Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет15/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   11   12   13   14   15   16   17   18   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

Кол курчоосунун булчуңдары. 
Колдун сөөктөрү тулку бой менен көкүрөк – акыректин муун-
дарында биригет, жана трапеция сымал, кичи көкүрөктүк, ромб 
сымал, алдыңкы тиш сымал жана далыны көтөрүүчү булчуңда-
рынын жардамында скелетке бекип турат жана кыймылга келет. 
Бул булчуңдар колдорду ийин муунунда кыймылды камсыз кы-
лат. Булардын арасынан дельта сымал булчуң өзгөчө мааниге ээ, 
мунун жыйрылуусунда кол бүгүлөт, горизанталдык абалда жа-
зылат. Ушул эле муунда бүктүргүч жана жаздыргыч булчуңдар 
орун алышкан астынан – ийиндин эки ачалуу булчуңу, арттан 
– үч ачалуу булчуңдары орун алган. 
Бут курчоонун булчуңдары. 
Дененин бул обласындагы булчуңдар буттардын кыймылда-
шына, омуртканын кыймылдашына катышат. Алдыңкы булчуң-
дар группасына – ири болгон (подвздошнопоясничная) бел бул-
чуңу, арткы группага чоң, орто жана кичи жамбаш булчуңдары 
кирет. 
Санда жайгашкан булчуң – адамдын денесиндеги эң узун
узундугу 50 см ге чейин болгон чебердик (портняжная мышца) 
булчуң жайгашат. Анын тереңиндеги төрт ачалуу булчуң тизе 
муунунун жазылышын камсыздайт, тике турган учурда тизе 
муунунун бүгүлбөшүн камсыз кылат. 


- 33 -


- 34 -
ТАМАК СИҢИРҮҮ СИСТЕМАСЫ
План:
1. Ооз көңдөйүнүн түзүлүшү
2. Ашказандын түзүлүшү
3. Он эки эли ичеги жана ичке ичегинин, жоон
ичегинин түзүлүшү, тамактын сиңирилиши
4. Боордун анатомиясы
1. Ооз көңдөйүнүн түзүлүшү. 
Тамак алгач ооз көңдөйүнө түшөт. Астыңкы жаактын кый-
мылынын негизинде, тамак тиштердин жардамы менен бөлү-
нүп алынат. Эриндер тамакты түшүрбөө функциясын аткарат. 
Чоң кишилерде тиштин саны 28-32 болот. Тиш чоң кишилерде 
ички түзүлүшү боюнча 3 бөлүктөн турат. 1-пульпа, мында нерв 
жана кан капилярлары менен толуп турат. Ал сыртынан дентин 
(2) катмары менен курчалат. Дентин тиш катмарынын негизин 
түзөт жана сыртынан эмаль (3) катмары менен курчалат. Тиштер 
сырткы түзүлүшү боюнча 3 кө: тамыры, моюну жана телосу бо-
луп бөлүнөт. Тамыр мүлккө кирип жайланышат, тиштин телосу 
эмаль затынан туруп, ал тиштин негизги бөлүгү болуп саналат. 
Эмаль катмары ысык суукту кескин түрдө аралаштырып ичүүдө, 
ооздо катуу нерсени чакканда жабыркап, микроптордун топто-
лушунун негизинде бузулушу мүмкүн. Тиштер мааниси боюнча, 
кашка, кылкыйма, азуу болуп бөлүнөт. Кашка жана кылкыйма 
тиштер тамакты бөлүп алуу функциясын аткарат. Тиштер саны 
боюнча кашка-8, кылкыйма-4, кичине азуу-8, чоң азуу-12 болуп 
бөлүнөт. 
Азуу тиштердин жардамы менен жаактын механикалык кый-
мылынын негизинде, тилдин түзүлүшү боюнча үстүнкү бетинде 
эки түрдүү тамакты сездирүүчү урчукчалар цилиндр жана козу 
карын сымал жаактын булчуңдарынын катышуусу менен тамак 
майдаланат. Ооз көңдөйүнүн былжырлуу эпителийинде сезүүчү 
нерв клеткалары рецепторлор жайланышып, даамды, темпера-
тураны билүүгө катышат. Рецепторлордун дүүлүгүсү мээнин 
сүйрү бөлүгүндө кабыл алынат. Шартуу жана шартсыз рефлекс-
тин натыйжасында шилекей жана ашказан зилдеринин бөлүнүп 
чыгышы жүрөт. Чайноо процессин бүтүп, жутууга алмашылат. 


- 35 -
Жутуу 3 – этапта жүрөт. Майдаланган тамак тил булчуңдары-
нын кыскаруусунун натыйжасында кулкун жана кызыл өңгөчкө 
өткөрүлөт. 
Кулкун-воронка сымалдуу формага ээ болуп, ички катмары-
нан былжырлуу түзүлүштө болот. Ал моюн омурткасынын VI- 
VII синин ордунан орун алат. Кулкун аркылуу тамак кызыл – өң-
гөчкө өткөрүлөт. Бул учурда коко өйдө көтөрүлүп коко жапкыч 
менен жабылат да эриген тамак дем алуу жолдоруна өтпөйт. Жу-
туу оз көңдөйүндө эритилген тамак жутулууга даярдалат. Жутуу 
үч фазада жүрөт. 
1. Ооздо. 
2. Кулкунда. 
3. Кызыл өңгөчтө. 
Жутуу цикли 1 секундада жүрөт. Тилдин булчуңдарынын на-
тыйжасында тамак тилдин үстүндө жеткирилет. Мында жумшак 
таңдай өйдө көтөрүлүп, мурундан келген аба жолун бекитет. 
Тилдин жардамы менен эриген тамак кулкунга өткөрүлөт. Мын-
да коко өйдө көтөрүлүп, коко жапкыч менен жабылат да, дем 
алуу жолдору бекилет. Кыска кулкундан тамак кызыл өңгөчкө 
өткөрүлөт. Анын толкундуу кыймылынын негизинде тамак аш-
казанга келип түшөт. 
Кызыл өңгөч-цилиндр сымалдуу трубка формасында болуп, 
кулкун жана ашказанды бириктирип турат. Узундугу 22-30 см. 
Анын ички катмары былжырлуу болуп, анын астында былжырды 
иштеп чыгуучу көп сандаган бездер жайланышкан. Бул былжыр-
дын иштелип чыгышынын негизги функциясы тамакты жылдырып 
ашказанга өткөрүп берүү болуп саналат. Суюк тамак кызыл өңгөч 
аркылуу 1-2 секундада, коюу тамак 9 секундада ашказанга түшөт. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   11   12   13   14   15   16   17   18   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет