III чү бап
Айтканындай Никола Макиевеллинин:
Үч жолу бар бул бийликке келүүнүн:
1-си Атадан мурас калат балага,
2-си төңкөрүшчүл жеңүүнүн.
Аркасында 3-сү Акыйкат,
Шайлоо менен берилмекчи алтын так.
Кандай сонун убадалар ишенич,
Менен келген Акаев да жаркылдап.
Не болду анан? Империя бузулган,
Заман келди, тос-тополоң, будуң-чаң.
Ким не болду? Быржыбайды там басты,
Өттүк жапырт капсалаңдуу учурдан.
Ыйыктарды тебеледик топурап,
Көкүлдүүлөр ойго батып чокулап.
Нес кылышат. Кыйратпасын жылмайып,
Бир кашка баш алтын такта отурат.
О, эмне бар? Ар ким тал-тал кармаган,
Агып барат Абийир арыжок, кайда Адам?
Машакат бар көр тирликке көмүлгөн,
Саясат бар өз эл-журтун алдаган.
Безилдешет: «Жеди, жеди, ой кокуй!»
Карышкырлуу, ууру заман арман, ый.
Өлүп баратсаң оозго суу тамызып,
Жаш баладай берип коет момпосуй.
Доор өтсө аныктайт го тарыхчы,
Кокуйлашып мал уурдахкан айыпчуу.
Бүт дүйнөнү келет күн-түн кыдырып,
Акаев да ээ, жылмайган кайырчы.
Эл тилемчи. Каракчы уулу дагы бар,
Жарааттарды мезгил өзү дарылар.
Азаматтар, кайда эми журт баккан,
Кайда, кайда ээ, нускалуу карылар?
Кирпик какпай, уйкусуз таң атырам,
Беймалы түн, кыжаалат түн, ачуу таң.
Кайда, кайда патриоттор силерди
Улуу дух жан көтөрүлүшкө чакырам!
20-декабрь, 2004 жыл - 24-март, 2005 жыл.
Сен өзүң турмушсуң
Эртең, бүгүн, эртеби-кеч,
Карайлаган болот бир-кез,
Калган өндүү талаада кеч...
Таштанды зар баладайсың,
Тагдыр эч бир эркелетпейт.
Шон үчүн, дос, айткан бар сөз:
Туулгандан бөпөлөгөн,
Тайталатып жетелеген,
Турмуш,-
Сенин Атаң эмес!
Турмуш,-
Сенин Апаң эмес!
Андыктан, дос, сак, сабыр эт,
Жазмыш маңдай сылбайт эч,
Чыдаш.керек болмуштарга,
Чыйрал, бышкын, акыл пештеп,
Тутант үмүт чырактарын,
Турмуш,
Тырмыш, аска беттеп!..
Тууган экен, дос-жарың да,
Душман болуп турганыңда,
Турмушка.сен урмуш, урмуш
Турмушкка бер, тур, буруп кет.
Өчпөй күйсүн көкөйүңдө
Намыс, намыс леген өрт сөз!
Таарыныч кылбай, кел-келишимге,
Акылдууга тагдыр элпек.
Тикеңжен тур коркунучта,
Тиштей сынбай, тилдей болгун,
Балык болуп, сүзүш керек.
Жылчыгы жок түн бассаң да,
Башты кайгы муң басса да,
Үмүт жиби эч үзүлбөйт!..
турмуш деген,-
атаң эмес!
Турмуш деген,-
Энең эмес!
Туулгандан бөпөлөгөн,
Же жалбарган көлөкөңөн,
Ал сокурдун таягындай
Тагдыр менен жетелеген.
Сыйрыйт териң жапайлар,
Сыйрат майың ачуу, заң, заар.
Териңдин чык ал сокур көз.
Мээнде "бомба-жарылмайын,
Гений эмес-сен кеңкелес.
Идиотсуң адам да эмес
Тикеңден тур!
Максатына жет!
Адал болсун тилек да, нээт!
Турган кезде жаалданып
Турмуш менен сен бетме-бет!
Өлмөйүнчө күрөш жүргөн,
Улуу казат жан алакет
Өзүңдөй өл өжөр да көк.
Башканы сен не кыласың,
Балээңе не тыңсынасың,
өзүндү жең, алгая ирет.
Даярлангын, аярлангын,
Даңк акчаны тебелеп кет.
Бир аялдан жаңылбагын,
А калганы эч нерсе эмес.
Кылдай ичте кир, болбосун,
Кыяннат кылба адамга эч.
Жайдары да, митаам куу бол,
Жарык босун ой, акыл-эс.
Туталанган балаңдай чыр,
Туура сылык, мамиле кыл,
Жашоонун өз мыйзамы бар,
Жаңылышсаң бүттү-крест!Х
Турмуш сенин Папаң-дагы,
Турмуш сенин маман, да эмес!
Ийри киши
Түз көчөдө ийри киши жашаган,
Көрдүйнөгө не назары ая адам.
Какшыкчы эле, жөн сүйлөчү эмес ал,
Куудулданчу, кургак чыкчу суудан ал.
Тыңчынчу эле, тың жашачу маалээде,
Жыйыңдарда кеп бербеген балээ эле,
Жааткычтай ийри туруп чыңдыкты.
Таамай атчу,же көрчү эле Кулдукту,
Намыс менен ар бир эле дээринен,
Кездери бар көтөрүлгөн ээриген,
Кездери бар көтөрүлгөн ээриген...
Адам эле акпейил жан эмгектүү,
Кээде сөкчү ал Айылдык Өкмөтү
Кээде өлтүрчү саясатты эрмектеп,
Кейип кетчү: "эмне мындай болбойт" деп,
Кедей жакыр эл да далай ийди бел,
Билбейт эле, арбын болчу ийрилер
Каарланып кемпирине Хан болчу,
Ийри киши, бир кызыктай жан болчу,
Эрдик кылып көргөм дечү канмайдан,
"Мурутун жулдум Гитлердин чычайган".
А чынын да көргөн эмес урушту,
Кызмат кылган батольондо жумушчу.
Чумолор деп сөөк чапчып какшатчу,
Айгакчы эле, о, ченде жок калпты айтчу.
Сүйлөсө эле, ийри киши сүйлөсүн,
Куралбаган кыялдагы дүйнөсүн.
Түз көчөдө ийри киши жашаган,
Ал эски эле, гүлдөп турса жаш Аалам!...
Ал картайды, өзүнө жан теңебей,
Бүкүрөйдү тагя да жөлөбөй,
Бүгүн таңда өлүм аны уктатты
Ийри киши табытында түз жатты.
Фазуль-Карыптын олуялыгы туурасында ой жүгүртүү же
Үсөн Сыдыкович менен бийлик туурасында маслехат
Үсөн агай,
Үч эмес, миң жыл мурун,
Фазуль-карып ойлоп элдин тагдырын.
Жазган экен бир падыша жөнүндө
Шыпыргы каш, жайдан мүнөз кашка баш.
Заман анда бүлгүн түшүп сел жүрөт.
Тынтыракайы чыгат Кыргыз журтунун
Чилдей тарап эл ошондо тентирейт.
Андан кийин,
Жука эрин, бүтүк көз
Сыпаа-сылык аял мүнөз - сайпана,
Бир падыша жыйналбай чачылган.
Элин, мүлкүн башын мыкчып катырган
Эси оойт... А да кетет кызматтан
Өлкө ичинде бүлүк түшөт кайта да.
А журт болсо баягыдай чырдашкан
Баардык көздө –
Коркунуч, шек, муң баскан
Анан шоңдо Пил мүңөздүү кабалтең,
Кысталышта ач албарстай жалт эткен
Буура сындуу,
Кышта кирген булкулдап
Жарык кабак,
Элдин ачкан ажатын.
Чыгаралган өлкөсүн чырайын.
Келечектин эң бир айкын жолун чаап,
А тилинен мөөрү бар жүрөккө,
Чындык менен калпты каарып өрт кеткен.
Бир Падыша
Акыйкаттын алдында
Жер жандар да солк эткен.
Жарайт элдин багына,.
Бек олтурат,
Алтын сүрдүү тагына.
Дал ошондо
Кыргыз журту түптөлөт.
Оозуна аш,
А колуна иш берет.
Бир түптөлсө кыргыз шондо түптөлөт.
А болбосо оокаты өтпөй мөгдүрөйт.
Жок, ал кезде
Айланып зор Каганатка кыргыз эл.
Жаханга ач арстан менсирейт!
Журт гүлдөгөн
Убак болот ал учур,
Койду дагы жегиси келбей калат карышкыр.
....мекен кылым эмес,
Доорлорго ой учур.
Пил мүнөздүү жана өрт сөздүү,
Арстан көздүү Чырайымдуу, акыл-эстүү
Падышанын мүнөздөрүнүн дал ушул
Касиеттерди сизден көрөм бир алтын.
О, Иншалла!
Жараткандын өкүмү
Кыргыз деген
Үстүндөгү мамлекеттин өкүлү
Үсөн ага, сиз деп билем
Сизге калп да, мага чын.
Сиз болбоңуз дал ошол ....
Чыгаан атуул кайраткер,
Аябаган жүрөк отун, көз курчун.
Аяган жан боор кыргыздары өз журтун
« Бийик, ыйык өтөп Мекен карызын.
Бек болуңуз,
Тээк болуңуз,
Жоо алалгыс чеп болуңуз,
Биз дебейли эч убакта
Ай аттин?!
А болбосо, ошо Пааша ким болду экен?
Ким болду экен?
"Манассия" деп аталган,
Айланып зор империяга, державага
Качан гүлдөйт Кыргызмекен?!
* * *
Кыргыздын турпагынан өскөн үйлөр,-
Мобул айыл "Арчабешик"
Кыргыздын топурагынан өскөн гүлдөр,-
Баратам шүүдүрүмдүү чөптү кечип...
Бабалардын сөөгүнөн
Чыккан катуу чырпыктуу шыбактар да.
(Жүрөт дешет
Ак кийинген, ак чач сакал Пайгамбар чал
Түнкүсүн эл уктарда...
Ар үйгө кирип чыгып, баштан сылап...)
Кырылышкан кыргыз-кытай
Дал ушул Чүй талаасында
Бир жылы кызгалдак жаайт кыраңдарда
Бир жылы чогойно өсөт - каргыш,наала.
Шыбактардын түптөрүнөн
Баш көтөрөт байчечекей, мандалак
Ийилет желге чийлер...
Көмүлгөн нечен-нечен бейиттерде
Төбөсү түшкөн көрлөр, чуңкурларда,
Жоокерлер,
Жахангирлер...
Бул жерде бабалардны сөөгү, алтын башы
калган,
Түйүлүп муштум кектей ташы калган.
Искесем эрмениңди, шыбагыңды,
Эзелки кайгыга жык ачуу арман.
Өлбөй-өчпөй
дал ушул күнгө жеткен
Кыргызстан!
Кырк гуз уруу тукумуң Кыргыз Бабам,
Махабатым Россияга тең келген
Манассиям!.-
Өлкөм, сени
Өзүмдү эмес, мен атагың даңазалайм.
Калем учтан тамгаң тарых кара сыяң,
Тамгаң болуп калсамчы жаза турган.
Манассиям!..
Орол, Едил, Енесай, Алтай, Кызылжарың жана
Саян,
Кызыл-Сууң башка өлкөгө каратылган,
Манассиям!..
Сызылат кара тердей маңдайымдан,
Жаның ыр, кандай тамган жаратындан,
Казалым, казатым сен, Манассиям!
Бергиле, Аталар кайратыңдан?!
Бергиле, Энелер көз жашыңардан?!
Мен ысык тамчыңдан жаратылгам,
Силердин сүйүү, үмүт, сагынычыңардан...
Тегеран, Жер, айнанайын! - дейм Олжастай,
Тээ, шакмар бет тентегиңди, борс-борс үргөн
Күчүгүңдү
Сүйөм байкуш кичинекей мол Мекеним!
Алдыдагы жарыктагы
Тарыхтагы кайра жарал зор державам
Рухтун империясы Манассиям Манас - уям
Зымырык куштай күйүп күлдөн пайда болуп
«Жарт» куулжуп
Феникстей жаралып кайра сенден алыска учам.
Жаңы кан агындагы гений элди
Нью-Бишкек шаарын көрүп турам.
Аликтин күндүз күйгөн "Чырагы"
Алик Акималиев тээ, сексенинчи жылдардын ортосунда эле жаңыча ойлонгондугу, окурмандар көнүп калган сырткы уйкаштык, ритмадан четтеп, бирок ошол эле учурда жазган ырынын тулкусунда поэзиянын ыргагын сактап, олуттуу философиялык корутунду чыгарып, окурманды ойлонтуп койгондугу менен поэзия күйөрмандарынын көзүнө урунган. Аликтин акындык чеберчилиги уламдан улам бийиктеп өсүү менен 2004-жылы жарык көргөн "Чырак" деген китебинде кыйла ийгиликтерге жетишкен. Анда түрдүү ыргакты, түрдүү саптарды айкалыштырып, ыр саптары бирде эзелтеден көнүп калган сыңар уйкаштыкка түшсө, бирде ак ырга айланып, бирде бийикти карай оболоп, бирде жайлап, бирде куушурулуп төмөн карай кетип, айтор бүтүндөй жашоо-турмушту чагылдырып, анын оош-кыйышын, жаман-жакшысын, оң-тетирисин чырак сымал көрсөтөт. Окуган адамды эргитип, поэзия ку марына тартат.
"Акын - сезгич, басмырт, же курч, же өктөм,
Тайманбайт ал Президенттен, желдеттен.
Ажыдаарлар башын сөзү кыя чаап,
Акыйкатта кылыч болот жалт эткен!” - деп "Жападан жалгыз акынга" деген ырында акынга өтө жогору баа берсе, ошол эле ырында:
"Кечирип кой, акында бар ит кыял,
Акын - уяң, алсыз, сейрек, жылдыз ал.
Коендон да коркок кээде элеңдеп,,
Айбаттанса арстандан сүрдүү ал", - деп акындын образын жөнөкөй эле сөздөр менен ачып берет. Акын деле жөнөкөй адам экендигин, бирок анын ырынын күчү кылычтан курч, болоттон өткүр, бийликтен суүдүү экендигин айтат.
"Ханда жок байлык менде бар,
Менде жок байлык элде бар,
Ырларым барда,
Мен үчүн
Миллиардер Сорос, Агахан,
Билл Гейтс дагын кембагал", - деп рухий байлыктын кымбаттыгын, баа жеткистигин, ар кандай материалдык байлыктан жогору тураарын таасын чагылдырат.
Айтор, Аликтин "Чырактагы" ырларын окуган адам толкунданбай, эргибей койбойт. Поэзиянын шыңгыраган деми уруп, анын ырларын окуп жатканда таштан ташка урунуп, көбүгүн асманга серпип аккан тоо суусундай бууракандап кеткенинди байкабай каласың.
1937-ж. 26-апрелде Германия авиациясы бомбалап талкалаган Испаниянын бакстар өлкөсүндөгү? Герника шаары жөнүндө улуу П.Пикассонун 'Герника" аттуу картинасындагы ойлорду андан ары тереңдетип, А-Акималиев "Герника" деген роман жазган. Роман айрым майдаланып кеткен жерлерине карабастан чыгармачылык эргүү, толгонуу менен өзүнчө стилде, өзгөчө ыкмада кыйла түзүк жазылган. Анда автор адамзаттын адамзатты жок кылууга болгон аракетин күнөөлөйт, дүйнөдөгү болгон чоң-кичине согуштардын, ал түгүл Дордойдогу жардырууга чейинки кылмыштардын адамзаттын өнүгүшүнө тоскоолдук кылып жатканына кейийт, адамдын адамга жасаган кыянаттыгын, арактын кесепети согуштан да жаман экендигин далилдейт, дин, ынтымак-ырашкердик жөнүндө кеңири сөз кылат. Адамдарды биримдикке, бирин бири түшүнүүгө чакырат. Ушул эле ойду "Чырак" деген ырында улантып, чаламандын чак түшүндө чырак кармап адам издеп жүргөндүгүн айтат. "Жерден жарака кетсе, акындын жүрөгү аркылуу өтөт", -демекчи А.Акималиев ошол сүрөт аркылуу өз мекениндеги, деги эле дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдү, элдин жашоотурмушун, мекенине болгон өзүнүн ыйык парызын жүрөгүнөн өткөрөт.
"Матера менен коштошуу" деген балладасында жер бетинен жок болуп кеткен дүйнөдөгү үч чоң кыштак, анын ичинде Токтогул суу сактагычынын алдында калган Акчий-Карасуу айылы жөнүндө каңырыгы түтөп эскерип, суу астында калган көрүстөндөрдүн тагдырына кейип, абдан кабатырланат. "Көл түбүндө эл жашаган жер калып" деп ошол мезгилде кыштакты бузуп жаткандагы элдин нааразылыгын, ата конуштун тынчтык, бейпилдик эле мезгилинде суу астына кетип жаткан трагедиясын өтө элестүү, таасирдүү, көркөм чагылдырат. Бул ырды окуу менен суу сактагыч деле элдин жашоо-турмушу, келечеги үчүн курулуп жатканын түшүнүүгө аракет кылсаң да, кечээ эле турмуш кайнап турган жердин мелмилдеген кел алдында калганына зээниң кейибей койбойт. Деги эле акындын ар бир ырында мекенге болгон сүйүүсү жалындап күйүп турат.
Китепке киргизилген "Сүйүнааме" деген лирикалык романынын үзүндүсү, "Айдагы кыз" деген жомогу, "Троллейбустар"деген минипоэмасы, "Некролог".деген ыры, деги эле көптөгөн ырлары Аликке гана таандык ыкма менен жазылган. Окурманды эргитип, ойлонтуучу, толгонтуучу саптары көп.
А.Акималиев поэзиянын жүгүн терең түшүнгөн, өзү айткандай бала кезинен "кызыл үйдөн" китептерин калтырбай окуп, дүйнөлүк адабияттан кабары бар акын. Ырлары менен жаза турган предметинин жөн гана сүрөтүн тартпастан, аны ар тараптан изилдөөгө аракеттенип, башкалар көрбөгөн, ойлобогон жактарын айтат. Мурда анын ырларын окубаган адамды "Ой, бул Алик чын эле чоң акын турбайбы!?" деген деңгээлге жеткирет.
Аликтин ырларын окуп отуруп, жөнөкөй эле сөздү кыябы менен колдонсо накта поэзияга айланаарына ишенесиң.
Азырынча А.Акималиевдин чыгармачылыгы изилдене элек, адабий сынчылардын айрым гана үзүл-кесил пикирлери болбосо менин баамымда ырларын тереңдеп талдап, өз баасын бергендер алиге жок. Бирок, бул албетте келечектин иши. Мен адабиятчы же сынчы эмесмин, тек гана Аликтин "Чырагын" окуп чыккандан кийин окурман катары азыноолак пикиримди билдирдим.
Акын катары А.Акималиевдин келечеги алдыда. Азыр жаныдан гана элүүгө толуп, баралына келип турган кези. Элүү жашың кут болуп, эл үчүн далай-далай мыкты ырларды - нукура поэзияны жарата бер демекчимин. Ошондой эле А.Акималиевдин "Чырак" деген ыр китебин кандай гана адабий сыйлыкка көрсөтсө көтөрүп кетүүгө күчү жетет деп ойлойм жана андай сыйлыктар акын үчүн шыгына шык, талантына талант кошуп, байгеге кошулган тулпарды. Сүйрөгөндөй дем күч берет эле демекчимин.
Ысмайыл КАДЫРОВ
Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү,
КР маданиятына змгек сиңирген ишмер
КИТЕПТЕР ИРЕТИ
-
Бала мышык
-
Күнөстүү элет
-
Чырак
-
Ханда жок байлык Манассия
© Акималиев А., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Достарыңызбен бөлісу: |