Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет80/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   76   77   78   79   80   81   82   83   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

4. Марксизм жана неомарксизм 
Марксисттик философиянын пайда болушу коомдун жашоосунун 
материалдык шарттарынын өнүгүүсү менен шартталат. XIX кылымдын 
биринчи жарымында капиталисттик өндүрүш жолу биротоло калыптанып 
бүтөт, капитализмдин антагонисттик карама каршылыгы ачык көрүнө баштайт. 
Бул антагонизм пролетариат менен буржуазиянын ортосунда болгон. Бул 
учурда жумушчу табы өзүнүн экономикалык жана социалдык кызыкчылыктары 
бар тап катары калыптанат. Марксизм Германияда пайда болот жана ал 
немецтик кыймыл болбостон, бүткүл дүйнөлүк жумушчу табынын 
кызыкчылыгын көздөгөн окуу катары калыптанат. Анын башында К.Маркс 
жана Ф.Энгельс турган. 
Карл Маркс (1818-1883-жж.) Карл Маркс адамзаттын тарыхында 
көрүнүктүү, гениалдуу, илимге революциячыл көптөгөн жаңылыктарды 
киргизген адам. К.Маркс биринчи жолу философия илиминде диалектикалык-
материалисттик көз карашты бир илимий система катары иштеп чыккан. 


87 
Эгерде К.Маркска чейин диалектика менен материализм бири-бири менен 
байланышсыз, өз алдынча метод жана көз караш болуп келсе, К.Маркс аларды 
бири-бири менен илимдин негизинде өз ара айкалыштырып, байланыштырып, 
бүтүндөй бир философиялык илимий методикалык көз караш катары, илимий 
курал кылып, бүт илимдерди куралдандырды. Ушунун негизинде, К.Маркс 
биринчи жолу диалектикалык-материалисттик көз карашты жана методу 
коомду изилдеп таанып-билүүгө колдонуп (жайылтып), коомдун негизин 
материалисттик түрдө түшүнүп, аны илимий негизине койду. Ошондуктан, 
К.Маркстан баштап коом биринчи жолу материалисттик түрдө түшүндүрүлүп, 
билүүгө мүмкүнчүлүк алды жана коомдук өсүп өнүгүүнүн негизинде 
объективдүү закондор жаткандыгын илим биринчи жолу системалуу түрдө өз 
далилин берди.
Фридрих Энгельс (1820-1895-жж.). Анын «Үй бүлөнүн, жеке менчиктин 
жана мамлекеттин келип чыгышы», «Людвиг Фейербах жана немецтик 
классикалык философиянын бүтүшү» аттуу эмгектеринде марксизмди 
толуктап, кеңейтип, тереңдетип, иштеп чыккан. Өзгөчө Ф.Энгельстин – 
«тарыхты материалисттик негизде түшүнүү, тарыхый процесстин жүрүшүндө 
жана анын акыркы аныктоочу учуру болуп коомдук өндүрүш эсептелинет» 
деген оюу марксизмдеги чоң ырастоочулук. Ф.Энгельстин оюу боюнча – бул 
деген, - коомдук өнүгүүдө коомдун башка тармактары: акыл-эс, ой-пикир, 
саясат, идеология, илим, искусство, мамлекет ж.б.у.с. коомдо эч кандай мааниге 
ээ эмес, алардын эч кандай ролу жок дегендикке жатпайт. Алардын да коомдук 
өнүгүүдө, шартка жараша, өз орду жана ролу бар. Бирок, коомдук өнүгүүнүн эң 
негизги аныктоочусу болуп коомдук өндүрүш болуп саналат деген. Булардын 
идеяларын Ленин (Ульянов) Владимир Ильич (1870-1924-жж.) уланткан. 
1908-жылда 
жазган 
«Материализм 
жана 
эмпириокритицизм» 
деген 
философиялык эмгегинде табигый илимдердин ачылыштарына материалисттик 
көз караш менен карап, аларга терең анализ берген. Алсак, «материя» деген 
түшүнүккө лениндин берген аныктамасы – «материя» бул объективдүү 
реалдуулук, ал чексиз, жоголуп, жок болуп кетпейт, ал эми илимдеги 
материянын жаңы түрлөрүн ачуу – бул материя жок болуп кетти дегендикке 
жатпайт, тескерисинче материяны мурдагыга караганда дагы тереңирээк билип, 
биз билим чегибизди дагы алдыга жылдырдык дегендикти билдирет.
Марсизмдин идеяларынын заманбап улантуучулары неомарксизм деген 
атка бириккен. Бул ар турдүү социалдык-философиялык агымдарды 
бириктирет. Солчул партиялардын көз караштары, Батыш Европада 
социалисттик тартитин орнобой калышы, нацисттик кыймылдын жогорулашы 
жөнүндөгү маселелерге кайрылат. Белгилүү өкүлдөрү Макс Хоркхаймер
теодор Адорно ж.б. эсептелет 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   76   77   78   79   80   81   82   83   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет