III. ОКУУ ПРОЦЕССИН УЮШТУРУУ ФОРМАЛАРЫ
ЖАНА БААЛОО
3.1. Кыргыз тилин окутуу процессин уюштуруу формалары
Эне тилин окутууга карата коммуникативдик ишмердүүлүк мамиле интерактивдүү
окутуудагы окуучулардын тынымсыз өз ара баарлашуулары, карым-катнаш жасоо менен
пикир алышуулары аркылуу ишке ашырылат. Бул багытта окутуу ишин уюштуруу үчүн
атайын зарыл шарттарды түзүү зарыл. Мындай учурда окуучулар өзүн-өзү, коомду жана
дегеле дүйнөнү таанып билүү менен турмушка карата болгон туура көз караштары
калыптанат
жана
предметтик,
түйүндүү
компетенттүүлүктөргө
ээ
болушат.
Интерактивдик окутууда көп жактуу коммуникативдүүлүк,
жагымдуу психологиялык
кырдаал, окуп-үйрөнүүгө атайын ыңгайлуу педагогикалык шарттар түзүлөт.
Интерактивдүү окутууга өз алдынча иштөө,
жуп менен иштөө, топ менен иштөө,
талкуулар, презентациялар кирет. Интерактивдүү окутуунун артыкчылыктары:
• окуучулар өздөрүн эркин сезип,”туура эмес жооп берип алам” деген коркунучтан
алыс болуп, активдүүлүктөрү артат;
• ар бир окуучу өзүнүн жөндөмүн, шыгын, билимин көрсөтүүгө далалаттанат;
•
жуп менен, топ менен иштегенге машыгышат;
•
мугалим менен, бири-бири менен тыгыз карым-катнашта пикир алышуу ашат;
• окуучунун сынчыл ой жүгүртүүсү калыптанат;
• тапшырманы аткарууда бири-биринин тажрыйбаларын пайдаланууга, жаңы
идеяларды жаратууга шарт түзүлөт;
• мугалим фасилитатор
катары багыт берип, окуучу менен достук мамиледе болот.
Достарыңызбен бөлісу: