 
заттарды сарп кылып турат. Тиричиликти сактап туруу үчүн 
алардын орду дайыма толукталып турушу керек. Толукталуунун 
булагы болуп организмге тамак аркылуу келген заттар эсепте-
лет. Ферментер: - булар белоктон турган татаал органикалык зат-
тар. Булар биоценалык катализаторлор болуп эсептелет да, орга-
низимдеги химиялык поцесстерди миллион эселеп ылдамдатат. 
Ферментер тамак эриткич бездерден иштелип чыгат да, алардын 
бөлүнүп чыккан зилдердин составына кирет. Ферменттер уч 
группага бөлүнөт. 
3. Белокторду ажыратуучу- липазалар. 2. Майларды ажыра-


- 44 -
туучу – пинозалар. 3. Углеводду ажыратуучу- карбогидрозалар. 
Тамак эритүүчү аппарат секретордук, мотордук же кыймылда-
туучу жана соруу кызматтарын аткарат. 
Секретордун кызматы тамак эритүүчү зилдерди: шилекей, 
ашказан зилдерин, уйку безинин зилин, ичеги зилин, өттү иш-
теп жана бөлүп чыгаруудан турат. Бул зилдердин баары тамак 
эриткич бездерден иштелип чыгат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   14   15   16   17   18   19   20   21   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет