52
бизде
жөнөкөй идеяларды, башкача айтканда, тыгыздыкты, жайылышты,
форманы, кыймылды,
тынч абалды, эсепти пайда кылат». Анын ой
жүгүртүүсүндө татаал идеялар төмөндөгүчө пайда болот: 1. Идеяларды түздөн
түз суммалаштыруу. 2. Жөнөкөй идеялар салыштырылат, анализденет, бири-
бири менен окшоштурулат. 3. Жыйынтыктоо. Бул мындайча жүрөт. Бир түргө
кирген жеке предметтер жөнөкөй касиеттерге бөлүштүрүлөт, кайталанганы
бөлүнөт жана алынып салынат. Андан кийин кайталанганы суммаланып татаал
жалпы идеяны берет.
Джон Локк таанымдын 3 баскычын көрсөтөт: төмөнкү, биринчи, алгачкы:
Бул сезимдик тааным – биринчи жана экинчи сапаттардын идеясын берет.
Сезимдик тааным сырткы дүйнө жөнүндө чыныгы билимди берет.
Бирок бул
таанымга кандайдыр бир үмүтсүздүк таандык. Ишенимдүү таанымдын жогорку
деңгээли болуп – интуиция эсептелет. Локк боюнча интуиция – сезимдик же
жөнөкөй рационалдык идеялардын бири-бирине дал келишин же келбешин
акыл тарабынан түздөн түз кабылдоо. Таанымдын үчүнчү баскычы –
демонстративдик тааным. Бул түздөн түз идеянын жардамы менен эки идеянын
дал келишин жөнгө салуу. Таанымдын жүрүшүндө чындыкка жетилет. Джон
Локк социалдык-саясий көз карашында табигый укук концепциясында болгон.
Анын педагогикалык идеясы жаңы көз караштарды сунуштаган.
Барух Спиноза. 1663-жылы «Декарттын философиясынын негизи» деген
эмгеги жарык көрөт. Бул анын тирүү кезинде жана өз аты менен чыккан эмгек.
1670-жылы «Диндик саясий трактаты» деген анонимдүү эмгеги жарык көргөн.
Дин кызматкерлери
бул чыгарманы курч сынга алып, аны динден алыстоо
катары кабыл алышкан. Автору ким экендиги такталып,
китепке тыюу
салынган. 1675-жылы Спиноза эң негизги эмгеги – «Этикасын» аяктаган. Аны
жарыкка чыгара алган эмес. Спиноза жаңы доордогу философиянын
рационалисттик линиясын уланткан. Ал Декарттан айырмаланып тубаса
идеяларды четке кагат да, адамда билим алууга карата тубаса жөндөмдүүлүк
болорун айтат. Адамдын дүйнөнү изилдөөсү сезимдик,
чектелген жана
буюмдарды ачык эмес элестетүүдөн башталат. Сезимдик тааным субъективдүү
ассоцияларга, так эмес, бир жактуу идеяларга, «универсалийлерге» алып келет.
Достарыңызбен бөлісу: