Индуктивдүү ыкма. Ф.Бэкон өзүнүн индуктивдүү ыкманы түшүнүүсүн
жаратылышты иликтөөдөн, жылуулуктун «формасынан» издейт. Изилдөө
төмөндөгүчө жүрөт: Үч таблица түзөт. Биринчи таблицада («катышуу
таблицасы») изилдене турган кубулуш катышкан (күндүн нуру, чагылган,
жалын, сынык металлдар) предметтер чогултулуп берилет. Экинчи таблица
(«жоктоо таблицасы») биринчи таблицага окшош бирок жылуулук жок (ай,
жылдыз нурлары, фосфордун жарыгы ж.б.) предметтер көрсөтүлөт. Үчүнчү
таблицада (таш, металл, жыгач ж.б.) жылулуук сезимин пайда кылбаган, бирок
баскычка ээ болгон предметтер көрсөтүлүп, булл предметтердин жылуулугунун
баскычы белгиленет. Индуктивдүү ыкманын жардамы менен изилдөө
Ф.Бэконду төмөндөгүдөй жыйынтыкка алып келет: «форма» жашайт алар:
тыгыздык, оордук (салмак) ж.б.
Рене Декарт (1596-1650-жж.) Рене Декарт жаңы доордогу илимдин
жаратуучуларынын бири болуп саналат. Ал алгебрага, латын алфавитине,
башкаруу теориясынын негизине, геометрияга чоң салым кошкон. Рене Декарт
Френсис Бэкон сыяктуу илимий ойломду реформалоо зарыл деп белгилеген.
Рене Декарт Френсис Бэкондун индуктивдүү метологиясы менен тааныш болуп
аны колдогон. Бирок Р.Декарт өзү рационалисттик методологияны иштеп
чыгат.
Таанып билүүө Декарт боюнча, үч түрдөгү идея катышат: тубаса,
сезимдик тажрыйбадан келип чыккан, «ойлонуп табылган» (адамдын ойлом
ишмердигинен келип чыккан). «Сogito» - баштапкы чындык. Ой жүгүртүүнүн
факты экендигине таянып Рене Декарт ой жүгүртүүчү субъект жашай
тургандыгы жөнүндөгү жыйынтыкка келет. «Cogito ergo sum» («Мыслю,
следовательно, существую»). Бул күмөндү жаратпайт. Ошентип, «мен деген
эмне?» Ой жүгүртүүчү буюм. «Ой жүгүртүүчү буюм» деген эмне? Бул
кандайдыр бир күмөн саноочу, түшүнүүчү, бекемдөөчү, таануучу, каалоочу,
каалабаган, кыялдануучу жана сезүүчү нерсе» деп жыйынтыкка келет.
Р.Декарттын философиясы экиге бөлүнөт: физика жана метафизика, физика –
51
жаратылыштын жалпы теориясы, ал эми метафизика болсо жан жана кудай
жөнүндөгү жалпы окуу.
Достарыңызбен бөлісу: |