Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет27/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   23   24   25   26   27   28   29   30   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Эпикур. Б.з.ч. 341-340-жылдары Самос аралында төрөлгөн. Анын 
алгачкы окутуучусу Самос аралындагы Памфилий болсо, Афинага келгенде 
Ксенократтан окуган. Ал 300 дөн ашык китептин автору болгон. Алардын 
ичинен «Жаратылыш жөнүндө», «Атомдор жана боштук жөнүндө», 
«Физиктерге карата кыскача макул эместик жөнүндө», «Критерий же канон 
жөнүндө», «Жашоо образы жөнүндө», «Түпкү максат жөнүндө» деген 
чыгармаларынын аталыштары гана сакталып калган. 
«Буюмдардын жаратылышы жөнүндө» деген чыгармасы Эпикурчулук жөнүндө 
кеңири маалымат берет. Эпикурдун оюу боюнча философия менен алектенүү 
бакытка карай жол болуп эсептелет. Жаратылышты үйрөнгүсү келген адам 
таанымга муктаж болот. Аны Эпикур «Каноника» деп атаган. Ошондуктан 
анын тааным теориясынын негизинде критерий же канон жөнүндөгү («канон» - 
ченем, үлгү, критерий) окуу жатат. 
Телолор өзү жөнөкөй же татаал болушат, мында татаал телолор жөнөкөй 
телолордон турат, ал эми жөнөкөй телолор жөнөкөй, анткени алар бөлүнгүс. 
Алар атомдор. Атомдор бекем жана бөлүнгүс, анткени атомдор абсолюттук 
тыгыздыкка ээ, боштук жок. Эпикур боюнча атомдор чоңдугу, формасы жана 
салмагы боюнча айырмаланышат. Атомдун чоңдугу чектелген, аны көрүүгө 
мүмкүн эмес. Атомдордун формасынын саны чексиз эмес, эсепсиз көп эмес. 
Бул жерде Эпикурдун кыйыр түрдөгү Демокрит жана Левкипп менен болгон 
полемикасы байкалат. 
Атомисттер. Атомизмдин негизги идеялары Левкипп тарабынан 
айтылып, системага салынган. Ал Милет шаарынан чыккан жана Зенондун 
окуучусу болгон деген маалыматтар болгон. Левкипп б.з.ч. V-кылымдын орто 
ченинде Милетте төрөлгөн. Левкипптин чыгармалары: «Чоң дүйнөтүзүлүшү» 
«Акыл жөнүндө». Ал эми Демокрит болсо аны андан ары өнүктүргөн. 
Демокрит (б.з.ч. 460-370-жж.) – байыркы грек философ-материалисти, ар 
тараптан өнүккөн инсан. Энциклопедиялык мүнөздөгү акылман окумуштуу 
катары Байыркы Грециядагы атомистик илимдин негиз салуучусу жана 
Левкипптин окуучусу.
Демокриттин материалисттик илиминин негизинде атомистик окуу жатат, 
ошондуктан ал атомистик окуунун да негиз салуучусу. Демокриттин оюу 
боюнча ааламдагы, бүтүндөй дүйнөдөгү болгон нерселердин, жашоо-
тиричиликтин негизинде атом жатат. Ошону менен катар «боштукту» да атом 
катары карап нерселердин негизинде атом жана боштук жатат деп түшүнгөн. 
Демокриттин айтуусу боюнча, атомдор эч бөлүнбөйт, алар материянын 
бөлүнгүс негизи. Атом бөлүнөт деген нерселер эң кичине майда бөлүктөргө 
бөлүнүп олтуруп, жок болуп кетет дегендикке жатат. Ошондуктан атомдор эң 
кичине майда бөлүкчөдөн турат да, бардык нерселердин негизин түзөт. 
Атомдор ар дайым кыймылда болот, ошого байланыштуу кыймыл атомдун 
ажырагыс бөлүгү, атом түбөлүк кыймылда болот. 


33 
Атомдор бири-биринен өздөрүнүн сырткы түзүлүшү чоңдугу, өзүнүн 
орду жана жайгашуу катары боюнча айырмаланып турушат. Атомдор, 
Демокриттин оюу боюнча, баш аламан, ар тарапты көздөй жулкунуп, силкинип, 
тынбай, эң чоң ылдамдыкта, бардык тарапты көздөй «куюндай» болгон түбөлүк 
кыймылда болушат. Демокрит, жаратылышты диалектикалык мүнөздө 
түшүнгөн, анткени, ал Ааламдын «үстү», «асты», «ортосу», «чети», 
«түгөнүүсү» жок деп эсептеген. Бул анын оюунун философиялык тереңдиги. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   23   24   25   26   27   28   29   30   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет