Дисциплинанын предмети жана мазмуну. Музей таануунун методдору. Музейлердин пайда болушу жана калыптанышы



Дата05.11.2023
өлшемі15.76 Kb.
#482400
Текшерүү үчүн суроолор


Текшерүү үчүн суроолор:

  1. Дисциплинанын предмети жана мазмуну.

  2. Музей таануунун методдору.

  3. Музейлердин пайда болушу жана калыптанышы.

  4. Советтик музей таануу мектеби.

  5. Музейлерди классификациялоо.

  6. Музей түзүү үчүн уюштуруу документтерин даярдоо.

  7. Музейдин ички документтери.

  8. Музейдин жамааттык органдары.

  9. Кызматтык инструкция.

  10. Музейдин иштеринин негизги багыттары: административдик-чарбалык, экспозициялык, фондулук, агартуучулук.

  11. Музейлердин профилдик топтору.

  12. Макамы боюнча музейлер тобу.

  13. Музей баалуулуктарын эсепке алуунун эрежелери.

  14. Илимий инвентирлөө.

  15. Музейдин агартуу ишмердиги: баяндама, дарс жана аңгемелешүү.

  16. Баяндама жана анын түрлөрү.

  17. Музей дарсы жана аңгемелешүүсү.

  18. Музей предметтерин консервациялоо жана рестоврациялоо.

  19. Экспозиция түшүнүгү.

  20. Экспозиция түзүүнүн методдору: систематикалык, ансамблдык, комплекстүү.

  21. Экспозиция түзүүнүн негизги этаптары.

  22. Кыргыз Мамлекеттик тарых музейинин түптөлүшү.

  23. Советтик тарыхчылардын музейлердин өнүгүшүнө кошкон салымдары (С.Абрамзон, К.Антипина, А.Бернштам.)

  24. Бүгүнкү күндөгү дүйнөдөгү атактуу музейлер: Эрмитаж, Лувр ж.б.

Текшерүү үчүн тест
1.Алгачкы «Александрия» музейи качан ачылган?
А) б.з.ч. 200-жылы. Б) б.з.ч. 280-ж. В) б.з. 280-ж..
2. Птоломей Сотер ким болгон?
А) Александр Македонскийдин кол башчысы.
Б) Александрия музейинин негиздөөчүсү.
В) Египеттин Императору.
3. Кунтскамеранын негиздөөчүсү ким болгон?
А) Элизавета II. Б) В.И.Ленин. В) Петр I.
4. Алгачкы жолу музей таануу теориясын түзгөн окумуштуу.
А) М.В.Ломоносов. Б) Птолемей Сотер В) Й.Д.Майор.
5. Император III демилгеси менен Россиядагы курал-жарак палатасы кайсы жылы ачылган?
А) 1994-ж. Б) 1794-ж. В) 1894-ж.
6. Петр I музей коллекцияларын кимден сатып алган?
А) астроном Николай Коперниктен.
Б) анатомик Фредерик Рюйштан.
В) археолог Г.Шлимандан.
7. Санкт-Петербургдагы Этмитажды ким негиздеген?
А) М.В.Ломоносов. Б) Петр I. В) Екатерина II.
8. ICOM («Музейлердин Эл аралык Кеңеши») качан уюштурулган?
А) 1917-ж. Б)1945-ж. В) 1946-ж.
9. Музейдин карамагы, макамы, уюштуруучусу тууралуу маалыматты күбөлөндүргөн документ?
А) Штаттык жүгүртмө. Б) Негизги жобо (устав). В) Туруктуу (убактылуу) кабыл алуу китеби.
10. Экспонат деген эмне?
А) Музейдин экспозициясына (көргөзмөсүнө) коюлган предмет.
Б) Музейдин фондунда сакталган предмет.
В) Археологиялык казууларда табылган предмет.
11. Этикетка деген эмне?
А) Экспозициянын багытын (маршрутун) аныктаган текст.
Б) Экспозициядагы ар бир предметке карата жазылган түшүндүрмө.
В) Экспозициянын баштапкы тексти.
12. Топтоштуруу (комплектование) деген эмне?
А) Музей предметтерин салыштырып-текшерүү.
Б) Музей предметтерин экспозицияга жайгаштыруу.
В) Музей фондун токутоого максаттуу багытталган жыйноолор.
13. Инвентирлөө деген эмне?
А) Музей предметтерин илимий эсепке алуу.
Б) Музей предметтерин кабыл алуу китебине жазуу.
В) Музей предметтеринин легендасы.
14. Баяндама, дарс жана аңгемелешүү музейдин кайсы иш багытына тиешелүү?
А) Фонду иштерине. Б) Экспозициялык иштерине. В) Агартуу иштерине.
15. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейинин биринчи директору?
А) А.Н.Бернштам. Б) К.Ү.Үсөнбаев. В) С.М.Абрамзон.
16. Кыргызстанда Көркөм сүрөт өнөр музейи кайсы жылы ачылган?
А) 1926-жылы. Б) 1935-жылы. В) 1991-жылы.
17. Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт өнөр музейи кайсы музейлер тайпасына кирет?
А) Макамы боюнча музейлер тайпасына.
Б) Аймактык музейлер тайпасына.
В) Жеке менчик музейлер тайпасына.
18. Шамшыдагы көрүстөндөн табылган алтын буюмдарды кайсы археологдор казган?
А) П.Н.Кожемяко, И.Кожомбердиев, Д.Ф.Винник.
Б) А.Н.Бернштам, К.Ш.Табалдиев, А.Абетеков.
В) А.П.Окладников, Г.Ф.Дебец.
19. 1960-жылдары Тарых музейи тарабынан претоглифтерди (аска таш сүрөттөрү) изилдеген окумуштуу.
А) А.Н.Бернштам. Б) К.Ш.Табалдиев. В) Г.А.Памоскина.

Достарыңызбен бөлісу:




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет