4. (КР 2006-жылдын 19-июлундагы N 121 Мыйзамына ылайык алынып салынды)
23-статья. Бажы чегарасы аркылуу товарларды алып өтүүдө жөнгө
салуунун тарифтик эмес чараларын сактоо
1. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүүгө тыюу салынган товарлар, эгерде ушул Кодексте же Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын чегинен дароо тышка чыгарууга тийиш. Товарларды ташып чыгарууну жүк ташуучу жүргүзөт. Товарларды дароо чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк болбосо же дароо ташып кетүү ишке ашпай турган болсо, товарлар убактылуу сактоо кампаларына же бажы контролунун зонасы болуп саналган башка жерлерге товарларды алып келген жактардын эсебинен коюлат. Мындай товарларды сактоо мөөнөтүнүн чеги, эгерде Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен товарлардын айрым категорияларына карата башка мөөнөт каралбаса, үч сутканы түзөт. Бул мөөнөт аяктагандан кийин аталган товарларды тескөө ушул Кодекске ылайык жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүүгө чек коюлган товарларды ташып келүүгө жол берилет, ал эми ушул Кодексте каралган учурларда тышкы сооданы жана тышкы экономикалык иштин башка түрлөрүн тарифтик эмес жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген талаптарды сактоо шарты менен бажы органдары тарабынан чыгарылат.
2. Ташып кетүүгө тыюу салынган товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары иш жүзүндө ташылып кетиши иш жүзүндө мүмкүн эмес.
Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары ташып кетүүгө чек коюлган товарлар тышкы соода жана тышкы экономикалык иштин башка түрлөрүн тарифтик эмес жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген талаптарды сактоо шарты менен бажы органдары тарабынан ташып кетүүгө уруксат кылынат.
3. Товарларды ташыган жактарда, декларанттарда, жүк ташуучуларда же башка жактарда Кыргыз Республикасынын бажы аймагына товарларды ташып келүүгө же ал аймактан ташып кетүүгө тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактоого байланыштуу келип чыккан чыгымдарды бажы органдары тарабынан орду толтурулбайт.
24-статья. Товарларды пайдалануу жана тескөө
1. Эч ким товарларды ушул Кодексте каралган тартипте жана шартта чыгарганга чейин башкача пайдаланууга жана тескөөгө укуксуз.
2. Товарлар чыгарылгандан кийин аларды пайдалануу жана тескөө белгилүү бир бажы режиминин шарттарына ылайык жүргүзүлөт.
25-статья. Шарттуу чыгаруу
1. Төмөндөгүдөй учурда:
1) эгерде бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча жеңилдиктер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларды пайдалануу жана тескөө боюнча чектөөлөр менен коштолсо;
2) эгерде товарлар бажы кампасынын бажы режимине, алым төлөөсүз соода дүкөнүнө, бажы аймагында кайра иштетилүүгө, бажы контролу алдында кайра иштетилүүгө, убактылуу алып кирүүгө, реэкспортко, бажы транзитине, жок кылынууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алынып келинген товарларга карата колдонулуучу атайын бажы режимдерине коюлса;
3) эгерде товарлар "Кыргыз Республикасында тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленген чектөөлөрдүн сакталышын ырастаган документтер менен маалыматтар берилбестен чыгарылса товарлар шарттуу түрдө чыгарылууга тийиш;
4) товардын убактылуу (шарттуу) бааланышында.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча жеңилдиктер берилген шарттуу түрдө чыгарылган товарлар жеңилдиктер берилген тийиштүү шарттарга ылайык максаттарда гана пайдаланылышы мүмкүн.
Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген чектөөлөрдүн сакталгандыгын ырастаган документтер берилбестен бажы органы тарабынан чыгарылып берилген, үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө, анын ичинде аларды сатуу же башка ыкма менен ээликтен ажыратуу жолу менен өткөрүп берүүгө тыюу салынган, ал эми аталган товарларды ташып келүүгө карата чектөөлөр мындай товарлардын сапатын жана коопсуздугун текшерүүгө байланыштуу белгиленсе, аларды кандай формада болсун пайдаланууга (эксплуатациялоого, керектөөгө) тыюу салынат.
3. Шарттуу чыгарылган товарлар чет өлкөлүк товарлардын статусуна ээ болушат.
4. Эркин жүгүртүү үчүн чыгарууга билдирме берилген товарлар, бажы алымдарын, салыктарын төлөө мөөнөтү кийинкиге калтырылса же бөлүп төлөө, берилсе шарттуу чыгарылган деп эсептелинет.
(КР 2008-жылдын 5-августундагы N 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
26-статья. Кепилдик
Бажы контролдугу астында турган товарларга карата бажы органдары жактардан ушул Кодексте белгиленген милдеттерди талаптагыдай аткаруу, анын ичинде бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу түрүндө аткарууга кепилдик берүүнү талап кылууга укуктуу, ал ушул Кодексте каралган формада жана тартипте жүргүзөт.
II БӨЛҮМ
ТОВАР ЧЫГАРЫЛГАН ӨЛКӨ. ТЫШКЫ ЭКОНОМИКАЛЫК
ИШТИН ТОВАРДЫК НОМЕНКЛАТУРАСЫ
4-Глава
Товар чыгарылган өлкөнү аныктоо
27-статья. Ушул главаны колдонуу чөйрөсү
Товар чыгарылган өлкөнү аныктоо тышкы экономикалык ишти жөнгө салуунун бажы-тарифтик жана (же) тарифтик эмес чараларын колдонуу товар чыгарылган өлкөгө байланыштуу болгон бардык учурларда ушул главанын жоболоруна ылайык жүргүзүлөт.
28-статья. Товар чыгарылган өлкөнү аныктоо
1. Товар чыгарылган өлкөнү аныктоонун принциби колдонулуп жүргөн эларалык тажрыйбага негизделет.
2. Ушул Кодексте белгиленген критерийлерге ылайык же ушул Кодекстин жоболоруна ылайык товар толугу менен чыгарылган же жеткиликтүү иштетүүгө/кайра иштетүүгө коюлган өлкө деп эсептелет. Мында товар чыгарылган өлкө деп, эгерде товардын чыгышын аныктоо максаты үчүн аларды бөлүп көрсөтүү зарылчылыгы болсо, өлкөлөрдүн тобу, өлкөлөрдүн бажы бирликтери, региондор же өлкөнүн бир бөлүгү түшүнүлүшү мүмкүн.
29-статья. Өлкөнүн өзүндө толугу менен чыгарылган товарлар
Өлкөнүн өзүндө толугу менен чыгарылган товарлар деп төмөнкүлөр эсептелет:
1) ошол өлкөнүн жер казынасынан, анын аймагындагы деңизден же деңиз түбүнөн казылып алынган пайдалуу кендер;
2) өлкөнүн өзүндө өстүрүлгөн же чогултулган өсүмдүк продукциясы;
3) өлкөнүн өзүндө туулган жана өстүрүлгөн тирүү жаныбарлар;
4) өлкөнүн өзүндө өстүрүлгөн жаныбарлардан алынган продукция;
5) өлкөнүн өзүндө аңчылык жана балык уулоонун натыйжасында алынган продукция;
6) деңизде балык уулоо промыселинин продукциясы жана ошол өлкөнүн кемеси болбосо ал ижарага алган (фрахталаган) кеме менен алынган деңиз промыслосунан башка продукциялар;
7) ошол өлкөнүн кайра иштетүүчү кемесинин бортунда алынган ушул статьянын 6-пунктчасында көрсөтүлгөн гана продукциялар;
8) ошол өлкөнүн деңизинин түбүнөн же аймактык деңизинен тышкары жердеги деңиз түбүнөн алынган продукция, ал өлкө ошол деңиз түбүн же деңиз алдындагы жер казынасын иштетүүгө өзгөчө укугу болгондо;
9) ошол өлкөдө кайра иштетүү боюнча өндүрүштүк же башка операциялардын натыйжасындагы калдыктар жана темир сыныктары (экинчи жолу иштетилүүчү чийки зат), ошондой эле ошол өлкөдө чогултулган, мурда колдонуудагы буюмдар жана кайра иштетүү үчүн гана жарактуу болгон чийки зат;
10) ошол өлкөгө таандык же болбосо ижарага алган (фрахталаган) космос кемесинде ачык космосто алынган жогорку технологиянын продукциясы;
11) ушул статьянын 1-10-пунктчаларында көрсөтүлгөн продукциялардан гана ошол өлкөнүн өзүндө алынган товарлар.
30-статья. Товарларды бышыктап иштеп чыгуу/кайра иштетүү
критерийлери
1. Эгерде, товар чыгарууга эки же андан ашык өлкө катышса, товарды ушул статьянын жоболоруна ылайык бышыктап иштеп чыгуу/кайра иштетүү критерийлерине жооп бергендей иштеп чыгуу/кайра иштетүү же даярдоо боюнча акыркы операцияларды жүргүзгөн өлкө товар чыгарылган өлкө деп эсептелет.
2. Товарды бышыктап иштеп чыгуу/кайра иштетүү критерийлери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) товарды кайра иштетүүнүн натыйжасында Товардык номенклатура боюнча тышкы экономикалык иштин кандай деңгээлинде болбосун товардын алгачкы төрт белгисинин классификациялык кодунун өзгөрүшү;
2) товар чыгарылган өлкө деп ошол операциялар жасалган жердин эсептелиши үчүн жетиштүү болгон өндүрүштүк же технологиялык айрым операцияларды аткаруу;
3) пайдаланылган материалдардын наркы же кошумча нарктын пайыздык үлүшү түпкү продуктуларынын баасынын (адвалордук үлүш эрежеси) белгиленген үлүшүнө жеткендеги товар наркынын өзгөрүшү.
3. Ушул статьянын 2-пунктундагы жоболорго карабастан, төмөнкүлөр бышыктап иштеп чыгуунун/кайра иштетүүнүн критерийлерине жооп бербейт:
1) товарды сактоо же ташуу учурунда анын сакталышын камсыз кылуу боюнча операциялар;
2) товарды сатууга же ташууга даярдоо боюнча операциялар (бөлүктөргө бөлүү, жөнөтүүгө даярдоо, кайра таңгактоо);
3) жөнөкөй кураштыруу операциялары;
4) ар башка өлкөлөрдө чыгарылган товарларды аралаштыруу, эгерде, түпкү продукциянын мүнөзү аралашкан товардын мүнөзүнөн олуттуу айырмаланбаса;
5) мал союу;
6) жогоруда аталган операциялардын экөөнүн же андан көбүнүн комбинациясы;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тизмеги боюнча башка операциялар.
4. Эгерде адвалордук үлүш эрежеси колдонулса, нарктык көрсөткүчтөр:
а) импорттолуучу материалдар үчүн - ал материалдарды түпкү продукция чыгарыла турган өлкөгө ташып келүүдөгү бажы наркы боюнча же, эгерде импорттолгон материалдардын чыккан жери белгисиз болсо, түпкү продукция чыгарылган өлкөнүн аймагында аны биринчи сатуунун документи менен тастыкталган баасы боюнча;
б) түпкү продукция үчүн - сатуучунун франко-завод (франко-кампа) шартындагы баасы боюнча эсептелет.
5. Айрым товарлар же Кыргыз Республикасы тарифтик преференция берген айрым өлкөлөр үчүн бышыктап кайра иштетүү критерийин колдонуу тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
6. Эгерде, товарлардын айрым түрлөрүнө же Кыргыз Республикасы тарифтик преференция берген кайсы бир өлкөгө карата Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келинген товарлардын чыгарылган өлкөсүн аныктоо өзгөчөлүгү баса көрсөтүлбөсө, жалпы эреже колдонулат: эгерде, товарды иштеп чыгуу/кайра иштетүү же даярдоо боюнча операцияларды жүргүзүүнүн натыйжасында Товардык номенклатура боюнча тышкы экономикалык иштин бардык деңгээлиндеги алгачкы төрт белги боюнча классификациялык код өзгөрсө, товар ошол өлкөдө чыгарылды деп эсептелет.
31-статья. Товар чыгарылган өлкөнү аныктоонун өзгөчөлүктөрү
1. Эгерде өндүрүштүк же транспорттук шарттар боюнча товарларды бир партия менен жөнөтүү мүмкүн болбосо, ошондой эле жаңылыштыктан улам товарлардын партиясы бир нечеге бөлүнгөн болсо, ажыратылган (кураштырылбаган) түрдө бир нече партиялар менен берилген товарлар декларанттын каалоосу боюнча товардын чыгарылган өлкөсүн аныктоодо бир эле товар катары каралууга тийиш.
2. Ушул статьянын 1-пунктунун жоболорун колдонуу шарты болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ажыратылган (кураштырылбаган) түрүндө партия менен берилген, мындай берүүнүн себебин көрсөтүү менен жана тышкы экономикалык иштин Товардык номенклатурасы боюнча классификациялык коддордун, наркын жана ар бир партияга кирген товардын чыгарылган өлкөсүн көрсөтүү менен берилген товарлар жөнүндө бажы органдары алдынала кабардар кылынышы же товарды бир нече партияга бөлүүнүн жаңылыштыгы документ менен ырасталышы;
2) товардын бардык партияларын бир өлкөдөн бир жөнөтүүчү тарабынан берилиши;
3) товарлардын бардык партиясын бир бажы органына декларациялоо;
4) товарлардын бардык партиясын бажы органы бажы декларациясын кабыл алган күндөн баштап алты айдан ашпаган мөөнөттө же товарлардын биринчи партиясына карата аны берүүнүн мөөнөтү бүткөндө Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүү. Декларанттын жүйөлөштүрүлгөн суроо-талабы боюнча көрсөтүлгөн мөөнөт бажы органдары тарабынан ошол товардын калган бардык партияларын ташып келүү үчүн зарыл болгон убакытка узартылат.
3. Товар чыгарылган өлкөнү аныктоодо аларды өндүрүү же иштеп чыгуу/кайра иштетүү үчүн колдонулган кубаттуулуктун, машиналардын, жабдуулардын жана шаймандардын чыккан жери эске алынбайт.
4. Машиналар, жабдуулар, аппараттар же транспорт каражаттарына пайдаланууга арналган шаймандар, белен тетиктер жана аспаптар ошол шаймандар, белен тетиктер жана аспаптар аталган машиналар, жабдуулар, аппараттар же транспорт каражаттары менен бир комплектте жана санда алып келинген жана сатылган шартта ошол машиналар, жабдуулар, аппараттар же транспорт каражаттары чыгарылган өлкөдөн чыгарылды деп эсептелет.
5. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына товар салынып келген таңгак аны товардан өзүнчө декларациялангандан тышкаркы-учурларда, товар чыгарылган өлкөдө чыгарылды деп эсептелет. Мындай учурда таңгак чыгарылган өлкө товар чыгарылган өлкөдөн өзүнчө аныкталат.
Товар чыгарылган өлкөнү аныктоо максаты үчүн, анын ичинде адвалордук үлүш эрежесин колдонууда Кыргыз Республикасынын бажы аймагына товар салып келинген таңгак ошол товар чыгарылган өлкөдө чыгарылды деп эсептелген учурда, адатта чекене соодада сатылган товар салынган таңгак гана эске алынат.
32-статья. Товар чыгарылган өлкөнү тастыктоо
Товардын ошол өлкөдөн чыгарылгандыгын тастыктоочу документ болуп товардын чыгарылган жери жөнүндөгү сертификат же товардын чыгарылган жери тууралу декларациялар саналат.
33-статья. Товардын чыгарылган жери жөнүндө сертификат
1. Товардын чыгарылган жери жөнүндөгү сертификат - товар чыгарылган өлкөнү түздөн-түз күбөлөндүргөн жана эгерде товар ташылып чыккан өлкөдө сертификат товар чыгарылган өлкөдөн алынган маалыматтардын негизинде берилсе, ошол өлкөнүн же товар ташылып чыккан өлкөнүн компетенттүү органдары берген документ.
Эгерде товар чыгарылган жер жөнүндөгү сертификатта товар чыгарылган өлкө тууралу маалыматтар Кыргыз Республикасында кабыл алынгандан башка критерийлерге негизделген болсо, товар чыгарылган өлкө Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан критерийлерге ылайык аныкталат.
2. Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан товарларды ташып кетүүдө товар чыгарылган жер жөнүндө сертификат Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ага ыйгарым укук берилген орган же уюм тарабынан берилет, эгерде аталган сертификат контракттын шарты боюнча, товар ташылып келген өлкөнүн улуттук эрежелери боюнча же аталган сертификаттын болушу Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринде каралган болсо.
Товардын чыккан жерин тастыктаган документти берген органдар жана уюмдар анын көчүрмөсүн жана башка негизинде тастыктаган документтердин товардын чыккан жерин тастыктаган документ берилген күндөн баштап кеминде алты жыл сактоого милдеттүү.
3. Товардын чыккан жери жөнүндөгү сертификат Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келген товарлардын бажы жагынан жол-жоболоштурууда бажы декларациясы жана башка документтер менен бирге берилет. Сертификат жоголуп кеткен учурда анын расмий түрдө күбөлөндүрүлгөн нускасы кабыл алынат.
4. Товардын чыккан жери жөнүндөгү сертификат талаптагыдай жол-жоболоштурулбагандыгы же анык эмес маалыматтардан тургандыгы тууралу белгилер табылган учурда бажы органы компетенттүү мамлекеттик органдарга же товардын чыккан жери жөнүндө сертификатты берген өлкөнүн башка уюмдарына кошумча документтерди же тактоочу маалыматтарда берүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу.
Эгерде сертификатты көрсөтүү ушул Кодекстин 35-статьясынын 1-пунктуна ылайык милдеттүү болуп саналса, анда товардын чыккан жери жөнүндө сертификат талаптагыдай жол-жоболоштурулуп же суралган кошумча документтер болбосо тактоочу маалыматтар берилгенге чейин ошол өлкөдөн келди деп эсептелбейт.
5. Бажы органы тандап текшерүү жүргүзүү максатында товардын чыккан жери жөнүндө сертификат берген өлкөнүн компетенттүү мамлекеттик органдарына же башка уюмдарына кошумча документтерди же тактоочу маалыматтарды берүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу. Мындай текшерүүнү жүргүзүү бажы жагынан жол-жоболоштурууда билдирилген ошол чыгарылган өлкө жөнүндөгү маалыматтардын негизинде товарды чыгарууга тоскоолдук кылбайт.
34-статья. Товардын чыгарылган жери жөнүндө декларация
1. Товардын чыгарылган жери жөнүндө декларация - товарды даярдоочу, сатуучу же экспорттоочу коммерциялык же товарга тиешеси бар кандайдыр бир башка документ менен байланыштуу жасаган товар чыгарылган өлкө жөнүндөгү кат жүзүндөгү билдирүү.
2. Эгерде, товардын чыгарылган жери жөнүндө декларацияда товар чыгарылган өлкө тууралу маалыматтар Кыргыз Республикасында кабыл алынгандагыдан башка критерийлерге негизделген болсо, товар чыгарылган өлкө Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан критерийлерге ылайык аныкталат.
35-статья. Товар чыгарылган өлкөнү тастыкталган
документтерди берүү
1. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына товарды ташып келүүдө товардын чыккан жери жөнүндөгү сертификат төмөнкү учурларда берилет:
1) эгерде ошол товар чыгарылган өлкөгө Кыргыз Республикасы өзүнүн эларалык келишимдерине же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тарифтик преференция берсе. Аталган учурларда тарифтик преференция Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринде же мыйзамдарында каралган белгилүү бир форма боюнча сертификат сунуш кылууда берилет;
2) эгерде бул Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган болсо жана коомдук тартипти, моралды, адамдын өмүрүн жана ден соолугун, жаныбарларды, өсүмдүктөрдү жана жаратылыш айлана чөйрөсүн коргоо, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, интеллектуалдык менчик укугун коргоо, ошондой эле тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жөнгө салуунун тарифтик эмес чараларын сактоону камсыз кылуу үчүн зарыл.
2. Ушул статьянын 1-пунктунун жоболоруна карабастан, товар чыгарылган жер жөнүндөгү сертификатты көргөзүү төмөнкү учурларда талап кылынбайт эгерде:
Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келген товарлар Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерине же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларын Кыргыз Республикасына ташып келүүгө тыюу салынган өлкө товар чыгарылган өлкө болуп саналгандыгынын белгиси бажы органдары тарабынан табылгандагыдан башка учурларда транзиттик же убактылуу ташып кетүү бажы режимдерине билдирилет;
мындай товарлардын чыккан өлкөсү болуп саналбаган - ташып чыгуучу өлкөнүн аймагында мурда эркин жүгүртүүгө чыгарылган Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү товарлар;
бир эле учурда бир эле ыкма менен бир эле жөнөтүүчү тарабынан бир кабыл алуучунун дарегине жөнөтүлгөн бажы чегарасы аркылуу өткөн товарлардын жалпы бажы наркы эсептешүү көрсөткүчүнөн 250 эседен ашпаганда;
Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдери же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган башка учурларда.
3. Эгерде товардын чыккан жери жөнүндөгү сертификатты берүү талап кылынбаса, ал чыгарылган өлкө товардын чыккан жери жөнүндөгү декларация менен тастыкталат (34-статья).
4. Бажы чегарасы аркылуу жеке жактар тарабынан товарды жөнөкөйлөтүлгөн, жеңилдетилген тартипте (28-глава) алып өтүүдө товар чыгарылган өлкөнү тастыктоочу документтерди көргөзүү талап кылынбайт.
(КР 2007-жылдын 26-мартындагы N 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
36-статья. Товар чыгарылган өлкөнү аныктоодо аны өткөрүү шарттары
1. Товар чыгарылган өлкөнү тастыктаган документтер жок болгон учурда же берилген документтер талаптагыдай жол-жоболоштурулбагандыгы жана (же) анык эмес маалыматтардан тургандыгы аныкталган учурда, бажы органы (41-глава), эгерде Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерине жана (же) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларын Кыргыз Республикасына ташып келүүгө тыюу салынган өлкө товар чыгарылган өлкө болуп саналгандыгын көрсөткөн белгилер табылган учурларда товарды өткөрүүдөн баш тартат.
2. Товардын чыгарылган жери так аныкталбаган башка учурларда ушул Кодекстин 33-35-статьяларына ылайык товар кыйла оңтойлуу режим каралбаган соода-саясий мамиледе болбогон өлкөдөн чыгарылган товарларга карата колдонулуучу ставкалар боюнча бажы алымдарын төлөө менен өткөрүлөт.
3. Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн товарларга карата бажы органы тарабынан бажы декларациясы кабыл алынган күндөн баштап бир жыл өткөнгө чейин ушул товар чыгарылган өлкө тастыкталган шартта кыйла ыңтайлуу режим же преференциялык режим колдонулат (калыбына келтирилет).
37-статья. Түздөн-түз сатып алуу жана тикелей жөнөтүү
1. Кыргыз Республикасы тарабынан тарифтик преференция Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерине жана (же) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык "түздөн-түз сатып алуунун жана тикелей жөнөтүүнүн" эрежеси сакталган шартта берилет.
5-Глава
Кыргыз Республикасында колдонулган тышкы
экономикалык иштин товардык
номенклатурасы
38-статья. Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы
1. Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы - ал товардык позицияны, субпозицияны жана подсубпозицияны жана аларга тиешеси бар классификациялык (сандык) коддорду камтыган товарлардын классификатору. Тышкы экономикалык иштин Товардык номенклатурасынын ажыралгыс бөлүгү болуп, кандай деңгээлде болбосун классификациянын позицияларына карата эскертүүлөр ошондой эле Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын интерпретациялоонун Негизги эрежеси саналат.
2. Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы бажы - тарифтик жана тышкы сооданы тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын жана тышкы, экономикалык иштин башка түрлөрүн жүзөгө ашыруу, Кыргыз Республикасынын тышкы соодасынын бажы статистикасын жүргүзүү үчүн колдонулат.
3. Кыргыз Республикасында колдонулган Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын эларалык негизи болуп товарларды сыпаттоо жана код берүүнүн Гармонизацияланган тутуму жана Евразия экономикалык шериктештигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү Товардык номенклатурасы саналат.
39-статья. Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын
жүргүзүү
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын жүргүзүүнү жүзөгө ашырган, башкача айтканда:
1) Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын эларалык негиздерин өзгөртүүгө жана толуктоого, ушунун негизинде чечмелөө боюнча эларалык түшүндүрмөлөргө жана чечимдерге көз салууну камсыз кылат;
2) аткаруу бийлигинин таламдаш мамлекеттик органдарынын катышуусу менен Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын иштеп чыгуу, өзгөртүү жана толуктоо жөнүндө сунуштарды даярдоону камсыз кылат;
3) Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын эталондук нускасын актуалдуу абалда сактайт;
4) аткаруу бийлигинин таламдаш мамлекеттик органдарынын катышуусу менен Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына түшүндүрмөлөрдү иштеп чыгат, ошондой эле аларды жарыялоону камсыз кылат;
5) Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын жүргүзүү үчүн зарыл болгон башка иш милдеттерин жүзөгө ашырат.
40-статья. Товарларды классификациялоо
1. Товарлар декларациялоодо классификациялоого жатат, декларант же декларантты тандоо боюнча бажы брокери, башкача айтканда товарларга болгон мамиле Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча классификациялык код (классификациялык коддор) менен аныкталат.
2. Декларанттын суроо-талабы боюнча бажы органдары товарларды классификациялоодо ушул Кодекстин 57-главасына ылайык алдынала чечим кабыл алат.
3. Бажы органдарынын товарлардын классификациясы тууралуу чечими милдеттүү болуп саналат. Ушул Кодекстин 59-главасына ылайык декларант мындай чечимдерге даттанууга укуктуу.
(КР 2008-жылдын 5-августундагы N 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
III БӨЛҮМ
АЛДЫНАЛА КАРАЛГАН ЖАНА БАШКА
БАЖЫ ЖОЛ-ЖОБОЛОРУ
6-Глава
Товарлардын жана транспорттук каражаттардын
Кыргыз Республикасынын бажы
аймагына келиши
41-статья. Товарлардын жана транспорттук каражаттардын
Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келишинин
орду жана убактысы
1. Товарлардын жана транспорттук каражаттардын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келишине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган өткөрүү пункттарында жана бажы органдары иштеген убакытта жол берилет. Бажы органдарынын иштеши үчүн белгиленген убакыттан тышкары өткөрүү пункттарына товарлардын жана транспорт каражаттарынын келишине ал органдарга алдынала кабарлоо менен автомобиль өткөрүү пункттарын кошпогондо ал жерге белгиленген убакыттан тышкары келгендерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн уруксаты менен жол берилет.
Достарыңызбен бөлісу: |