Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет61/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   57   58   59   60   61   62   63   64   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Махмуд Кашкари (1028-1117-жж.) - орто кылымдагы окумуштуу, 
философ. Ал 1028-жылы (болжол менен) төрөлгөн. Махмуд Кашкаринин 
негизги эмгеги «Дивану лугат ат-түрк» («Түркий тилдер сөз жыйнагы»). 
Эмгектин үстүндө узак убакыт иштеген. Изилдөөчүлөрдүн айтуусу боюнча 
эмгегин жазуу үчүн он беш жыл материал жыйнаган. Ал түрк тилинде сүйлөгөн 


67 
уруулар жашаган кеңири аймактын баарын кыдырып чыккан. «Диванды» автор 
1072-жылы 25-январда баштап, 1074-жылы 10-февралда аяктаган. Эмгегин 20 
жылдын ичинде төрт жолу редакциялап чыккан. Бул 4 томдон турган чыгарма 
жөнөкөй гана түрк тилинин сөздүгү болбостон, түрк элдеринин тарыхын,
маданиятын, турмуш чындыгын тааныштырган эмгек. Анын негизги максаты – 
тилдик бай материалга таянып, экономиканы, саясатты, түрк элдеринин рухий 
маданиятынын өзгөчөлүгүн, анын ичинде илимий билимдин жана техниканын, 
искусствонун жана адабияттын жетишкендиктерин, философиялык, этикалык 
жана эстетикалык дүйнөтаанымын, салт-санаа, каадасын, диндик ишенимдерин 
көрсөтүү. Мына ушуга байланыштуу Махмуд Кашкари ар тараптуу өнүккөн 
окумуштуу деп жыйынтык чыгарууга болот. Ал түрк тилдеринин сөздүк 
курамын, лексикасын үйрөнүп, «Диванда» адамдардын таанып билүүсүнүн 
деңгээлин чагылдырат. Эмгекте 7500дөн ашык терминдер жана сөздөр 
анализденет. Ар түрдүү сөздөрдү жана түшүнүктөрдү ар тараптуу ачып берүү 
үчүн Махмуд эмгекте адабий чыгармалардан 240 куплет ыр, 290 макал-
лакаптарды мисал келтирет. Ошондой эле ошол мезгилдеги адамдардын 
дүйнөтаанымын чагылдырган жалпы категориялар жана түшүнүктөр да 
камтылган. 
«Сөздүктө» ошол учурдагы түрк элдеринин илимий билимин, 
маданиятын чагылдырган категориялар кездешет. Түрк урууларынын алгачкы 
лингвисти катары Махмуд Кашкари тил маселесине өзгөчө көңүл бурат. Анда 
тилдин социалдык функциясы, сөздүк запастын өзгөрүү проблемаларын, 
тилдердин өз ара өнүгүүсүн изилдөөгө аракет жасайт. Ал түрк тилдерин ар 
түрдүү топторго бөлүп классификациялайт. Фонетикалык-морфологиялык 
белгиси боюнча Махмуд Кашкари түрк тилдерин чыгыш жана батыш 
тайпаларга бөлөт. Чыгыш тайпасына чигил, огуз, хакан (уйгур) жана кытайдын 
чегине жакын жердеги түрк урууларынын тилдери кирген. Батыш тайпа – 
йемек, кыпчак, печенег, болгар жана башка уруулардын тилдери. Тилчи ар 
түрдүү уруулардын тилдеринин жалпы окшоштугун, спецификалык 
өзгөчөлүгүн, айырмачылыгын көрсөтөт. Негизинен, М.Кашкари чыгармасында 
дүйнө караштык түшүнүктөр менен категорияларды талдап, түрк элдеринин 
дүйнө таанымын жана адамдын дүйнөгө жана өзүнө карата болгон мамилесин, 
ишенимдерин, баалуулук ориентациясын, идеясын чагылдырат. 
М.Кашкаринин философиялык ой жүгүртүүлөрүнүн борборунда түрк 
элдеринин жаратылыш жөнүндөгү түшүнүктөрү.. Анын география жаатында 
рельеф, климаттык шарттар, калктын жайгашуусу жөнүндөгү маалыматтары 
чоң мааниге ээ. «Сөздүктө» түрк элдеринин медицина тармагы боюнча 
таанымдары чагылдырылат. Окумуштуунун эмгегинен түрк элдеринин 
медицинасы жөнүндө, ар түрдүү ооруларды дарылоо жөнүндө, минералдык 
жана 
өсүмдүктөн 
дары-дармектерди 
даярдоонун 
жолдору 
жөнүндө 
маалыматтарды билүүгө болот. Махмуд бул чыгармасында замандаштарына ар 
түрдүү ооруларды дарылоонун жол жобосун түшүндүрөт, дары өсүмдүктөрү 
жөнүндө системага салынып топтоштурулган маалыматтарды берет. 


68 
«Сөздүктүн» 1-томунда эле 200дөн ашык дарынын түрлөрүн жана 30дан ашык 
кеңири таралган оорунун атын айтып анын өзгөчөлүктөрүн ачып көрсөтөт. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   57   58   59   60   61   62   63   64   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет