Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет88/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   84   85   86   87   88   89   90   91   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

детерминация байланышын билдирет 
Детерминизм жана индетерминизм. Детерминизм – чектөө, белгилөө, 
аныктоо деген латын сөзү. Бардык кубулуштардын жана процесстердин өз ара 
байланышы жана өз ара алдан ала аныкталуусу жөнүндөгү окуу; жалпы 
себептүүлүк жөнүндөгү философиялык доктрина. Индетерминизм – 
детерминизмдин каршысы; себептик байланыштардын объективдүүлүгүн четке 
каккан же илимде себептик жактан түшүндүрүүнүн маанисин таанууну жокко 
чыгарган методологиялык позиция жана философиялык көз караш. 
Диалектиканын мыйзамдары 
Мыйзамдар жеке, жалпы жана өтө жалпы (универсалдуу) мыйзамдар деп 
бөлүнөт. Ошондой эле жалпылыгы же предметтик тармагы боюнча да 
классификацияланат. Философияда жана башка илимдерде динамикалык жана 
статистикалык (вероятностный) мыйзамдар айырмаланат. 
Мыйзам – кубулуштар жана процесстер ортосундагы зарыл, олуттуу, 
туруктуу, кайталанма мамиле; философияда мыйзам: кимге же эмнеге 
белгилүү же белгисиз болгонун карабастан объективдүү жана субъективдүү 
дүйнөнүн маңызын чагылдырат.


103 
Динамикалык мыйзамдарбул физикалык мыйзам; физикалык 
чоңдуктардын ачык байланышы түрүндөгү объективдүү мыйзам 
ченемдүүлүктү сандык түрдө көрсөтүү. Ал эми динамикалык теория – 
динамикалык мыйзамдардын жыйындысын билдирген физикалык теория. 
Тарыхый жактан алганда бир түрдөгү биринчи жана эң жөнөкөй теория 
И.Ньютондун классикалык механикасы болгон. 
Динамикалык мыйзамдар универсалдуу мүнөзгө ээ, б.а., алар 
изилденүүчү бардык объекттерге тиешелүү. Мыйзамдардын бул түрүнүн 
айырмалоочу өзгөчөлүгү – алардын негизинде алынган божомолдор
ишенимдүү жана ачык айкын болуп саналат.
Аны менен бирге табият таанууда божомолдоолору так эмес, ыктымал 
мыйзамдар формулировкаланат. Бул мыйзамдар статистикалык же ыктымал 
мыйзамдар деп аталат. 
Ыктымал деп аталганын себеби – аларга негизделген корутундулар 
маалыматтарга логикалык жактан ээрчишпейт, демек, ишенимдүү жана ачык 
айкын эмес. Маалыматтын өзү статистикалык болуп, табият таануу илиминде 
кыйла кеңири таралган да, статистикалык мыйзам деп аталат. 
Диалектиканын мыйзамдары – универсалдуу мыйзамдар. Алар:
1. 
Сандык өзгөрүүлөрдүн сапаттыкка өтүү мыйзамы
2. 
Карама каршылыктын биримдигинин жана күрөшүнүн мыйзамы 
3. 
Танууну тануу мыйзамы 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   84   85   86   87   88   89   90   91   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет