Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет13/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   9   10   11   12   13   14   15   16   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

маселелерин талдоо турат. Дүйнөнү таанып билебизби же билбейбизби, 
таанымдын мүмкүнчүлүктөрү кандай деген суроолор, анын ыкмалары, максаты 
жөнүндөгү ойлор да философиянын өтө кызыккан маселелеринен. Ошол эле 
учурда таанып билүү деген эмне, ал кантип жүрөт, анын маңызы эмнеде, 
таанып билүүнүн объектиси жана субъектиси дегенде эмнени билебиз
чындыкка жетүүнүн жолу кандай жана ал эмнелер аркылуу тастыкталат деген 
сыяктуу 
суроолор 
философиянын 
изилдөөсүнүн 
башкы 
суроолору. 
Философияда ушул маселелерди изилдеген окуу гносеология деп аталат. Ал 
гректердин gnosis жана logos деген эки сөзүнөн туруп, тааным жөнүндөгү, 
билим жөнүндөгү окуу дегенди түшүндүрөт. Демек, гносеология да 
философиянын изилдөөсүнүн дагы бир маанилүү бөлүгү.
3. 
Жогоруда белгилеп кеткендей философияны адам жөнунөгү илим деп да 
айтууга болот. Ошондуктан анын изилдөөсүнүн бир багыты адам маселесине 
арналган. Башкача айтканда философия адам болмушунун жалпы жана 
маанилүү маселелерин изилдөөгө багытталган. Философия илим катары 
калыптанып жатканда эле адам деген эмне, ал кантип жашайт, жашоосунун 
маңызы эмнеде, анын бактысы эмне менен аныкталат, жакшылык жана 
жамандык дегенди кантип баалайт ж.б. суроолор түйшөлткөн. Философиянын 
бул маселелерди изилдеген бөлүмү философиялык антропология деп аталат. 
4. 
Адам кайда жашайт, ал ким менен карым-катнашта болот, анын 
социалдык талаптары кайсы жерде орундалат деген суроолор жаралышы 
мүмкүн. Анан албетте, ал маселелер коом аркылуу байланышта болорун 
айтабыз. Ошондуктан философянын изилдөөсүнүн дагы бир багыты коомдун 
жашап жана өнүгүп туруусунун жалпы маселелерин изилдөө болуп саналат. 
Анткени адамдын инсан катары калыптанып, социалдык ролдорду аткаруусу 
коом аркылуу жана коомдо жүрөт. Философиянын коом маселесин изилдеген 
бөлүгү социалдык философия деп аталат. 
Философия илими башка илимдер менен байланышы кандай жана эмнеси 
менен айырмаланат деген да суроо жаралышы мүмкүн. Ооба, философия башка 
илимдерден өзүнө тиешелүү ыкмалары бар экендиги менен айырмаланат. 
Ошондуктан философиялык ыкмаларды билүү да маанилүү. Философиялык 
ыкмалар – философиялык маселелерди изилдөөнүн жолдору, тигил же бул 
жактары жана жол-жобосу. Мындай философиялык ыкмалар катары 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   9   10   11   12   13   14   15   16   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет