82
(феноменология) бере алат. «Рух өзү гана өзүнчө жана өзү үчүн бытие». Бул
гана чыныгы илимий жана рационалдуу үйрөнүүгө карата автономдуу жана
жеткиликтүү. Ошондуктан жаратылыш жөнүндөгү илим рух жөнүндөгү илимди
сунуштайт». Феноменологиядагы негизги түшүнүк – феномен түшүнүгү. Ал
кубулуш дегенди билдирет. Бирок бардык эле кубулуш феномен боло албайт.
Кубулушта буюмдардын жаратылышы көрүнгөндө феномен боло алат.
Гуссерлдин идеялары Р.Ингарден, Э.Штрекер жана экзистенциализмдин
өкүлдөрү
Хайдеггер, Ясперс, Марсель, Сартр, Камю тарабынан улантылган.
Экзистенционализмде диндик (Ясперс, Марсель, Бубер, Бердяев, Шестов) жана
атеисттик (Хайдеггер, Сартр, Камю, С.де Бовуар) түрлөрү айырмаланат.
Хайдеггер боюнча философия – илим эмес, ал ой жүгүртүүнүн өзгөчө ыкмасы
болуп саналат. «Философия биз акылмандык кылганда» гана бар болуп турат.
«Философия бул – философиялык кылуу». Анын оюу боюнча адам күнүмдүк
турмушта конкреттүү жашоосу менен байланышат. Күнүмдүк карым-катнаш
адамды зеригүүгө, кусалантууга, ал турсун коркунучка алып келет. Инсан өзүн
жалгыз, обочо сезет. (Ясперс, Сартр, Марсель).
Заманбап философияда XIX кылымдагы философиялык концепциялар
андан ары улантылат.
Марксизм,
позитивизм, иррационализм ж.б. көптөгөн
философтор «натуралисттик» жана сциентисттик (илимий билимге таянган)
философиялык концепцияларды сынга алынат.
Философиянын болмуш жана
тааным теориясы катары мамилесине карата пессимисттик маанайлар күчөйт,
антропологиялык маанай популярдуу болуп калат. 20-30-жылдары биринчи
планга неотомизм, позитивизм, экзистенциализм чыгат. 60-жылдардан тартып
франкфрут мектебинин социалдык философиясы, структурализм, герменевтика
өнүгөт. Андан кийин фрейдизм популярдуулукка жетишет, ал эми 70-80-
жылдары постмодернизм өнүгөт.
Достарыңызбен бөлісу: