Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет17/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   13   14   15   16   17   18   19   20   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Байыркы Индия философиясы 
Байыркы Индия философиясы элдик оозеки чыгармачылыктын негизинде 
келип чыккан, анын мисалы болуп Веды эсептелет. Веды – "билим", 
"ведачылык" дегенди билдирет. Бул б.з.ч. II миң жылдыктын орто ченинде 
көчмөн элдер – арийлер тарабынан Индияга алынып келинген. Веды – бул 
байыркы индустардын диний гимндеринин, ритуал, миф жана социалдык 
мамилелеринин жыйындысы. Веданын негизинде пайда болгон философиялык 
окуулар экиге бөлүнгөн: 1) ортодоксалдуу (Веданын авторитетин таанып жана 
аны менен талаш-тартышка барбагандар), 2) ортодоксалдуу эмес (Веданын 
авторитетин тааныбагандар). Ортодоксалдуу (астика) философиялык системага 
төмөндөгүлөр кирет: санкхья, йога, вайшешика, нъяя, миманса, веданта. 
Ортодоксалдуу эмес (настика) системага жайнизм, буддизм жана чарвак 
локаята. 
Жайнизм. Жайнизм б.з.ч. VI кылымда пайда болгон. «Джина» деген сөз 
«жеңүүчү» дегенди түшүндүргөн. Бул ат менен жайнизмдин негизги 24 
окутуучусу аталган, анткени алар бардык жерде жеңишке жетишишкен. 
Ушундан улам окуусу да жайнизм деп аталган. Жайнисттер кудайларга 
ишенишпейт, бирок өздөрүнүн окутуучуларын, насаатчыларын ыйык тутушат. 
Алардын оюу боюнча ар бир Жан (джива) көз карандылыкта туруп, джинага 
таянып чыныгы билимге, күчкө жана бакытка жетет. 
Онтологияда жайнизм беш субстанциянын жашай тургандыгын 
белгилейт: материя (пудгала), убакыт (кала), мейкиндик (акаша), кыймыл 
шарты кыймылды пайда кылат (дхарма), тынчтыктын шарты (а-дхарма). 
Материя төрт элементке ажырайт: жер, суу, от, аба. Бул элементтер атомдордон 
(ану) турат, алар өтө майда, ошондуктан сезимдер менен таанылбайт; алар 
жаралбайт жана бузулбайт. Ар кандай эле буюм ушул элементтердин 
аралашмасынан турат жана элементтердин атомдору татаал түзүлүштөрдү 
жаратат.


22 
Жайнисттердин оюу боюнча дүйнө эки түрдөгү материалдык түзүлүштөн 
турат: жандуу жана жансыз. Жандуулар рухка бар. Кээ бир учурда 
калыптанбаган жандар да бар, алар жерде, сууда, отто, абада жана 
өсүмдүктөрдө. Жөнөкөй калыпта турганда Жан материяга баш ийет. Ушуга 
байланыштуу жайнисттер материя өзүнүн катмары боюнча ар түрдүү деп 
айтышат. Кээ бир жерде көрүүгө, туюуга гана болгон материя турса, анын 
каршысында туюлуп сезилбеген материя жатат. Ал карманын аракетинин 
механизмин шарттайт, карманын мыйзамынын натыйжасында жан бир телодон 
экинчисине өтүп турат. Адамдардын рухтун жана башка буюмдардын 
жаратылышын билбегендиги каарданууга, ач көздүккө алып келет.
Гносеологияда жайнисттер аң сезим – жандын негизги маңызы деген ойго 
келишет. Кийинчерээк жайнизмдин философиясы динге айланган. Бул кудайга 
ишенүүнү чакырбаган өзгөчө дин. Кудайдын ордуна жайнисттер боштондукка 
чыккан жанга табынышат. Жайнисттер боюнча ар бири өзүн сактоо 
мүмкүндүгүнө ээ, ошондуктан жайнизм күчтүүлөр менен эрктүүлөрдүн 
идеологиясы жана өзүнө өзү жардам берүүнүн дини. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   13   14   15   16   17   18   19   20   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет