Исабаева Ж., 2011. Бардык укуктар корголгон



бет6/6
Дата15.06.2016
өлшемі468 Kb.
#136909
1   2   3   4   5   6

Арманду үйдөн үн чыгат…»
Семетейчи апа сыртка чыкты.

Сампарлаган сары кар жаап жаткан.

Кардын жумшак, муздак бүртүктөрү эненин бетине коно калып, кайра эле бат “жылт” этип эрип кетти... Ошондон улам боолгоп:

– Кар жаап атабы? – деди эне.

– Ооба, апа, – бул Тилегенинин үнү.

– И, сары кар тура, – деди да, өзү менен өзү сүйлөшүп жаткандай, кардын илебин ичине жутуп, катып алгысы келгендей терең дем алып, күбүрөгөн болду эне, – Менин сары карым...

Эшиктин алдына бийиктеп үстөл койдуруп, бир топко тунжурап ойлуу отурду анан.

– Апа, үшүп каласыз го, үйгө кириңиз, – дешти уул-кыздары түйшөлүп.

– Э, Бакыбай, – апа ошо отурган калыбында, олуттуу бир нерсе сурачудай үн катты.

– Эмне дейсиз, апа-ов?.. – эркелете унчукту кызы.

“Кокус кызымдын жүрөгүн оорутуп албасам экен”, – дегендей бир азга буйдалып, унчукпай отурду да:

– Бакыбай, сен өзүң эстүү десе эстүү, жазуучу десе жазуучу кызсың...

– ?..

– Энең өлгөндө айтчу кошогуң беленби?!



Айткандай эле, күтүүсүз суроого Бактыгүлдүн жандүйнөсү “селт!” этти. Эмне дээрин билбей кепке какап, будалана түштү.

Кыраакы эне сезди аны. Канчалык кызынын жанчыла түшкөн жандүйнөсүн аяп, ошого өзүнүн да жүрөгү сыздап кеткенине карабай, кызын чыйралткысы келип:

– Ботом, энеңе эки ооз сөзүң жокпу?! – деди өктөм.

– Апа?!..

– “Кызы жазуучу өңдөндү эле, жөнсүз эле окшойт...” – дебейби келип-кеткендер?

Бул – кызын чыйралтыш үчүн айтканы болчу.

Ортону саамга тынчтык уялады. Жымылдаган жымжырттыкты кайра да эненин үнү бузду:

– Кыргызда: «Энеден кийин төркүн жок, эрден кийин урмат жок» деп айтылат, балам. Ошон үчүн кыз баланын мына минтип кошкону жакшы:


Жашылды кийсем оңбойт го,

Жеңелер сиздей болбойт го!

Кызылды кийсем оңбойт го,

Кыздарың сиздей болбойт го!..
Агарып тоодон күн чыгат,

Армандуу үйдөн үн чыгат.

Алыстан келсем сагынып,

Алдыман тосуп ким чыгат?..
“Ырас эле! Ырас эле башкалар кантип сизге окшосун, апакебай?! Ошону ойлоп, өзүңүздүн да жүрөгүңүз ооруп жаткан экен да?! Кагылайыным, апам ай!..”

Бактыгүлдүн карегине ысык жаш тегеренип, тамагына томуктай бир нерсе кептеле түштү. А бирок апасын капа кылып албайын деп, анысын ичине жутуп, тумчукту...

Ар бир жолу Бактыгүлү келээр маалда эне күн мурун камынып, күн санап, жол карап тосуп алчу эмес беле! Телефондон кызынын: “Келатам!” – дегенин укканда этек-жеңин делбектете чуркап чыгып, канатын жайып утурлап, кагылып-согулуп бооруна кысып, кубангандан көзүнүн кычыгында ысык жаш мөлтүлдөй калчу. Берерге ашын, айтаарга сөзүн таппай, айланып-тегеренип калар эле...

Анан да кызына арнап чогулткан сүрү боло турган.

– Э, Гүкү, алып келчи баягыны! – дейт эле кызы кетээр маалда. Келини чымчып буума капты алып келип, эне-баланын ортосуна койчу.

– Бакыбай, мына бул төш – өйдөкү кудам келгенде союлган койдуку, мына бул жилик – айтта союлган малдыкы, бул куйрук – кийинкиден, а бул чучук – согумда союлган бээники... – деп анан ар бирин бирден атап, ошол күнкү “майрамдын” жөн-жайын да чечмелеп берип:

– Балам, талаа жеринде үйдүн тамагынан өткөн гүлазык болобу, ала кет, – деп артынтып жөнөтөр эле.

Бактыгүлдүн барышы москвадагы коңшу-колоңдор үчүн майрам болор эле анан. Эненин өз колунан туздалып, кургатылган сүрдүн деми менен тээ бир далайга баршычу.

Эне эми да, өзүнүн аз-аз күндөрдөн кийин, биротоло батып кеткен күн сымак, бул өмүрдөн кетээрине кейибей, минтип ар бир баласын, айрыкча алыста жүргөн кызын ойлоп турганын карбайсыңбы! Олда, эненин жүрөгү, ай!..

– Угуп атасыңбы, Бакыбай, – кызынын оюн атайылап бөлгөндөй үн катты эне, – Анан да, кеп билбеген кыздай төрт куплетти эле кайра-кайра кайталай бербей, улам жаңылап айтсаң!..

Андан аркы сөздү кызынан күткөндөй, семетейчи эне ашыкча айтпай, андан ары ак да, көк да деген жок. Үйгө кирип, унчукпай ары карап жатып алды...
***
Сейдана апа өзү кошокту катуу айтчу. Үнү да башкача таза, бийик, кайраттуу эле. Кайдан-жайдан табылган салыштыруулар, уйкаштыктар, маркумдун кесибине, кулк-мүнөзүнө бап келген мактап-даңктоолор менен каза болгон адамдын кадырын катуу көтөрүп койчу. Өлүм менен өмүрдүн аралыгын таразалап, адамды ойго сала турган ойлор да жатчу анда.

“Капырай, ырас эле ошондой эмеспи!..” – деп ким болбосун шыпшынып калар эле.

Ошондуткан анын алыстан эле кошуп келатканын угушканда, боз үйдө чурулдап-чуркурап ыйлап аткандар бири-бирин тыйып, кыз-кыркынды тоткотуп:

– Чуркурабай басылгыла! Семетейчи Сейдана келатат! Кошогун угалы! – дешээр эле.

Эми эненин: “Мен өлгөндө ошол кошокту ким кошот?!” – деп санааркарганын жөнү ошо.

Бактыгүл буга чейин кошок тууралуу ойлогон да эмес. Анын үстүнө, апасы тирүү турса, кантип ойлойт эле?!


***
А бирок эми ойлобой, жазбай коюуга мүмкүн болбой калды! Анткени, эненин ичинде бир санаркоо калып калмак. Ошону ойлоп, таң атканча кирпик көзүн ирмей албай бир сооронуп, бир ыйлап, жакынкы эле күндөрдө энесиз калаарын эстегенде асман-жери аңтарылып, түйшөлүп чыкты кызы.

Өзүнөн-өзү куюлушуп, бир дептер толо жазылган кошокту эртең менен апасынын сынына койду анан:


«…Айланып учкан карчыга,

Айланып учат жем үчүн!

Ардагым менин апакем,

Ардагым элең мен үчүн!
Аскар тоом менин кулады,

Алтыным калбай урады!

Алладан келген буйрукка,

Айла жок чыдап турамын!
Армандын баарын айта албайм,

Жолуңдан кайрып, тарта албайм!

О, дүйнө кеткен эртелеп,



Атама салам айта бар!
Алланын болуп буйругу,

Айрылып сизден калдымбы?

Арзыбек, Дөөлөт, Таласбек,

«Апалап» тосуп алдыбы?
Эне дем тарпай тыңшап, ар бир сапты таразалап жаткандай болду да, качан кызы дептердин аягына чыкканда:

– Ии, жакшы! Жакшы айтыпсың, балам! Санаам эми тынчыбадыбы! – деп ыраазы болгондой жүзү тамылжып, ажарына чыга түштү.

– Бардыгынан көңүлүм тынды, – деди эне ошондон кийин. – Бир гана эми Кудайдын куттуу күнүндө балдарымды томсортпой, «Нооруз” өткүчө жанымды уучтай турсам экен!..
Акыркы ирмемдер...
Семетейчиинин бир жолу: «Адамдын жанын Кудай он күн мурун алып коет», – дегени бар.

Айткандай эле акыркы он күнүндө апанын акыбалы кескин өзгөрдү.

Бала-бакырасынан, өзүнүн өлүмтүгүнө көрүлгөн камылгадан, деги эле бул жарык жашоодон көңүлү тынчыгандай, эми аларды таптакыр унутуп коюп, ыраматылык абышкасынын, о дүйнөдөгү балдарынын аттарын атап, баатырлары менен сүйлөшүп, арбактар менен камыр-жумур аралашып эле, ошолор менен эле “жашап” калды.

Баарынан таң калыштуусу, семетейчи Сейдана ошондой учурда дагы, эсине келе калган сайын үзүл-кесил семетейин айта калып атты.


***
2006 – жылдын “Нооруздан” кийинки төртүнчү күнү...

Жүрөгү жай кагып, күрөө тамырлары аста бүлкүлдөп, а бирок бул жарык дүйнөнү эчак эле унутуп таштагандай бут серппей, эки-үч күндөн бери үн да катпай, тынч жаткан эне түшкө маал бир серпиле түшүп, уйкусунан ойгонуп кеткендей болду да:

– Калтырам, Теңирим! Тилегениме калтырам! – деп, жанын сыйпалап, Тилегенин издегендей болду.

Тегеректеп отурган кыз-кыркын, бала-бакыра чурулдап калышты:

– Тилеген кайда?

– Тилегенди тапкылачы?!

– Ушул жерде эмес беле?

– Кайда кетти?

Баласы кечиккен сайын Сейдана апанын жаны кыйналып баратты. Кимдир бирөөлөр аны кыйноого салып жаткандай чабалактап:

– Кайдасың, кагылайын?! “Мойнума алдым” дечи?! Мени кыйнабай, айтчы балам?!.. – деп кара терге чыланып, денеси түйүнчөктөй түйүлүп, кайра жазыла калып атты. Жаны катуу кыйналгандан, балбаалап ыйлап да ийди байбиче.

Жанында тургандар эненин кыйналганын карап тура албай, карбаластап калышты.

Айрыкча акын кызына кыйын болду. Ал апасынын минтип ыйлаганын эч качан көргөн эмес.

– Апа? Апаке?! – деп эненин колдорун жанталаша ушалап, эки көзүнөн мончоктоп куюлган көз жашты өзү да байкабай, энеси үчүн жан арга издеп, бир жаны төрт чарчы болуп кетти.

– Бактыгүл, сен деле айтчы. Тилегендин ордуна: “Мойнума алдым” дечи?! – деп жиберди бир убакта эне.

– Алдым, алдым апакебайым! – шашкалактап калды кызы. – Мойнума алдым!

Так ушул тапта Тилеген да аттап-буттап кирип келип:

– Апаке, мойнума алдым! Апаке?!.. – деп көзүнүн жашын көлдөтүп, бакырып ыйлап жиберди.

Ошондо гана адатынча ыраазы экени жүзүнөн окулуп, созулуп тынч жатып калды да, түбөлүк уйкуга кетти эне...


Тилеген
Тилеген бала кезинен эле көп сүйлөбөгөн, сөзгө өтө сараң болчу. Мектепте да орусча окуп, анын үстүнө алардын балалыгы атеисттик учурга туш келген үчүн го, анча-мынча нерселерге оңой менен ишене бербей, чыгармачыл дүйнөдөн да оолак, реалисттик көз караштагы жигит эле.

Бирок, баягы ирээт апасынын баатырларын көргөндөн тарта мүнөзү саал өзгөргөндөй болду.

Ал эми Кудайга, арбакка убада берип, апасынын өнөрүн улайм дегенден тарта, Тилегендин кыял-жоругунда, турмушунда болуп көрбөгөндөй бурулуштар башталды.

Агынан жарыла ачылып, эң эле шайдоот мүнөз күттү.

Жубайы үчүн, бир туугандары үчүн бул бир жагынан жагымдуу болчу. Ар бири менен ачык-айрым сүйлөшүп, тамашалашып, каткырып күлүп, ансыз да бир тууганчыл, боорукер жаны ого бетер эле төгүлүп-чачылып калды.

Жеке эле жатындаштарына эмес, Тилеген жалпы азык уруусунун туусу өңдүү, башынан эле урук-туугандарынын жамандык-жакшылыгына тегиз карап, ар бири үчүн кам көрүп, калыс карачу. Анын мындай, өзгөчө тууганчыл экенин убагында эч ким этибар албаптыр. Анткени ал ошого милдеттүү сыяктанчу негедир.

Тилегендин кулк-мүнөзүнүн өзгөрүшүнүн дагы бир – экинчи жагы бар эле...

Башта канчалык атеист экенине карабай, эми айылдык имам менен бат-бат жолугушуп, буга чейин өзү эч маани бербей келген бу дүйнө менен а дүйнөнүн сырларына кызыгып, колуна куранды алып, шарыятка көз салып... адам баласын ар дайым курчап, атүгүл аралашып эле бирге жүргөн, а бирок оңой менен көзгө көрүнбөгөн, кулакка угулбаган сырдуу дүйнөнүн сырларын аңтар-теңтер изилдеп, тапкысы келе баштады.

Эгерде өз турмушунда андай сырдуу кубулуштар менен кагылышпаса, алар менен абалкыдай эле эч “аласа-бересеси” жок, убарасыз болбойт беле! Жай турмушту башынан кечирип, күнүмдүк көр-тирлик менен алпурушуп, катын-баласын багып жүрө бермек.

Алмамбеттен аян алуу
Күндөрдүн биринде Тилеген:

– Мени апам: “Семетейди айт. Көп нерселер элге жетпей, айтылбай калды”, – деп атат. А бирок мен түшүмдө Алмамбетти көрдүм. Башка баатырлардан кем калбаган, элдик баатыр болгон экен... Мен анын буга чейин эч бир манасчы айта элек касиеттерин, башкача бир өңүттөрүн таптым. Ошону айтышым керек окшойт, – деди. Ошондон тарта күңгүрөнүп, ары-бери басып, ичинен алда нелерди кайрып, көбүнчө кыңылдап “ырдап”, жалгыздыкты жакшы көрүп калды.


– Мени жалгыз калтыргылачы, – деди бир күнү да жубайына. – Өзүм айтмайын, үстүмө киши кирбесин!

Айтканы – айтканындай болду. Ойлордон тапкан табылгасын кимдир бирөөлөр терезеден көрүп койчудан бетер, айнекти да ичинен чүмбөттөп жаап салып, караңгыга “чумкуп” кирип кетти.

Өзү менен өзү болуп, отуз күндөй “жашынып” жатты.

Бирок, ушул отуз күндүн ичинде ал сырттан тыңшаган кишиге бир канча киши менен опур-топур болуп, алда нелерди кызуу талашып-тартышып жаткандай, жалгыз эместей туюлчу.

Кээде ал жаткан үйдөн дүпүрөп, туяктардын дабышы угулса, бирде найзалардын учтарынын урунушуп “карс-курс” эткени, ызы-чуу, кыйкырык-сүрөөн угулчу.

Күңгүрөнгөн үндөр чыкчу. Бирде туруп Тилегендин бакылдап манас, семетей, алмамбет айтып жатканы эшитилчү.

Баарынан кызыгы, ошол бир ай караңгы үйдө отуруп чыккандан кийин Тилеген башкача обонго салып, куран окуп, башка тилде “ырдап” калды. “Бул – Алмамбеттин тили” дегени бар.

А бирок буга чейин куран окуганды билбеген, эч качан обон созуп ырдабаган адамдын минтип, башкача бир кыраат менен куран окуганы, “ырдаганы” айлана-тегерегиндегилерди таң калтырды.

– Кантип?

– Кайдан? – деген суроолор туш-туштан баш багып, жабалактай калган кездерде гана:

– Алмамбет баатырдан үйрөндүм, – деди бир-эки ирээт.

А бирок, көпчүлүктүн алдында куран окуштан да тартынар эле. Баары бир уяңдыгы, сөзгө сараңдыгы менен бир кездеги атеисттигинин залакасы тийип туруп алды.


***
Ал да кудум апасына окшоп ар кандай аяндар, түштөр аркылуу жазаланып, ансайын өзүн-өзү күнөөлөп:

– Өз башыма тийсе экен?! Балдарыма тийбесе экен!.. Жазаласаң өзүмө көрсөт, Жараткан! – деп киийнки убактарда өзү менен өзү көп сүйлөшүп калчу болду.




Айтуу...
Соңку убактарда аны бирөө кыйнап айттырып жаткандай:

– Ка-ап, оюмду чогултуп, дагы бышырсам жакшы болмок. Чала болуп аткансыйт. Кое туруп айтсам болбойт беле, – деп күңгүрнүп алып жакындарына, бала-бакырасына Алмамбеттен үзүндүлөрдү айта баштады:


Алтын темир курчанган,

Айдай жүзүн нур чалган.

Алты түмөн кол келсе,

Айбыкпай кирип кол салган.

Алты капка Бээжинден,

Атпай кыргыз элине,

Айсарала ат минип,

Алты ай чалып жол салган.

Күмүш темир курчанган,

Күндөй жүзү нур чалган.

Жети түмөн кол келсе,

Желбегей кирип кол салган.

Жети капка Бээжинден,

Жер издеп баатыр жол чалган.

Жекени белге курчанып,

Жетиккенин билгизип,

Жетинин бири Манаска,

Жетилип келип кошулган.

Ободон жылдыз козголгон,

Ойротто жок Манаска,

О дүйнөлүк дос болгон.

Сары алтындан салдырган,

Тагы калган Бээжинде.

Сары талдан сайдырган,

Багы калган Бээжинде.

Арзып сүйүп жетпеген,

Жары клаган Бээжинде.

Алты айланып эмизген,

Апасы калган Бээжинде,

Ардактап багып өстүргөн,

Атасы калган Бээжинде!
***
Алтын айдар, чок белбоо,

Алышса,

Адамдын алы жетпеген,

Арстандын тиши өтпөгөн!

Узун бойлуу, кең далы,

Балбандыгы дагы бар,

Шердин – шери артыкча,

Жүрөгүндө жалы бар!

Түтөгү жок найза алган,

Жалаң кылыч байланган,

Чекири жок кой көздүү,

Сепкили жок ак жүздүү,

Азиз хандын жалгызы,

Айсарала ат минген,

Жал куйругун шарт түйгөн,

Арстан жүрөк Алмамбет...

***
Айткандай эле анын варианты эч бир айтуучуда кезикпеген окуялар, Алмамбет баатырдын жандүйнөсүнө, жеке турмушуна кенен токтолгон толуктоолор менен өзгөчөлөнүп турчу.

Жаңы, эч кимде жок варианттын ыргагы – обону да башкаларга окшобой, өзүнчөлөнүп турар эле. Ал айта баштаганда угуп отурган киши эпостун окуяларына көзгө көрүнбөгөн жип аркылуу байланып, туткундалып калгандай эс-мас болуп, угуп отура бергиси, бул ирмемдерден ажырап кеткиси келбей калаарын Тилеген өзү туйган жок.

Окуянын кызуу жерине келген кезде алда нени эстей койгондой “тып!” токтой калып: “Кандай кабыл алып жатышат? Кокус, күлкүлөрү келген жокпу?” – дегендей айлана-тегерегин карап алып, эч кимисинен андай белги көрүнбөгөн соң гана көңүлү тына түшчү. Ошондо да:


– Эмнегедир, эч ыраазы боло албай жатам. Балким, тартынып жатканым үчүндүр? – деп өзүнө-өзү суроо берип калчу.
Кечирилгис кечигүү...
Ошентип, эки эле жыл ичинде баатырлардан болуп көрбөгөндөй көп маалыматтарды алды.

Жакындарынын ушинтип ишенимдүү айтуусуна далил, анын таптакыр өзгөрүлгөн кулк-мүнөзү, баскан-турганы, айткан-дегендери жана бир нукка түшүп, кадыресе калыптанып, даяр болуп калган “Алмамбет” варианты эле.

Муну убагында Сейдана апа менен кезигишип, анын “Семетейин” изилдеп, кийин анын вариантында “Семетей” китебин жарыкка чыгарган Камила ? да ырастайт. Окумуштуу менен капыл-тапыл кезигип калганында, ага да бул жаңылыгын кабарлап:

– Кудай буюрса, жакын арада “Алмамбеттин” эч кимде жок жаңы вариантын жарыкка чыгарам, – деген экен Тилеген ага.

Бирок ушул варианттын даяр болушуна чейинки жолдун өтө татаал, андан аркысынын... трагедиялуу болуп калаганын айт.
***
Кээде өзүнө-өзү батпай, толкуп-ташып калат Тилеген. Андайда жалгыздап отуруп алып, опурулуп-жапырылып эпос айтат. Качан гана кара жумуш жасагандай кара терге түшүп, чарчап суй жыгылганда токтойт да: “Өх-х!” – деп эс ала түшөт. А кээде жымылдаган жымжырттыкка тунуп, өзү менен өзү болуп тунжурап калат.

А бирок өз дүйнөсүндө болуп жаткан, башкаларга туңгуюк нерселердин баарын эле ачыкка чыгара бербей, кээде гана оюндагыны сыртка акырын “окуп” коёт:

– “Элге айт, көпчүлүккө айт” деп атышат... А бирок, мен даярмынбы, жокпу, билбей жатам, – деди бир күнү акын карындашына. – Бул өтө чоң жоопкерчилик да.

– Эгерде баатырлар ишенип “айт” деп атса, анда даяр экениңиз ошо эмеспи? Же аларга да ишенбейсизби?


Тилеген акын ккарындашынын жообуна ынанып калгандай, унчукпай калган. Ошол сөз оюнда жүргөн окшойт, бир күнү анан:

– Сен акынсың го, Бакы, Алмамбет тууралуу менин жаңы табылгаларым, деги бул үчилтиктен сырткары жаңы варианттын пайда болушу коомчулукту таң калтырбайбы? Элге өөн учурабайбы? – деди.

– Тескерисинче жаңылык эмеспи! Болгондо да чоң сенсация, адабиятка толуктоо болбойбу, аке!

– Чынбы?


– Албетте!

– Анда болду! Мени баатырлар Манас-атанын күмбөзүндө күтүп атышат... Үч күндүн ичинде барып калышым керек экен. Ошол жакка барып, бата алып келейин да, тобокел кылайын.

– Ошентиңиз!

Айткандай эле чоң бир салтанатка, майрамга барчудай маңдайы жарыла кубанып, башкача шайдооттонуп, жолго чыкканы камынып калды Тилеген.

Бул жол – ага жатталып бүткөн, эзелтеден тааныш жол.

Бу жолу да кудум апасы бардагыдай бапырап, Таласка алып барчу союшун камдап, эшиктин алдына байлап койду...


***
Айтмакчы, буга чейинки Таласка барышында бир кызык окуя болгон. Анда да ушинтип камданып, күмбөзгө алып барчу союшун камдап жатса, баатырлары аны токтотуп:

“Бул жактан артынбай эле кой, жол жүрүп бара берсең, союлчу мал Таластан өзү күтүп алат”, – дейт.

“Бул чындыкпы же жөн эле... алдамчы түшпү?” – деп ары кетип, бери кетип, акыры камынбай эле жөнөмөй болот. Аны уккан жубайы да ишенбей:

– Кантип эле “мени сой” деп, жолдо күтүп турсун? Же Таласта камдап койгон бирөө-жарым болбосо... – дейт.

– Эми бара береличи, Гүкү...

Ошентип, Таласка жетээр-жеткиче экөө өз-өзүнчө, ичтеринде кымылдап: “Эми кандай болор экен?” – деп барат.

– Балким базарга барарбыз? – дейт жубайы. – Куру эле бара беребизби?

– Буюрганы болор...

Айткандай эле, алар Манас-атанын күмбөзүнө аз калганда, капыл-тапыл эле алдыларынан Тилегендин бир эски, кыйышпай турган таанышы жолугуп калат. Ал-акыбал сурашып, сагынычтары тарабай кылчакташып калышат.

– Кайда баратасың? – дейт тааныш. Тилеген бараткан багытын айтат.

– О, дос! Анда мага кайрыла кет! Бир жакшылыкка жарайт деп байлаган бодом бар, жолукканыбыздын урматына ошону берейин! Ата-бабалардын арбагы ыраазы болсун! Мына бул эле, жакын жердебиз!

Ошондо Гүкүнүн таң калганын айтпа.

“Акыл – жугушат, талант – оошот” болуп, ата-энесинин алдын ала айтуучулугу мында да бар тура...” – деген ой “тык!” эте калган, көкүрөк-көңүлүнө.
***
Жолго бу саам чоң максат, чоң ишеним менен камынды эле Тилеген. Анткени, алдыда аны баатырларынын батасы менен бирге, көптөн бери көкүрөк-көңүлү, акыл-туюмуна түгүл, тулку-боюна батпай чатырап, бышып-жетилип турган жаңылыгын элге айтып, ачыкка чыгара турган убакыт-сааты күтүп аткан!..

Ошол күндү, ошол учурду сагынгандай, тээ алды тарапка умсуна карайт.

Анан, ошончо нерсени ичине катып, батырып, көтөрүп жүрүү оңойбу?! Ансыз да калбаат, оор денеси ого бетер салмактанып... Теңирден түшкөн маалыматтар менен кошо ойлор, санаркоолор мээге батпай, сыйышпай кеткендей башынын кан тамырлары чыңалып, мына-мына азыр “тарс!” этип жарылып кетүүчүдөй чатырап чыгат да, тээ бир убакта кайра жанып кетет...
***

Улам-улам мечитке чуркап барып, кайра чуркап келип, жол карап:

– Бүгүндөн калбай барышым керек эле! – деп чыдамы кетип баратты.

– Аке, бара бербейт белеңиз? – дейт анын акыбалын туюп, түшүнүп турган акын кыз.

– Имамды ала барсамбы дедим эле, бир жакка кеткен экен, кечигип келбей атпайбы... Ка-ап, күн мурун айтып койсом болмок экен. Мындай шашылыш болорун билбей калбадымбы...
Өзүн алаксыткысы келдиби, бир убакта анан күпүлдөп манас айта баштады.

Акын кыз да агасынын Теңирден келген касиетке толугу менен моюн сунуп, айтуучулук өнөргө чындап берилип, атүгүл эми жандүйнөсүндөгү “жашоону” ачыкка чыгарууга шашып калганына кубанып, жаңы варианттагы жаңы окуяларга кызыгуусу артып, ошол күндү чыдамсызданып күтүп калды.

А бирок, ал күн болбой калды!

Анткени, Тилеген Таласка – баатырлар менен “кездешүүгө” кечигип, бара албай калып!..

Баатырлар да болочок айтуучуну Манас-атанын күмбөзүндө ошол үч күн чоң үмүт, чоң ишеним менен күтүп, акыры күңгүрөнүп тарашты...

Ошол күнү күн күркүрөп, чагылгандар асман-жердин ортосунда катуу бир каршы-терши сайылып алды!..

Коңурбайдын Манасты сайганын айтып жатып, акын кыздын көз алдында “шылк!” дей түштү Тилеген!
***
Өмүрүнүн акыркы күндөрүндө семетейчи эне: “Балдарымдын алдына кетсем экен, Кудай?!” – деп эле зар какшап калган.

Көрсө, ушундай күн болоорун билген экен...

Кудайга үнү жетип: “Тилегеним, мойнуңа алып койчу?!” – дегени да ошондон окшобойбу...

Алды, уулу. А бирок ата сакалы ээгине бүтсө деле калбаган тартынчаактыгы, уяңдыгы анын душманы болду... Тулку боюна батпай кетен таланттын күчүнө, кудум электр кубатына окшоп, кан тамырын тээп, чатыраап чыккан чыңалууга туруштук бере албай калды, кайран жан..!


***
Ичинде кетти! Ичинде кетти, баары!..

Жок, бул – айкөл аганын эки жыл ичинде аябагандай күч, эрк жумшап, Алладан алган алтындай белеги өзү менен кошо жок болду деген сөз эмес!

Болгону гана эл ошону өз оозунан укпай калганы, чиркин!

Болбосо, апасы кенедейинен “Куйма кулак кызым” деп атаган акын кыз Бактыгүл Сейитбекова апасынын да, агасынын да варианттарын көкүрөгүнө, көңүлүнө сөзмө-сөз жаттап, кайра аны ак кагазга түшүрүп сактап, аздектеп тутуп калган!

“Ар дайым угуп жүргөнүм үчүн алардын баары акыл-сезимимде жазылып калыптыр”, – дейт табиятынан жөнөкөй, а бирок ападан да, агадан да талант жагынан кем калбаган акын кыз.

“Качандыр бир сиздин да эл алдына эпос айтып чыгышыңыз мүмкүнбү?” – деген чыдамы жок сурообузга:

“Ал – Кудайдын колундагы иш”, – дейт.

Семетейчи Сейдананын акын кызына антип кайрылуумдун себеби бар. Балким, 2006-жылдын 24-мартындагы, бу дүйнөдөн көзү өтүп бараткан семетейчи-эненин:

“Тилеген жок болсо, сен деле мойнума алдым деп айтчы, кызым?!” – дегени эсиңиздедир?..

“Алдым, апакебай, алдым!” – деп ийбеди беле акын кыз...


***
Ооба, бул жашоо – кереметке бай.

Анын биз билип, али биле элек сырлары, учу-кыйры... о, чексиз, түпсүз...


Бишкек,

27-август, 2009-жыл.

Саат 16.11.



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет