Министрлиги


Окуучулардын илимий-изилдөөчүлүк ишмердигин өнүктүрүүчү методдор



Pdf көрінісі
бет38/45
Дата05.12.2022
өлшемі0.76 Mb.
#466506
түріПрограмма
1   ...   34   35   36   37   38   39   40   41   ...   45
ca0b1618-cd19-4572-8b0f-d953a153bb54 (1)

Окуучулардын илимий-изилдөөчүлүк ишмердигин өнүктүрүүчү методдор. Эне 
тил сабактарында окуучуларды илимий-изилдөөчүлүк ишмердикке үйрөтүүгө 
төмөнкүлөрдү киргизсек болот: көйгөйдү коюу, көйгөйдү чечүүнүн жолдорун аныктоо
ишмердиктин жолдорун аныктоо, күтүлүүчү натыйжаны кыска жана так жазуу,
жыйынтыктарды корсөтө билүү жана өзүн-өзү талдоо. 
Педагогикалык практикада долбоор методу, документ булактарын изилдөө, илимий 
жактан маанилүү материалдарды издөө жана топтоо, интервью, портфолио, концепция 
картасы ж.б. колдонуу ийгиликти жаратып жатат. 
 
 
3.2. Окуучулардын окуу ишмердүүлүкт
ѳ рүн баалоонун 
критерийлери 
 
1. Окуучулардын оозеки жоопторун баалоонун жалпы чен-өлчөмдөрү
Окуучу менен мугалимдин ортосундагы байланыштын эң көп колдонулган 
формаларынын бири – мугалимдин суроо-тапшырмаларына окуучунун оозеки жооп 
бериши. Жооптун тууралыгы белгилүү өлчөмдө суроо-тапшырмалардын түшүнүктүү, так 
берилишине байланыштуу да болот жана убакыт үнөмдөлөт. 
Оозеки жоопторду баалоодо төмөнкүлөрдү эске алуу керек: окуучунун аныктаманын 
маңызын, тексттин кебин түшүнүүсү, алардын негизги маанисин, мазмунун айтып 
бериши, айтылуучу ойго карата сөздөрдү тандап, билип, ыктуу колдонушу. Сүйлөм 
курулуштарынын тактыгы, анын айтылыш интонацияларынын тууралыгы, берген 
жоопторунда өз оюнун болушу, анын далилдүүлүгү; сүйлөө кебинин лексикалык 
байлыгы, ой жагынан ырааттуулугу. 
Оозеки жооптордо беш «5» деген баа төмөнкү учурларда коюлууга тийиш: 
мугалимдин суроо-тапшырмаларына толук, канааттандырарлык жооп берсе; окуу 
китебин, мугалимдин түшүндүрүүсүн түздөн-түз ээрчибей, өз оюн кошумчалап, кебин 
адабий тилдин нормасында системалуу түрдө айтып берсе, айткан теориялык 
түшүнүктөрүн мисалдар менен айкаштырып далилдей алса; 
«4» деген баа жогорудагы тапшырмаларды аткарууда анча-мынча так эместиктер 
кетирилсе, ал кетирилген так эместиктерди оңдоо, ойго толуктоо иретинде берилген 
кошумча суроолорго толук, ойдогудай болбой, бирок жалпысынан негизги түшүнүгү бар 
экени билинип турса коюлат. 
Мугалимдин суроосуна окуучу анча-мынча жооп берип, толук эмес түшүнүгүн 
көрсөтүп, теориялык маселелерди мисал менен далилдей албаса, кебинде өз оюн 
системалуу баяндай албай, сүйлөө кебинде эки-үч ката кетирсе «3» деген баа коюлат. 
«2» деген баа окуучу материалды билбей, аныктамаларды туура айтып бере албай, 
маанисин бузуп, келтирген мисалы да дал келбей айтылган учурда коюлат. 
Ал эми мугалимдин суроосу таптакыр жоопсуз калып, аны чечмелөөгө түшүнүгү 
жок болуп, аракети көрүнбөсө «1» деген баа коюлат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   34   35   36   37   38   39   40   41   ...   45




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет