- 129 -
теманын аткара турган жумушу баш мээдеги кыртыштын жетек-
төөсүнүн аркасында жүргүзүлөт. Вегетативдүү нерв системасы
өзүнүн таралышы боюнча перифериялык нервдерге кирет. Би-
рок морфологиялык түзүлүшү жана аткарган кызматтары боюн-
ча айрымаланып турат. Вегетативдүү нервдердин өзгөчөлүктө-
рүнө төмөнкүлөр кирет;
1. Вегетативдүү
нервдер ички органдарга,
кан тамырларга,
ички секрет жана шилекей бездерине тарап, ар кандай сезимдер
менен камсыз кылгандыктан, аларды (автономиялык) нерв сис-
темасы деп аташат. Ал эми кыймылга келтирүүчү нервдер болсо,
сөөктөрдүн булчуңдарына тарайт.
2. Кыймылга келтирүүчү нервдер жүлүн мээ менен баш мээ-
нин бардык бөлүктөрүнөн башталса, вегетативдүү нервдер ор-
тоңку, сүйрү мээден жана жүлүндөн башталат. Жүлүн мээнин
бөлүгү өз ара көөдөн-бел жана чычаң бөлүгү болуп экиге бөлү-
нөт.
3. Кыймылга келтирүүчү нервдер жүлүн мээнин астыңкы
мүйүзчөсүндө жаткан өзүнүн клеткаларынан башталат да, жү-
лүндөн чыккандан кийин үзгүлтүксүз жүрүп отуруп булчуңдар-
га барып бүтөт. Ал эми вегетативдүү нервдер болсо, жүлүндүн
каптал мүйүзчөсүндө жаткан өзүнүн клеткаларынан башталып,
жүлүндөн чыгып, ички органдарга келгенде өздөрүнүн түйүндө-
рүндө үзүлүп, жумушчу органдарга жетпей калат. Ошондуктан
вегетативдүү нервдин талчалары (тамырлары) түйүнгө чейинки
жана түйүндөн кийинки нервдер болуп экиге бөлүнөт.
Кыймылга келтирүүчү нервдер борпоң чел кабык менен кап-
талып турат. Мындай чел кабык вегетативдүү нервдерде жок бо-
лот же болсо да анча билинбейт.