Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети


Дисциплинанын материалдык-техникалык жактан камсыздалышы



Pdf көрінісі
бет9/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   5   6   7   8   9   10   11   12   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

4.Дисциплинанын материалдык-техникалык жактан камсыздалышы: 


11 
Философия 
предметин 
окутууда 
университеттин 
компьютердик 
класстарындагы компьютерлер, мультимедиялык презентациялоочу жабдыктар, 
атайын слайддар колдонулат. 
VIII. 
Дисциплинанын кыскача мазмуну 
Тема 1. Философия, анын предмети, негизги маселелери
жана функциялары 
1. 
Философия илим катары. Философиянын универсалдуу проблемасы
2. 
Философия жана дүйнөтааным. Дүйнөтаанымдын тарыхый формалары 
жана формалары 
3. 
Философиянын жалпы маселелери. Философия методология катары.
4. 
Билим системасында философиянын орду жана ролу. Философиянын 
негизги функциялары
Бул теманын алкагында философиянын илим катары пайда болушу, анын 
жалпы маселелери, философиянын дүйнөтааанымдын бир формасы катары 
көрүнүшү, философия жалпы методология катары кызмат аткарышы, анын 
билимдер системасындагы орду жөнүндө сөз болот. Андан сырткары 
дүйнөтааным деген эмне, анын типтери жана формалары кайсылар деген 
сыяктуу маселелер, философиянын жалпы илими катары аткарган кызматы 
каралат. 
Ар бир философияны окуган же ага кызыккан инсан бул терминдин келип 
чыгышы жана ал эмнени билдире тургандыгы жөнүндөгү суроолорду коет. 
Ошондуктан ушул термин эмнени билдирет. Ал качан пайда болгон, кайсы 
жерде колдонулгандыгы жөнүндөгү маселеге токтоло кетели. «Философия» 
термин катары Антикалык Грецияда пайда болгон. Философ деген сөздү 
алгачкылардан болуп колдонгон ойчул байыркы грек ойчулу Пифагор (болжол 
менен б.з.ч. 580-500жж.) болгон. Ал философиянын маңызы чындыкка жетүү 
экендигин айтат. “Философия” - гректердин и phileo (сүйөмүн) жана sophia 
(акылмандык) деген эки сөзүнөн келип чыгып “акылмандыкка болгон сүйүү” 
дегенди билдирет. Ал эми сүйүүнү акылмандыкка карата алганда билимге 
болгон умтулуу, акылмандыкка болгон сүйүү деп түшүнүшкөн. Гректердеги 
дагы бир “софисты” ( грекче sophistes – чебер, устаз, сүрөтчү) деп аталган 
философиялык багыты философиянын башкы милдети катары шакирттерин 
акылмандыкка үйрөтүү деп түшүнгөн. Бирок акылмандыкты чындыкка жетүү 
катары эмес, ар ким өзү туура жана пайдалуу деп эсептегенди далилдөө 
чеберчилиги деп кабылдашкан. Ал эми белгилүү ойчул Платон (жашаган 
мезгили – б.з.ч.- 428/427 – 347 жж.) адам үчүн тубөлүктүү жана абсолюттук 
болгон чындыкты таанууну философиянын негизги милдети катары түшүнгөн. 
Ал эми гректердин дагы бир ойчулу Аристотель (б.з.ч. 384-322-жж. жашаган) 
философиянын милдети болуп жалпы болмушту таануу, ал эми предмети 
катары болмуштун себеби эсептелерин билдирет. 


12 
Демек, философия – бул дүйнө, адам жана адамдын дүйнөдөгү орду 
жөнүндөгү илим. Ушул эле түшүнүк менен биз бүтүндөй бир толук, ар 
тараптуу мүнөздөмө бере алдык деп айтууга болбойт. Дагы тереңирээк карасак, 
философия – бул табият, коом, адам жана алардын өз ара карым-катнашы, өсүп 
өнүгүп турушунун жалпы мыйзам-ченемдүүлүктөрү жөнүндөгү илим деп 
айтабыз. Ошол эле учурда философия – бул дүйнөкараш; дүйнөкараштын эң 
жогорку деңгээли жана формасы болуп саналат. Ал гана эмес, философия – бул 
методология деп да айта алабыз. Анда эмесе кеп ушул багытта болсун. 
Ошентип, байыркы мезгилде пайда болгон философияны бүгүнкү күндө 
илим, жогорку окуу жайдын студенти окуган предмет катары окутуп жатабыз. 
Философия илиминин предмети кайсы, эмне маселелерди изилдейт деген суроо 
бардык ушул предметти окугандарда пайда болот. Андыктан ушул маселеден 
баштасак. 
Дегеле ар бир илимдин изилдей турган башкы, маанилүү, өзөктүү 
маселеси болот. Ошондой маселени философияда универсалдуу деп коет. 
Философиянын андай маселеси катары бар болуп, реалдуу жашап турган дүйнө 
жана адам маселеси кабылданат. Аалам деген эмне, адам деген эмне жана 
“дүйнө-адам”карым-катнашы кандай жолдор менен болот деген суроо эң 
башкы ,жалпы маселеси. 
Ушул эле өтө жалпы маселенин алкагында рух менен табияттын, ой 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   5   6   7   8   9   10   11   12   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет