Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет128/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   124   125   126   127   128   129   130   131   ...   183
Кыргыз Республикасынын
Президенти 
 
 
 
 
 
 
А.Атамбаев
Бишкек ш., 2013-жылдын 22-майы, №75


144
Калия Кулалиева
 Грамматика
Туюк мамиле
Туюк мамиле негизги мамиледеги этиштерге -ыл (-ил, -ул, -үл, -л) мүчөсүнүн 
уланышы аркылуу жасалат, кыймыл-аракет өзүнөн-өзү иштелгендей маанини 
билгизет. 
Мисалы: табыл, жабыл, жасал ж.б. Аягы л тыбышы менен бүткөн сөздөрдө: 
билинди, илинди, алынды. Расмий иш кагаздарында көп учурай турган форма.
1. Туюк мамиленин мүчөлөрүн улаңыз, чак мүчөлөрдү туура жазыңыз.
1. Кулактандыруу бардык жерге ил......................... .
2. Эл аралык симпозиумга көптөгөн кадырлуу коноктор чакыр...................... .
3. Алты айлык план толугу менен аткар....................... .
4. Студенттерге тиешелүү деңгээлде билим бер.............................. .
5. Чогулушта төмөнкү маселелер кара....................... .
6. Бул көйгөй эми гана чеч................................ .
Өздүк мамиле
Өздүк мамиле негизги мамиледеги этиштерге -ын (-ин, -ун, -үн, -н) мүчөсүнүн 
уланышы менен жасалат. Өздүк мамиле негизинен төмөнкү маанилерди билгизет: 
а) кыймыл-аракеттин өзүнө багытталгандыгын: Мен жуундум, тарандым.
б) кыймыл-аракеттин кайталанышын: Атам ичинен күбүрөндү.
2. Сөздөргө өздүк мамиленин мүчөсүн улап жазыңыз.
көр.......... 
сура.............
кара......... 
сүр...............
жылы...... 
бөл...............
тара......... 
тазала...........
бакыр....... 
сулуула.........
3. Маанисине карап, туюк же өздүк мамиленин мүчөсүн улаңыз.
1. Кадрлар бөлүмү башка имаратка көчүр............................... .
2. Расмий жолугушууга баруу үчүн ал аябай даяр..................................... .
3. Майрамдарда ат майданында ар түрдүү улуттук оюн-зоок өткөр................... .
4. Ойлогон оюбуз аткар............................. .
5. Алыстан атчан ак сакал көр................................. .
6. Ак үйгө мектеп окуучулары чакыр........................... .


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   124   125   126   127   128   129   130   131   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет