Маалымат иштеп чыгуу авто системасы, 140212 Электр менен камсыдоо (тармактар боюнча) философия



Pdf көрінісі
бет13/36
Дата16.12.2022
өлшемі0.65 Mb.
#467341
түріПротокол
1   ...   9   10   11   12   13   14   15   16   ...   36
Enezarova-S.T.-Filosofiya-UMK

Байыркы Грек философиясы. 
Байыркы Грек философиясынын негизги өкүлдөрү: Фалес, Анаксимен, Анаксимандр, 
Гераклит, 
Демокрит
, Платон, Аристотель ж. б. 
Антикалык Грек философиясы б. з. ч. VII – VI кылымдарда калыптанган. Өзүнүн мүнөзү 
жана мазмуну, өзгөчө философиялык ой жүгүртүү методу боюнча антикалык философия. 
Байыркы Чыгыш философиясынын системаларынан түп тамырынан бери айырмаланып 
турат жана бул философия тарыхта биринчи болуп курчап турган дүйнөнү рационалдуу 
таанып билүүгө аракет жасаган. 
Антикалык философиянын өнүгүшүн төмөндөгүдөй төрт этапты бөлүп көрсөтүүгө болот: 


1. Антикалык философиянын биринчи этабы ( б. з. ч. VII – V кылымдар) Сократка 
чейинки мезгил деп аталат.
2. Классикалык мезгил. V к. экинчи жарымын жана IV кылымдын көп бөлүгүн өзүнө 
камтыйт. Мында Сократ, Платон, Аристотель сыяктуу ойчулдардын ишмердүүлүгү 
менен байланышкан.
3. Эллиндик этап. б. з. ч. IV – II кылымдарды өз кучагына алып, Александр 
Македонский ( б. з. ч. 356 -323 ) баскынчылык саясатынан тартып, Грециянын 
римдиктер тарабынан жеңилишине чейинки мезгилдерге созулган.
4. Римдик философия ( б. з. ч. I - б. з. V к. ) Рим империясы жашаган доорго туура 
келет.
- Фалес б. з. ч. 585 – жылдын 28 – майында болуп өткөн күндүн тутумун алдын ала айткан. 
Фалестин дүйнөнүн башаты суу. Жер жалпак диск сыяктуу болуп сууда сүзүп жүрөт. Жерди 
ааламдын борбору катары эсептеген. 
- Анаксимандр оюу боюнча дүй.. Баш... апейрон ( грекче чексиздик ) Апейрон баш аягы жок
чексиз субстанция. Субстанция – дүйнөнүн негизин түзгөн катмар. Дүйнөдөгү баардык 
нерселер апейрондон жаралат жана ага айланат деп түшүндүрүлөт. Биринчилерден болуп 
адам башка жаныбарлардан эвалюциянын негизинде жараган деген ойду айткан. 
- Анаксимен – аба деп жооп берген. От бул сейректетилген аба. Коюлануу менен алгач аба 
шамалга – булутка, тамчысы – сууга – жерге жана ташка айланат. Жан да абадан турат. Аба 
чексиз мүнөзгө ээ. Абанын коюланышын Анаксимен температуранын төмөндөшү, ал эми 
сейректешин температуранын жогорулашы менен байланыштырган.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   9   10   11   12   13   14   15   16   ...   36




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет