Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет19/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   15   16   17   18   19   20   21   22   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Чарвак-локаята. Бул б.з.ч. VI кылымдагы Байыркы Индиядагы 
материалисттик агымдардын бири. Бул мектептин мифологиялык түзүүчүсү 
болуп Брахиспати эсептелет. Индияда «Чарвака» деген сөз материалист 
дегенди билдирет. «Локаята» – «элге таандык», «элде жайылган» дегенди 
туюндурат да кадимки адамдардын көз карашы катары кабылдоого болот. 
Локаятиктердин оюу боюнча акыл тело бар жерде байкалат, ошондуктан акыл 
телонун эң жөнөкөй атрибуту. Чарвактардын оюу боюнча изилдөөнүн 
предмети болуп сезимдик жактан кабылданган дүйнө эсептелет. Материалдык 
дүйнө төрт элементтен турат: аба, от, жер, суу. Ушул элементтердин 
айкалышынан бардык объектилер түзүлөт. Жандуу организмдер да ушулардан 
пайда болуп, өлгөндөн кийин кайрадан ушул элементтерге айланат. Өзгөчө 
түрдө комбинация болгон материалдык элементтер аң сезимге ээ болгон 
жандуу телону пайда кылат. Жер, суу, аба, от өзүнчө турганда аң сезимге ээ 
эмес, алар чогуу телону жаратат, өзгөчө процесстин негизинде аң сезим пайда 
болгон. «Адам өлгөндө, эч кандай аң сезим калбайт». Чарвактар Карма 
законуна каршы чыгышып, мындай суроо коюшкан: «Эгер жан бир телодон 
экинчисине өтсө, анда эмне себептен өткөн жашоосун эстей албайт?» Телонун 
жашоосу кумардануу жана азап тозок менен байланышкан. Биз азап-тозокту 
мүмкүн болушунча аз кылып, максималдуу ырахат алууга аракет жасайбыз. 
Азап-тозоктон толук кутулуу бул – өлүмгө алып келет. Чарвактар боюнча 
кумардануу менен азап-тозок алмашып турат; азаптан кийин кубаныч келет 
ж.б.у.с. 
Санкхъя. Бул эң кеңири таралган окуу. Негиздөөчүсү Капила (б.з.ч. VII 
к. жашаган). Анын окуучулары – Асури, Панчашикха. «Санкхъя» термини 
«сан», «эсеп», «калыптанган билим» дегенди билдирет. Бул мектеп өз алдынча 
7 реалдуулукту таануу максатын коет жана бактысыздык менен азап тозокту 
жок кылуу идеясы менен чыгат. Санкхья себептүүлүк жөнүндөгү окуу негизин 
түзгөн онтологиялык концепцияны сунуштайт.
Санкхъяда – жараткан кудай четке кагылат. Үзгүлтүксүз кыймылда 
болгон түбөлүк материя гана бардык нерсенин башбашталмасы, башсебепчиси. 
Санкхъя окуусунун өкүлдөрүнүн оюу боюнча пракрити үч гундан турат: 
саттва, раджас, тамас. Гундар – бул бир аркандын үч жиби. Аларды 
кабылдап биле албайбыз. Саттва – пракритинин элементи катары жаратылышка 
канааттануу тартуулайт, ал жалтыраган, тазалоочу, жеңил касиетке ээ. Раджас – 
кыймылдуу, ишкер, кыймылга келтирүүчү башталыш. Раджас отту пайда 
кылат, шамалды жаратат, акыл да тынч эмес абалда болот. Адам үчүн ал аң 
сезимдин жаратылышы. Тамас – саттва менен раджаска каршы турган 
пассивдүү карама-каршы башталыш. Ал акылдын өнүгүүсүнө каршы турат, 
адамды уйкуга тартат, жалкоолукту жаратат. Гундар белгилүү бир түскө каршы 
коюлган: саттва – акка, раджас – кызылга, тамас – карага. Пракритиден 
сырткары пуруша («Мен») жашайт. Ал аң сезимде ээлик кылган дух, таза аң 


25 
сезим. Пурушанын жашоосу жөнүндөгү ойду айтып, Санкхъя дуалисттик 
философияга айланган.
Йога. Байыркы Индиянын дүйнөтаанымында йогага жеткен адамдын 
өзгөчө идеалы жөнүндө айтылат. «Йога» термини «кошулуу», «катышуу», 
«тартип», «терең ой», «топтоштуруу» дегенди билдирет. Йоганын түзүүчүсү 
болуп Патанджали эсептелет. Ал б.з.ч. II кылымда жашап «Йога-сутра» деген 
чыгарма жаратат. Патанджали түзгөн йоганын системасы төрт бөлүктөн турат. 
Биринчисинде (Санадхипада) йоганын жаратылышы, максаты жана формасы 
жөнүндө айтылып, йогага жетүүнүн түрдүү ыкмалары айтылат. Экинчи 
бөлүгүндө (Садханапада) топтоштурууга жетүүнүн каражаты, бактысыздыкта 
пайда кылып, рухий абал, азап-тозоктун себеби, аны жок кылуунун жолдору 
айтылат. Үчүнчү бөлүгүндө (Вибхутипада) йоганын ички абалы, жогорку күч 
жөнүндө айтылат. Төртүнчү бөлүгү (Кайвальяпада) азаптан бошонуунун 
жаратылышы жана формасы, трансценденттүү Мендин реалдуулугун сүрөттөп 
жазууга багытталган. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   15   16   17   18   19   20   21   22   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет