Кош коридор тутумун колдонуу менен товарларды бажылык контролдоо боюнча нускама Жалпы жоболор 1



Дата04.07.2016
өлшемі34 Kb.
#177232
Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2013-жылдын

12 февралындагы № 69

токтому менен бекитилген


Кош коридор тутумун колдонуу менен товарларды

бажылык контролдоо боюнча нускама
1. Жалпы жоболор
1. Кош коридор тутуму – бажы чек арасы аркылуу өтүүчү жеке адамдарга “кызыл” коридор менен (товарларды жазуу жүзүндө бажылык декларациялоо менен) “жашыл” коридордун бирин өз алдынча тандап алууга мүмкүндүк берген бажы контролунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму.

2. Жеке адамдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттардан (мындан ары - өткөрмө пункттар) өткөрүлүүчү товарларды бажылык контролдоону ушул Нускамада келтирилген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, өткөрмө пункттар жайгашкан региондо иштеген бажы органдары жүргүзөт.

3. Жеке адам милдеттүү түрдө жазуу жүзүндө декларацияланууга тийиш эмес бажы чек арасы аркылуу өткөрүп жаткан товарларын өз каалоосу менен жазуу жүзүндө декларациялоого укуктуу.

4. Кош коридор тутуму “кызыл” коридор жана “жашыл” коридор болуп бөлүнөт жана өткөрмө пункт аркылуу өтүп жаткан жеке адамга, ал өткөрүп жаткан товарларды бажылык тариздөө жана бажылык контролдоо үчүн декларациялоонун формасын жана ага тиешелүү коридорду өз алдынча тандап алуусуна мүмкүндүк берет.

5. Өткөрмө пункттарда кош коридор тутуму жайгашуучу жер бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

6. Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 200-беренесине ылайык жеке адамдар тарабынан өткөрмө пункт аркылуу өткөрүлүүчү товарларды бажылык тариздөөнү жана бажылык контролдоону жүргүзүүчү бажы органы кош коридор тутумунун алдында жеке адамдын товарларды декларациялоонун формасын жана тиешелүү коридорду түшүнүү менен тандап алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусуна арналган маалыматтык зонаны уюштурат.

7. Маалыматтык зона мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде, ошондой эле конкреттүү өткөрмө пункт жайгашкан региондо иштеген бажы органы колдонуу максатка ылайык деп эсептеген башка тилде жазылган стенддер, такталар, таблолор, буклеттер жана башка маалыматтык материалдар менен жабдылат.

Бажы органы маалыматтык материалдарга керектүү өзгөртүүлөрдү өз убагында киргизип турууга милдеттүү.

Маалыматтык зонада таза бланктардын камы жана аларды толтуруу үлгүлөрү менен бажы декларацияларынын бланктарын толтуруу үчүн жайлар жабдылышы керек.
2. “Кызыл” коридордон өтүү
8. “Кызыл” коридорду тандаган учурда жеке адам декларациялоону жазуу жүзүндө жүргүзөт.

9. “Кызыл” коридорго кирүү атайын кызыл квадрат түрүндөгү графикалык белги менен, ошондой эле кызыл түстөгү мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде “Кызыл коридор”, “Красный коридор”, (“Redchannel”) жана “Милдеттүү түрдө жазуу жүзүндө декларациялануучу товарлар”, “Товары, подлежащие обязательному письменному декларированию” (“Goodstodeclare”) жазуулары менен белгиленет.

10. “Кызыл коридор” жеке адамдар тарабынан Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү милдеттүү түрдө жазуу жүзүндө декларацияланууга тийиш болгон коштомо жолжүктөгү товарларды декларациялоо, ошондой эле коштолбоочу жолжүктөгү товарларды өткөрүү ниети тууралуу маалыматтарды билдирүү үчүн арналган.

11. Жеке адамдар декларациялоонун жазуу жүзүндөгү формасын (“кызыл коридор”) тандаган учурда, Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык декларациялоо белгиленген формада жүргүзүлөт жана бажы контролунун максаттары үчүн зарыл болгон башка документтер жана маалыматтар менен бирге бажы органынын кызмат адамына берилет.


3. “Жашыл” коридордон өтүү
12. “Жашыл” коридорду тандаган учурда жеке адам декларациялоону жеке адамдын кол жүгүндө жана коштолуучу жолжүгүндө жазуу жүзүндө декларацияланууга тийиш товарлар жок экенин күбөлөндүргөн аракеттерди жасоо жолу менен конклюденттик формада жүргүзөт.

13. “Жашыл” коридорго кирүү ак фондо жашыл түс түрүндөгү атайын графикалык белгилер менен, ошондой эле жашыл түстөгү мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде “Жашыл коридор”, “Зеленый коридор”, (“Greenchannel”) жана “Милдеттүү түрдө жазуу жүзүндө декларациялануучу товарлар жок”, “Товаров, подлежащих обязательному письменному декларированию, нет” (“Nothingtodeclare”) жазуулары менен белгиленет.

14. “Жашыл” коридордо бажы контролунун айрым формаларын колдонбоо адамдардын Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын сактоо милдеттеринен бошотулганын түшүндүрбөйт.

15. Бажы органынын кызмат адамдары “жашыл” коридор боюнча өтүп жаткан жеке адамдарга тандалма кароо жүргүзүүгө укуктуу.



4. Кош коридор тутумун колдонуу жана анын жайгашуусу
16. “Кызыл” жана “жашыл” коридорлордун жайгашуусу мүмкүн болушунча маалыматтык зонадан баштап бажы жол-жоболору аткарылгандан кийин коридорлордон чыкканга чейин жеке адамдардын агымынын түз жүрүүсүн камсыз кылышы керек. Жолжүктөр берилүүчү жай менен коридорлорго кире турган жердин ортосундагы аралык жеке адамдардын тийиштүү коридорду тандап алуусуна жана андан тоскоолдуксуз өтүүсүнө жетиштүү болуусу керек.

17. “Жашыл коридорго” же “кызыл коридорго” кире турган жер туурасы 50 сантиметрге чейин болгон жашыл же кызыл тилке менен белгиленет.



18. “Жашыл коридордон” же “кызыл коридордон” чыга турган жер туурасы 50 сантиметрге чейин болгон жашыл же кызыл түстөгү тилке менен белгиленет. Жеке адамдардын аталган тилкелерден товарларын өткөрүшү Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу өткөрүүдө милдеттүү жазуу жүзүндө декларациялоону талап кылбаган алар ташып келген товарлардын бажылык тариздөө аяктаганын билдирет. Мындай товарлар чыгарылган катары каралат.

19. “Жашыл” коридорго кирген жер менен “жашыл” коридордон чыккан жерди белгилеген тилкелер дал келбеши керек.

Достарыңызбен бөлісу:




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет