Кыргыз республикасынын бажы кодекси



бет14/18
Дата04.07.2016
өлшемі0.95 Mb.
#177230
1   ...   10   11   12   13   14   15   16   17   18

2) бажы органдарынын кызматкерлери товарларды текшерүүнү жүргүзгөн учурда (331-статьянын 2-пункту), алар сынамыктарга жана үлгүлөрүн алган учурда (330-статья) катышууга;

3) бажы органдарынын кызматкерлери алган сынамыктарга жана үлгүлөргө жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжалары менен таанышууга;

4) товарларды декларациялоо үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды ушул Кодекске ылайык электрондук ыкма менен берүү үчүн бажы органдарынын автоматташтырылган маалымат тутумдарына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга;

5) ушул Кодексте каралган дагы башка ыйгарым укуктардан жана укуктардан пайдаланууга.


288-статья. Декларанттын милдеттери
Декларациялоо учурунда декларант төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) товарларды декларациялоодон өткөрүүгө;

2) бажы органынын талабы боюнча декларациялануучу товарларды берүүгө;

3) бажы максаттары үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды бажы органына берүүгө (275-статья);

4) ушул Кодекстин VI Бөлүмүнө ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөгө же алардын төлөнүшүн камсыз кылууга.
289-статья. Декларанттын жоопкерчилиги
Декларант бажы декларациясында көрсөтүлгөн жана берилүүчү дагы башка документтердеги маалыматтардын так эместиги үчүн жана бажы төлөмдөрүнүн төлөнүшү үчүн жоопкерчилик тартат.
290-статья. Бир товардык партияда камтылган ар кандай аталыштагы

товарларды декларациялоонун өзгөчөлүктөрү


1. Декларанттын каалоосу боюнча жана бажы органынын уруксаты менен бир товардык партияда камтылган акцизге караштуу топтун товары болуп саналбаган жана аларга карата жөнгө салуунун тарифтик эмес чаралары колдонулбай турган товарлар Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча бул кодго бажы алымынын ставкасынын алда канча жогорку деңгээли ылайык келет деп бир квалификациялык кодду көрсөтүү менен декларацияланышы мүмкүн.

2. Ар кандай аталыштагы товарларга карата Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча бир классификациялык кодду көрсөтүү декларантты товардык партияда камтылган бардык товарлар жөнүндө бажы максаттары үчүн зарыл болгон так маалыматтарды билдирүү милдетинен бошотпойт.


291-статья. Бажы декларациясын берүү мөөнөттөрү
1. Эгерде товарларды декларациялоо ушул Кодекстин 196, 204-статьяларында каралган учурларды кошпогондо, алар келген жерде жүргүзүлбөсө, Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келген товарларга бажы декларациясы Кыргыз Республикасынын бажы аймагына товарлар келген жердеги бажы органдарына товарларды берген күндү кошо эсептегенде же ички бажы транзити аяктаган күндөн тартып 15 күндөн кечиктирилбестен берилет.

Эгерде бажы декларациясын берүү мөөнөтүнүн аякташы бажы органынын жумуш эмес күнүнө туура келсе, бул мөөнөт аяктаган күн болуп бажы органынын жумуш күнүнөн кийинки күн эсептелинет.

2. Декларанттын жүйөлөштүрүлгөн кайрылуусу боюнча бажы органы декларацияны берүү мөөнөтүн узартат. Бажы декларациясын берүү үчүн мөөнөттү узартуу товарларды убактылуу сактоо мөөнөтүн бузууга алып келиши мүмкүн эмес.

3. Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары ташылып чыгуучу товарларга бажы декларациясы аларды иш жүзүндө ташып чыкканга чейин берилет.

4. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына бажы эрежелерин бузуу менен алынып кирилген товарларга карата бажы декларация жазык же администрациялык жоопкерчиликке тартуу тууралуу соттун же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (кызмат адамынын) чечими мыйзамдык күчүнө кирген күндөн тартып же жоопкерчиликтен бошотуу же бажы эрежелерин бузуу жөнүндө иштин токтотулушу тууралуу соттун, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (кызмат адамынын) чечими мыйзамдык күчүнө кирген күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде берилет.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы N 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


292-статья. Алдынала декларациялоо
1. Эгерде декларант товарларды бажы жагынан жол-жоболоштуруу үчүн зарыл болгон документтерди берсе, бажы декларациясы чет өлкөлүк товарлар жагынан алар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгенге чейин же ички бажы транзити аяктаганга чейин берилиши мүмкүн (275-статья).

2. Эгерде бажы максаттары үчүн товарларды коштогон транспорттук же коммерциялык документтер колдонулууга тийиш болсо, бажы органы товарларды декларациялоо учурунда бул документтердин декларант тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн же бул документтерден маалыматтарды кабыл алат жана зарылчылык болгон учурда көрсөтүлгөн маалыматтарды документтердин түп нускаларында камтылган маалыматтар менен салыштырат.

3. Бажы декларациясы берилгенде жана аны текшерүү товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгенге чейин аяктаган учурда бажы декларациясы товарларга карата алдынала операцияларды жана башка бажы жол-жоболорун колдонуу үчүн зарыл болгон бирден-бир документ катарында пайдаланылышы мүмкүн.
293-статья. Товарларды декларациялоодо документтерди берүү
1. Бажы декларациясын берүү бажы органына бажы максаттары үчүн зарыл болгон документтерди берүү менен коштолууга тийиш (275-статья).

2. Эгерде ушул Кодексте айрым документтерди жана маалыматтарды берүү үчүн башка мөөнөт каралбаса, айрым документтер декларанттын жүйөлөштүрүлгөн кайрылуусу боюнча бажы декларациясы менен бир учурда берилиши мүмкүн болбогон учурларда, бажы органдары мындай документтерди аларды алуу үчүн зарыл болгон мөөнөттө, бирок бажы декларациясы кабыл алынгандан кийин 45 күндөн кечиктирилбестен берүүгө уруксат кылат.


294-статья. Бажы декларациясын кабыл алуу
1. Берилген бажы декларациясын бажы органы кабыл алат. Бажы декларациясын берүүнүн фактысы жана документтердин берилиши аны бажы органы кабыл алган күн деп белгиленет. Декларанттын суроо-талабы боюнча бажы органы декларация жана документтер берилгендиги жөнүндө жазуу жүзүндөгү тастыктама берет. Бажы декларациясы кабыл алынгандыгы толтурулган учурдан тартып ал юридикалык мааниге ээ болгон фактыларды күбөлөндүргөн документ болуп калат.

2. Декларация декларант же бажы брокери болуп саналбаган жак тарабынан берилген, декларацияда талап кылынган маалыматтар көрсөтүлбөгөн, бажы декларациясына кол коюлбаган же ал ойдогудай түрдө ырасталбаган же белгиленген формада түзүлбөгөн, декларацияланып жаткан товарлар жагынан бажы төлөмдөрү төлөнбөгөн же ушул Кодекске ылайык бажы декларациясы берилгенге чейин же аны менен бир учурда аткарылууга тийиш болгон башка иш-аракеттер жасалбаган учурларды кошпогондо, бажы органы бажы декларациясын кабыл алуудан баш тартууга укуксуз. Бажы органы бажы декларациясын кабыл алуудан баш тартуунун себептери жөнүндө декларация берген жакка декларация берилгенден кийинки күндөн кечиктирбестен кабарлайт. Декларанттын суроо-талабы боюнча мындай кабарлама жазуу жүзүндө берилет.


295-статья. Бажы декларациясында билдирилген маалыматтарды

өзгөртүү, толуктоо жана бажы декларациясын кайра алуу


1. Бажы декларациясында билдирилген маалыматтар бажы органынын уруксаты менен жана декларанттын жазуу жүзүндөгү жүйөлөштүрүлгөн кайрылуусу боюнча өзгөртүлүшү же толукталышы мүмкүн, ал эми бажы органы кабыл алган бажы декларациясы кайра алынышы мүмкүн.

2. Бажы декларациясында билдирилген маалыматтарды өзгөртүүгө жана толуктоого бажы органы бул жөнүндө декларанттын кайрылуусун алган учурга карата бажы декларациясында көрсөтүлгөн маалыматгардын так эместигин аныктабаган же товарларды текшерүүнү баштабаган учурларда жол берилет, буга товарларды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга таасир этпеген болор-болбос так эместиктер билинген учурлар кирбейт.

3. Бажы декларациясында билдирилген маалыматтарды өзгөртүү же толуктоо бажы органы кабыл алган декларацияда көрсөтүлгөндөн башка товарлар жөнүндө маалыматтарды билдирүүгө алып келиши мүмкүн эмес.

4. Декларанттын жүйөлөштүрүлгөн кайрылуусу боюнча бажы декларациясы ал тарабынан башка бажы режимин билдирүү үчүн товарларды чыгарганга чейин кайра кайтарып алышы мүмкүн. Декларацияны кайра алган учурда бажы органы жаңы бажы декларациясын берүү үчүн мөөнөттү белгилейт, ал кайра алууга уруксат берилген күндөн тартып 15 күндөн ашпайт. Декларацияны кайра алуу бажы алымдарын, салыктарын төлөөнүн мөөнөттөрүн узартпайт.

Муну менен бирге кайра чакырылган жүк бажы декларациясы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте жокко чыгарылат.

5. Кайра алынып жаткан декларация ата мекендик товарларга берилген учурда аларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгуу максаты үчүн бажы декларациясы башка себептер боюнча, ошондой эле товарлар чыгарылгандан кийин, бирок алар Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен тышкары жакка иш жүзүндө ташылып чыкканга чейин кайра алынышы мүмкүн. Бул товарларга жаңы бажы декларациясын берүү үчүн мөөнөт белгиленбейт.

6. Бажы органынын кызматкерлери өз демилгеси, таламдаш жактардын тапшыруусу же өтүнүчү боюнча бажы декларациясын толтурууга, бажы декларациясында билдирилген маалыматтарды өзгөртүүгө же толуктоого, буга бажы органдарынын компетенциясына кирген маалыматтарды өзгөртүү же толуктоо учурлары кирбейт, ошондой эле машинада иштетүү үчүн колдонуучу код коюлган маалыматтарды ага киргизүүгө укуксуз, эгерде мындай маалыматтар бажы декларациясында код коюлбаган түрүндө бар болсо.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы N 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


296-статья. Убактылуу бажы декларациясы
1. Түтүк өткөргүч транспортту пайдалануу же электр берүү линиялары боюнча товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары ташып чыккан учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин нускамасында аныкталган башка учурларда убактылуу бажы декларациясын берүү жолу менен товарларды алдынала декларациялоого жол берилет. Товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан иш жүзүндө ташып чыккандан кийин декларант бажы органы белгилеген мөөнөттө толук жана тиешелүү түрдө толтурулган бажы декларациясын берүүгө милдеттүү.

2. Убактылуу декларацияда белгилүү убакыттын ичинде болжолдуу сандагы товарларды ташып чыгуу ниетинде товарлардын санына ылайык аныкталуучу, бажы чегарасы аркылуу алып өтүүгө пландаштырылган жана (же) тышкы экономикалык бүтүмдүн шарттарында, товардын баасын аныктоо тартибинде, ошондой эле товардын болжолдуу сапатына карата каралган шарттуу бажы наркына (баасына) таянуу менен маалыматтарды билдирүүгө жол берилет.

Убактылуу бажы декларациясын колдонгон учурда экономикалык мүнөздөгү тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары бажы органы бул декларацияны кабыл алган күнгө карата колдонулат.
297-статья. Толук эмес бажы декларациясы
1. Эгерде декларант өзүнө байланыштуу болбогон себептерден улам бажы декларациясын толтуруу үчүн зарыл болгон бүткүл маалыматка ээ болбосо, толук эмес бажы декларациясында товарларды чыгаруу үчүн зарыл болгон маалыматтар билдирилгенде уруксат берилет жана, эгерде айрым маалыматтарды берүү үчүн башка мөөнөт ушул Кодексте каралбаган болсо, декларант жетишпеген маалыматтарды бажы органы белгилеген мөөнөттө берүү милдетин кабыл алат, ал мөөнөт бажы органы толук эмес бажы декларациясын кабыл алган күндөн тартып 45 күндөн ашпайт.

2. Эгерде бажы органы толук эмес бажы декларациясын кабыл алса, эң башында толук жана тиешелүү түрдө толтурулган бажы декларациясы берилгендей бажы мыйзамдарынын талаптары жана шарттары, анын ичинде бажы төлөмдөрүн эсептөө жана төлөө тартиби колдонулат.


298-статья. Мезгилдүү бажы декларациясы
1. Бир эле товарларды бир эле жак бажы чегарасы аркылуу дайыма алып өткөн учурда бажы органы белгилүү мезгилдин ичинде бажы чегарасы аркылуу алынып өткөн бардык товарларга бир бажы декларациясын берүүгө уруксат кыла алат.

2. Мезгилдүү бажы декларациясын колдонуу товарларды убактылуу сактоонун эң жогору мөөнөтүн бузууга же бажы алымдарын, салыктарын төлөө мөөнөттөрүн бузууга алып келиши мүмкүн эмес.


41-Глава

Товарларды чыгаруу


299-статья. Товарларды чыгаруу үчүн негиздер
1. Товарларды чыгарууну бажы органдары төмөнкүдөй шарттар сакталган учурда жүзөгө ашырат:

1) бажы жагынан жол-жоболоштуруу жана товарларды текшерүү учурунда бажы органдары бажы мыйзамдарын бузууларды таппаган учурда, буга табылган эреже бузуулар жоюлган, ал эми эреже бузуунун объектиси болуп саналган товарлар андан ары алынып коюлууга же конфискацияланууга тийиш болбогон, же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык же жазык иши боюнча мүлктүк далил катарында талап кылынышы мүмкүн болбогон учурларда;

2) бажы органына Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерине жана (же) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларды чыгаруу үчүн зарыл болгон лицензиялар, сертификаттар, уруксат берилген, буга мындай лицензиялар, сертификаттар же уруксат товарлар чыгарылгандан кийин берилиши мүмкүн болгон учурлар кирбегенде;

3) жактар товарларды тандалган бажы режимине жайгаштыруу же ушул Кодекске ылайык тиешелүү бажы жол-жоболорун колдонуу үчүн зарыл болгон талаптар жана шарттар сакталганда;

4) товарлар бажы алымдары, салыктары төлөнгөн же аларды төлөө ушул Кодекстин 36-главасына ылайык камсыз кылынганда.

2. Ушул Кодексте каралган учурларда товарларды чыгаруу декларант товарларды идентификациялоо үчүн зарыл болгон коммерциялык же дагы башка документти берген, бажы төлөмдөрү төлөнгөн же аларды төлөө ушул Кодекстин 36-главасында аныкталган тартипте камсыз кылынганда бажы декларациясы берилгенге чейин жана (же) бажы жагынан жол-жоболоштуруу боюнча иш жүргүзүүсүн аяктаганга чейин жүргүзүлүшү мүмкүн. Бажы жагынан жол-жоболоштуруу боюнча иш жүргүзүүсүн аяктаганга чейин товарларды чыгарууга декларант бажы декларациясын берүү жана (же) зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды бажы органына белгиленген мөөнөттө берүү жөнүндө милдеттерди аткарган учурда жол берилет, эгерде айрым документтерди жана маалыматтарды берүү үчүн башка мөөнөт ушул Кодексте каралбаган болсо, товарлар чыгарылган күндөн тартып 45 күндөн ашпайт.

Бажы декларациясы берилгенге чейин товарлар чыгарылган учурда товарларды чыгарган күндө колдонулган бажы алымдарынын, салыктарынын ставкалары, чет өлкөлүк валютанын наркы жана жөнгө салуунун тарифтик эмес чаралары колдонулат.
300-статья. Товарларды чыгаруу мөөнөттөрү
Бажы органдары товарларды чыгарууну мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө, бирок товарларды текшерүү аяктаган (311-статьянын 2-пункту) же мындай текшерүүнү жүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийинки күндөн кечиктирбестен жүргүзөт.
301-статья. Товарлардын документтерин, сынамыктарын жана үлгүлөрүн

изилдөө же эксперттин корутундусун алуу зарылчылыгы

болгондо товарларды чыгаруу
Эгерде бажы органдары бажы декларациясында же бажы органдары тарабынан берилген дагы башка документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын тактыгын текшерүү максатында товарлардын сынамыктарын же үлгүлөрүн (330-статья), толук техникалык документтерди изилдөө же экспертизадан өткөрүү зарылчылыгы жөнүндө чечим кабыл алса, товарларды чыгаруу декларант ушул Кодекстин 36-главасына ылайык изилдөөнү же экспертизаны өткөрүүнүн натыйжасы боюнча кошумча эсептелүүгө тийиш болгон бажы алымдарын, салыктарын төлөөнү камсыз кылганда мындай изилдөөлөрдүн же экспертизанын натыйжалары алынгандан кийин жүргүзүлөт. Бажы органдары товарларга жөнгө салуунун тарифтик эмес чаралары колдонулушу мүмкүн экендигин жана декларант аларды сактоону тастыктаган далилдерди бербегендигин көрсөткөн белгилерди тапкан учурда гана товарларды чыгаруу жүргүзүлбөйт.
42-Глава

Бажы брокери


302-статья. Бажы брокери
1. Ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жобого ылайык бажы брокери катарында иш жүргүзгөн ата мекендик жак гана бажы брокери боло алат.

2. Мамлекеттик мекеме бажы брокери боло албайт.


303-статья. Бажы брокеринин иши
1. Бажы брокеринин иши декларанттын же дагы башка таламдаш жактардын атынан алардын тапшыруусу боюнча бажы жагынан жол-жоболоштуруу, алдынала жана дагы башка бажы ишин жүргүзүү боюнча иш-аракеттерди жасоодон турат.

2. Бажы брокери ушул Кодекстин 252-статьясына ылайык товарлардын бажы жагынан жол-жоболоштуруу боюнча бажы ишин жүргүзүү учурунда өз милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылат.

3. Бажы брокери алдынала дагы башка бажы жол-жоболорунун жана бажы режимдеринин учурунда бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу жагынан ал өкүлү болгон жак үчүн бажы органдарынын алдында кепил катары чыгууга укуктуу.

4. Бажы ишин жүргүзгөн учурда бажы брокерине ушул Кодекске ылайык декларант же дагы башка жактар тарабынан бажы иши жүргүзүлгөн учурда белгиленгенден, талап кылынгандан анча оңтойсузураак шарттар белгиленүүгө же алда канча катуу талаптар коюлууга тийиш эмес.


304-статья. Бажы брокеринин укуктары, милдеттери

жана жоопкерчилиги


1. Бажы брокери өзү өкүл болгон жактын атынан кандай болбосун бажы жол-жоболорун жүргүзүүгө укуктуу.

Бажы брокери ага бажы органдары менен өз ара мамилелерде өзүнүн кызыкчылыктарын билдирүүгө ыйгарым укук берген жак сыяктуу эле укуктарга ээ.

2. Бажы жагынан жол-жоболоштуруунун, алдынала жана башка бажы ишин жүргүзүүнүн учурунда бажы брокеринин милдеттери товарларды бажы режимине же бажы жол-жобосуна жайгаштыруу үчүн зарыл болгон бажы жол-жобосу жагынан ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптар жана шарттар менен шартгалган. Мындай операцияларды жүргүзүү фактысы бажы брокерине бажы режиминин колдонулушунун аяктагандыгына байланышкан операцияларды жүргүзүү боюнча милдеттерди, ошондой эле ушул Кодекске ылайык товарларды алып өтүүчү жакка, ташып өтүүчүгө же башка аталган жакка гана жүктөлгөн башка милдеттерди жүктөбөйт.

3. Ушул Кодекске ылайык бажы декларациясы берилгенге чейин же аны берүү менен бир эле учурда төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн бажы брокери декларант менен бирдей жоопкерчилик тартат.

4. Бажы брокеринин бажы органдарынын алдындагы милдеттери жана жалпы жоопкерчилиги ал өкүлчүлүк кылган жак менен түзгөн келишим тарабынан чектелиши мүмкүн эмес.
305-статья. Бажы брокеринин өкүл болгон жак менен

өз ара мамилелери


Бажы брокеринин өкүл болгон жак менен болгон өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык келишимдик негизде түзүлөт.
306-статья. Өкүл болгон жактардан алынган маалыматка бажы

брокеринин тиешеси


Өкүл болгон жактардан алынган, коммерциялык, банктык же мыйзам тарабынан корголуучу дагы башка сырды түзгөн маалымат жана купуя маалымат бажы брокери же анын кызматкерлери тарабынан ачыкка чыгарылууга, өз максаттарында пайдаланылууга, башка жактарга берилүүгө тийиш эмес, буга Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарында каралган учурлар кирбейт.
307-статья. Бажы жагынан жол-жоболоштуруу боюнча адис
Атайын орто же жогорку билими бар, бажы жагынан жол-жоболоштуруу боюнча адистин квалификациялык аттестатын алууга экзамен тапшырган аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны бажы жагынан жол-жоболоштуруу боюнча адис боло алат.
308-статья. Бажы жагынан жол-жоболоштуруу боюнча адистин

квалификациялык аттестаты


1. Бажы жагынан жол-жоболоштуруу боюнча адистин квалификациялык аттестаты анын ээсинин квалификациялык аттестат колдонулган мөөнөттүн ичинде бажы жагынан жол-жоболоштуруу боюнча адис катарында иштөө укугун ырастаган документ болуп саналат.

2. Квалификациялык аттестатты берүү тартиби жана бажы жагынан жол-жоболоштуруу боюнча адистерге коюлуучу талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү "Бажы брокери жөнүндө" жободо белгиленет.


VIII БӨЛҮМ

БАЖЫ КОНТРОЛУ


43-Глава

Бажы контролуна тиешелүү жалпы жоболор


309-статья. Бажы контролунун объекттери
Бажы органдары тарабынан бажы контролу төмөндөгүлөргө карата жүргүзүлөт:

бажы чегарасы аркылуу алып өтүлүүчү товарлар жана транспорттук каражаттарына;

бажы органдарына берүү ушул Кодексте каралган товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндөгү маалыматтарды камтыган документтерге;

бажы брокери, бажы жүктөрүн ташуучу катарындагы жактардын, убактылуу сактоо кампаларынын, бажы кампаларынын, алымсыз соода кылуучу дүкөндөрдүн ээлеринин ишине;

товарларды пайдаланууга жана тескөөгө белгиленген чектөөлөрдү сактоого;

бажы төлөмдөрүн эсептөөгө жана төлөөгө.


310-статья. Бажы контролун жүргүзүү принциптери
1. Бажы контролун жүргүзгөн учурда бажы органдары тандоо принцибине таянат жана бажы мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу үчүн жетиштүү болгон формалар менен гана чектелет.

2. Бажы контролун өркүндөтүү максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чет мамлекеттердин бажы органдары менен кызматташат, алар менен өз ара жардам жөнүндө макулдашууларды түзөт.

3. Бажы органдары бажы контролунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында тышкы экономикалык иштин катышуучулары, жүк ташуучулар жана иши товарлардын тышкы соодасын жүзөгө ашыруу менен байланышкан дагы башка уюмдар жана алардын кесиптик бирикмелери (ассоциациялары) менен кызматташууга умтулушат.

4. Бажы контролунун формаларын тандоо учурунда тобокелдикти башкаруу тутуму пайдаланылат. Бажы чегарасы аркылуу товарларды өткөрүүдөгү бажы контролу, бажы органдары товар өткөрүп жаткан адам тарабынан бажы мыйзамдары сакталып жаткандыгын ырастоого жетээрлик минималдык деңгээлде жүргүзүлүшү керек. Бажы органдары бажы контролунан өтө турган товарларды, транспорттук каражаттарды, документтерди жана адамдарды аныктоо үчүн анализ жана тобокелдикти башкаруу ыкмаларын пайдаланышат.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы N 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
310-1-статья. Тобокелдикти башкаруу тутумуна негизделген бажы

контролунун принциптерин пайдалануу боюнча бажы

органдарынын иштери
Бажы органдары бажы чегарасы аркылуу товарларды жана транспорттук каражаттарды өткөрүүгө байланышкан маалыматтарды жыйнайт жана иштеп чыгат, тобокелдикти башкаруу ыкмасын пайдалануу менен статистикалык жана оперативдүү маалыматтарды талдайт. Бажы чегарасы аркылуу товарларды өткөрүүгө чек коюуга негиз болбогон, бажы контролунун жиктелген формаларын пайдалануу үчүн бажы контролун өткөрүүдө пайдаланылган тобокелдиктин көрсөткүчтөрүнүн тизмесин аныкташат. Бажы ишинин маселелери боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте, адамдар минималдуу же максималдуу тобокелдик категориясына киргизилиши мүмкүн.

Адамдарды минималдуу жана максималдуу тобокелдик категориясына киргизүү жана аларга карата бажы жол-жоболорунун жана бажы контролунун формаларынын башка түрлөрүн пайдалануу анализдин жана тобокелдикти баалоонун негизинде аныкталат.

Бажы органдары адамдарды профилдөөнү жүргүзүү жана аларды категориялар боюнча бөлүү үчүн тобокелдикти башкаруунун ыкмаларынын негизинде төмөнкүдөй жол-жоболорду контролдоону жүргүзүшү керек:

1) бажы процедураларын өтүүдө артыкчылыкка ээ болгон, өз эрки менен, бажы мыйзамдарын сактаган;

2) жогорку даражадагы контролду талап кылган.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы N 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


311-статья. Бажы жагынан жол-жоболоштурууда бажы декларациясын

жана дагы башка документтерди, товарларды текшерүү


1. Бажы жагынан жол-жоболоштурууда, алдынала жана дагы башка бажы ишин жүргүзүүдө бажы органдары бажы декларациясынын туура толтурулгандыгына жана берилген документтер белгиленген талаптарга ылайык келе тургандыгына ынануу үчүн зарыл болгон иш-аракеттерди жасайт. Товарларды декларациялоодо бажы декларациясын жана аны менен бир учурда берилүүчү башка документтерди текшерүү бажы органы бажы декларациясын кабыл алган күндөн тартып үч күндөн ашпаган мөөнөттө аяктоого тийиш. Алдынала жана башка бажы ишин жүргүзүүдө документтерди текшерүү ушул Кодексте каралган мөөнөттө же анда аныкталган тартипте жүргүзүлөт.

2. Товарлар чыгарылганга чейин бажы органдары товарлардын аталышы, чыгарылышы, саны жана наркы бажы декларациясында жана ушул Кодекске ылайык бажы максаттарында колдонулуучу башка документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык келе тургандыгын аныктоо үчүн зарыл болгон жол-жоболорду жүргүзөт. Товарларды текшерүү бажы органына алар берилген күндөн тартып үч жумуш күнүнөн кечиктирилбестен аяктоого тийиш.


312-статья. Бажы контролдугу астында турган товарлар
1. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келген товарлар бажы чегарасынан өткөн учурдан тартып Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгенде жана:

эркин жүгүртүү үчүн чыгарылганга;

жок кылынганга;

мамлекеттин пайдасы үчүн баш тартылганга же башкача ыкма менен алар мамлекеттик менчикке айландырылганга;



Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   10   11   12   13   14   15   16   17   18




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет