Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети


Заттардын жана энергиянын алмашуулары



Pdf көрінісі
бет19/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   15   16   17   18   19   20   21   22   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

Заттардын жана энергиянын алмашуулары. Адам баласы-
нын жашоосундагы негизги шарттардын бири болуп, организм 
үчүн керектүү болгон заттардын жана энергиянын өз учурунда 
алмашуулары эсептелет. Ансыз жашоо мүмкүн эмес. Биздин ор-
ганизмге өмүр бою сырткы айлана чөйрөдөн тынымсыз түрдө 
кычкылтек жана тамак заттардын бардык түрлөрү кабыл алы-
нып турат. Ал кабыл алынган заттар тамак сиңирүүчү орган-
дарга келгенде кайрадан иштетилип, кан тамыр системалары 
аркылуу бардык ткандарга, клеткаларга тарайт, жаңы клеткалар 
пайда болуп турат. Бул процесс ассимиляция деп аталат. Ошол 
эле учурда клеткалардын ичиндеги анын эскирген заттары бузу-
лат, аны диссимиляция деп аталат. Диссимиляция процессинде 
энергия бөлүнүп чыгат. Заттардын алмашууларына белоктор, уг-
леводдор, майлар, витаминдер, суулар жана минералдар туздар 
катышат. 
Белоктордун алмашуусу. Белоктор жамакчы жана куруучу 
материалдарга кирип тирүү заттардын бири болуп эсептелет. 
Ошондуктан аларды тамак заттарынын белок түрлөрү менен ал-
маштырууга болбойт. Бир суткада организмге тамактын түрлө-
рү менен 100-120 грамм чейин белоктор кабыл алыныш керек. 
Тамак сиңирүү учурунда белоктор аминокислоталарга чейин 
ажырап, кан тамырлардын жардамы менен бардык организмге 
тарайт. Клеткаларда аминокислоталардан организмдин өзүнө 
мүнөздүү болгон белоктор синтезделет. Ошол эле учурда клет-
каларда, ткандарда тирүү заттарды курууга пайдаланбай калган 
белоктор, аминокислоталар кайрадан бузулуп майдаланат. Мына 
ошол учурда энергия бөлүнүп чыгат. Белоктун акыркы алма-
шууларына суу, көмүр кычкыл газы, аммиак жана башкалар ки-
рет. Чоң адамдардын 1 кг салмагына 1, 5 грамм белок тура келсе, 
эмчектеги балдарга 3-3, 5 грамм, ал эми 10 жаштагы балдарга 2, 
5 грамм белок туура келеши керек. 




Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   15   16   17   18   19   20   21   22   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет