Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет45/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   41   42   43   44   45   46   47   48   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Френсис Бэкон (1561-1626-жж.) эсептелет. Френсис Бэкондун көз караштары 
Кайра жаралуу доорунун философиясы менен жаңы доордун философиясын 
байланыштыруучу звено болуп эсептелет. Гуманисттер адамды аракетке 
келтирүү билимди орто кылымдагы билим идеалына каршы коюшкан болсо, ал 
эми Бэкон бул идеяны өнүктүрүп аягына чыгарган. Ф.Бэкон боюнча 
философиянын негизги үч предмети бар. Алар: Кудай, жаратылыш жана адам. 
Ал чындыктын эки жактуулугу жөнүндөгү концепцияга таянган. Теология – 
кудай таануучу ыйык китепке жана чиркөөгө таянат. Философия – 
жаратылыштын закондорун үйрөнөт, жаратылышты таанып билүүнүн 
методдорун иштеп чыгат жана ой менен чындыктын дал келиши болуп 
эсептелген чындыкка негизделет. Бирок Ф.Бэкон жаратылышты изилдөө менен 
алектенген. Билим жөнүндө ой жүгүртөт. Билим же асмандан берилет, же 
жерден суу сыяктуу атып чыгат. Билим же кудай тарабынан берилет, же сезүү 
органдары аркылуу башталат деп ой жүгүртөт. Ф.Бэкон боюнча билим экиге 
бөлүнөт: теология жана философия. Анын оюу боюнча ушул эки билимдин 
аракеттенүү мейкиндигин айырмалоо зарыл.
Ф.Бэкондун философиясынын негизги мотиви болуп жаратылышты 
таанып билүү жана адамдын бийлигине баш ийдирүү. Ал жаратылышты таанып 
билүүгө чоң маани берген, анткени чындык жаратылыштан алынат, бул адам 
үчүн эң жогорку зарылдык. Ф.Бэкондун ишмердүүлүгү илимди даңазалоого 
багытталган. Ал билимдин түзүлүшүн, классификациясын, изилдөөнүн максаты 
жана методдору жөнүндөгү көз карашты далилдөөгө аракет жасаган. 
Ф.Бэкондун оюу боюнча табигый илимдер адам турмушуна анчалык аралаша 


50 
алган жок. Философия болсо илимдердин башатында туруп оор абалга келди
кызматчылык милдетти аткарып калды. Ошондуктан философия азыркы 
формасын алып таштап табигый илимдер менен тыгыз байланышта өнүгүшү 
зарыл.
Ф.Бэкон боюнча илимий таанымдын жаңы ыкмасын түзүү зарыл. Ушул 
маселеге анын «Жаңы органон» деп аталган эмгеги жана «Илимдин улуу 
калыбына келиши» деген эмгегинин айрым бөлүктөрү арналган. Бэкондун оюу 
боюнча жаңы философиянын айрым оң мааниге ээ болгон бөлүгүн экинчи бир 
талкалоочу мүнөздөгү терс маанидеги бөлүгү толуктап туруш керек. Бул бөлүк 
себепке каршы багытталып акыл жактан прогрессти кечеңдетет. Анын себеби 
толуп ар түрдүү «идолдор», «призрактар» ой жүгүртүүлөр эсептелет, булар 
адамдын акылын ажырымга алып келет. Бэкон 4 түрдөгү «идолдор» менен 
«призрактарды» айтат. Алар: 1. «Урук» идолу (idola tribus). 2. «Үңкүр» идолу 
(idola specus). 3. «Аянтча» же базар идолу (idola fori). 4. «Театр» же «теория» 
идолу (idola theatri).


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   41   42   43   44   45   46   47   48   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет