Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет10/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   6   7   8   9   10   11   12   13   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

менен чындыктын карым катнашы кандай жүрөт деген суроо да түйшөлтүп 
келген. Бул философиядагы негизги маселе катары философтордун ой 
жүгүртүүсүнүн негизин, талаш-тартышынын суроосун, талкуунун жана кайчы 
пикирлердин жаралуусунун себеби болгон. Натыйжада философия тарыхында 
бири бирине карама-каршы турган көз караш жаралат. Биринчилери 
руханийликти, ойломду, ой чындыгын алгачкылык катары кабылдап, аны 
негизги деп эсептеген философтор. Аларды философияда идеалисттер деп 
аташкан. Ал эми буларга каршы пикирде туруп, табиятты, материалдык 
дүйнөнү биринчилик катары карагандар материалисттер деп аталган. 
Ошентип, рухтун табиятка, ойдун материалдыкка карата болгон мамилеси 
философиядагы негизги маселе катары эсептелет.
Инсан катары калыптанып, коомдо белгилүү бир социалдык ролду 
аткарып, өзүнүн ордун тапкан ар бир адам өзүнүн жеке турмушуна 
байланыштуу гана маселелерди чечүү менен алектенбестен, жалпы терең 
мааниге ээ болгон суроолорду коюп ойлонот, пикирин билдирет, пикир 
келишпөөчүлуктөр болсо, талаш-тартыш жолу менен көз карашын бекемдейт. 
Мына ошондой суроолор катары: Дүйнө деген эмне?, Адам деген эмне?, Киши 
жашоосунун маңызы эмнеде? Бар, реалдуу болуп турган нерселердин негизин 
эмне түзөт? ж.б. эсептелет. Бул суроолордун үстүндө ой жүгүрткөн адам алган 
билиминин негизинде, турмуштан алган тажрыйбасына ылайык ой жүгүртөт. 
Башкача айтканда анын дүйнөтаанымы кандай болсо, ошол формада же 
деңгээлде ойлонот жана пикирин билдирет. Ушуга байланыштуу дүйнөтааным 
деген эмне деген суроо жаралат. 


13 
Бириинчи теманын алкагында биз дүйнөтааным жана анын типтери, 
формалары жөнүндө маалыматка ээ болобуз. Эмесе, дүйнөтааным деген эмне? 
– деген суроого жооп берели. 
Дүйнөкараш же дүйнөгө болгон көз караш (мировоззрение) – адамдын 
кимдигин, кандайлыгын аныктаган башкы белги. Философиялык окуу 
китептерде дүйнөтаанымга түшүндүрмөлөр берилип келген. Биз да анын маани 
маңызына токтоло кетели. 
Дүйнөтааным – бул адамдын жалпы дүйнө жөнүндөгү, анын дүйнөдөгү 
орду жөнүндөгү көз караштарынын жыйындысы; адамдын дүйнөгө карата 
мамилеси, ишенимдери, сезимдери жана идеалдары, жүрүм-туруму жана 
баалуулуктары. 
Дүйнөтааным бир нече элементти өзүнө бириктирип турган бүтүндүк. Ал 
адамдын 
турмуштук-практикалык, 
кесиптик, 
илимий 
жана 
башка 
билимдеринин топтомун камтыйт. Жакшылык жана жамандык, кооздук жана 
сулуулук, адилеттик жана адилетсиздик жөнүндөгү баалуулуктардын 
системасы калыптанат жана жүрүм-турумга ээ болот. Ушуга жараша 
дүйнөтааным 
калыптанат. 
Практикалык 
ишмердүүлүгү 
адамдын 
дүйнөтаанымынын көрүнүшүн шарттайт, б.а. моралдык, этикалык, эстетикалык 
баалуулук 
позицияларынын 
көрүнүшү 
аркылуу 
дүйнөтаанымдын 
чагылдырылышы ишке ашат. Жөнөкөй сөз менен айтканда, адам кандай жүрүм 
турумга ээ болсо, ошого жараша анын дүйнөтаанымы көрүнөт же 
реализацияланат Башкалар анын кимдигин билет, аны тааныйт, көрөт жана баа 
берет. 
Дүйнөкараш тарыхый жактан калыптанган жана адамзаттын коомдук 
өнүгүүсүндө өнүгүүгө дуушар болгон реалдуулук. Ушуга жараша анын типтери 
айырмаланат. Философия илиминде дүйнөкараштын типтери катары 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   6   7   8   9   10   11   12   13   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет