Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет26/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   22   23   24   25   26   27   28   29   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Элей мектеби. Элей мектебинин негиздөөчүсү катары Ксенофан 
эсептелет. Калыптануусу б.з.ч. VI-кылымга таандык. Анын улантуучулары 
Парменид, Зенон болгон. Ксенофан Пифагордун замандашы болгон жана б.з.ч. 
VI-кылымдагы башка диндик кыймылдын өкүлү эле. Ал Кичи Азиядагы 
Иониялык колония болгон Колофондо төрөлгөн. 25 жашында ал шаарды 
таштап көп жылдар бою тентип жүргөн. Б.з.ч. V-кылымда өтө карыган 
убагында дүйнөдөн кайтат. Ксенофандын окуусун пантеисттик монизм деп 
түшүнсө болот. «Баары бирдиктүү» жана ал «бирдиктүүлүк кудай болуп 
саналат». Бул анын бардык окуусунун жыйындысы. Чыныгы кудай бирдиктү, 
түбөлүктүү, чексиз башталыш. Ал баарын көрөт, жөнгө салат. Экинчи жагынан 
ал бардык нерсени түшүндүрөт. Ал асмандын бардык буюмдардык биримдиги 
деп белгиленет. Дүйнө чексиз жогорку – аба жана төмөнкү – жер катары 


31 
таанылат. Жер тереңдиги жана жайылып жатышы боюнча чексиз, бардык 
тарапка созулуп жатат. Жер жана суудан баары пайда болот, алар бирдиктүү, 
аба менен күндүн отторунун таасири менен ажыратылган. 
Ошентип Ксенофанда өтө тыкан түрдөгү философиялык окуу жок 
болгонуна карабастан элей философиясына программа сунуш кыла алган. Аны 
Парменид уланткан. Пармениддин философиялык чыгармачылыгы б.з.ч. V-
кылымдын биринчи жарымына таандык. Ал пифагорчулар менен да тыгыз 
байланышта болгон. Парменид философиялык көз карашын өзүнүн поэмасында 
чагылдырат. Ал эки бөлүктөн турган: 1. чыныгы болмуш жөнүндө, 2. жашоо 
жөнүндө. Пармениддин окуусу боюнча таанымдын эки жолу бар, болмуш-эмес 
жөнүндө айтууга болбойт, анткени кичине болсо да ал бар; эгерде ал башка 
мазмунга ээ болсо анда ал эч кандай барлык болуп эсептелбейт. Парменид 
боюнча дүйнө бөлүнгүс, өзгөрүлбөс жана таанылбас сфера, сезимдик кабылдоо 
бул бирдиктүү болмуш ажыратылып кабылданат, ал көптөгөн, өзгөрүлмө 
кыймылдуу буюм болуп кабылданат, ал жок болот жана кайра пайда болот. 
Ошондуктан, кубулуш дүйнөсү болмуш жана болмуш-эмести өзүнө кошуп 
турат. Болмуш-эмес бул жалган көрүнүш, бирок бул көрүнүш бирдиктүү 
болмушни көптөгөн буюмдарга ажыратат, мейкиндиктеги боштукка бөлөт, аны 
убакытка ажыратат. 
Зенон. Пармениддин идеяларын Зенон уланткан (б.з.ч. 490-430-жж.). 
Зенон оюунун оригиналдуулугун анын диалектикасынан көрүүгө болот. Ал 
акылга сезимдерди каршы койгон тенденцияны андан ары уланткан. Зенон 
Пармениддин каршыларынын тезисин анализдеп келип бардык тезистер 
карама-каршылыкка алып келерин айтат. Зенондун кыймылга байланыштуу 
апориялары кеңири белгилүү. Анын мазмуну төмөндөгүчө: кыймылдагы тело 
белгилүү бир аралыкка кыймылдайт. Бирок ар кандай аралык чексиз бөлүнөт, 
кыймылдагы тело зарылчылыкка байланыштуу ал аралыктын жарымын өтүш 
керек, андан кийин гана калган экинчи бөлүгүн өтөт. Бирок ошол жарым 
аралыктын жарымын, акыркы жарымдын дагы жарымын (акыркы аралыкка 
чейин) өтүш керек. Ошондуктан аралыктын жарымы саны боюнча чексиз, бул 
апория («дихотамия») боюнча тело эч качан оордунан жылбайт, максатка 
жетпейт, анткени аралыктын бөлүнүшү чексиз жүрө берет. 
Зенондун экинчи апориясы «Ахиллес». Бул апория төмөндөгүдөн 
көрүнөт: ташбаканы кууп жетиши үчүн кууп кетип жаткан старт башталган 
чекке барыш керек бул убакта качып кетип жаткан булл чектен бир топ 
аралыкка жылып кетет, кууп бара жаткан ошол чекти өткөндө качып кетип 
жаткан жай жүрсө да ордунда турбай жылып турат. «Ошентип ар бир жолу бул 
аралык улам аз калып отурат, качып кетип жаткан кандай гана болбосун 
кандайдыр бир аралыкты басып өтөт, анткени ал кыймылда. Натыйжада 
чоңдуктун чексиз бөлүнүшүнө байланыштуу аралык чексиз бөлүнүп отурат да 
Ахиллес ташбаканы кууп жете албайт. 
«Жебе» деп аталган апорияда жебениннын учуусунун траекториясы 
каралат жана ар бир убакыт жебе тынч абалында турат. Натыйжада жебенин 
кыймылы тынч абалдын суммасы катары эсептелет. Ошондуктан учуп бара 


32 
жаткан жебе тынч, кыймылсыз абалда болот. Апорияларда кыймылдын мүмкүн 
эмести айтылат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   22   23   24   25   26   27   28   29   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет