137
-тексттен алынган сөз менен жаңы
сөздөрдү жасайт;
-тексттеги сүйлөмдөрдүн баш жана
айкындооч мүчөлөрүнүн
ролунда зат
атоочту, сын атоочту жана этишти
аныктайт.
- тексттен сын атоочторду
таап, алардын даражасын
аныктайт;
- тексттен сан атоочторду
табат
жана
түрүн
аныктайт;
- тексттен ат атоочторду
табат,
жактама
ат
атоочторду
туура жөндөй
алат;
-тексттен этиштерди таап,
чагын ажыратат;
- аларды кебинде туура
пайдаланат.
Окуучулардын кыргыз тили боюнча алган билимдерин бекемдөөдө
грамматикалык көнүгүүлөрдү жүргүзүү жана ар түрдүү суроо-
тапшырмаларды аткартуу эң негизги орунду ээлейт.
Грамматикалык көнүгүүлөр жана суроо- тапшырмалар ар түрдүү
мазмунду, ар кыл иш- аракеттерди ичине камтыйт жана оозеки, жазуу
жүзүндө жүргүзүлөт. Эне тилин текстке
байланыштуу окутууга карата
түзүлгөн окуу китептеринде грамматикалык көнүгүүлөр жана суроо-
тапшырмалар куррикулумдун талаптарына ылайык окуучулардын жалпы
жана предметтик компетенцияларын калыптандырууга багытталган
мазмунда болууга тийиш.
Мисалы, 2,3,4- класстарда грамматикалык көнүгүүлөрдүн жана суроо-
тапшырмалардын төмөнкүдөй түрлөрүн пайдаланууга болот:
- грамматикалык эрежелерди өздөштүрүү;
- грамматикалык көнүгүүлөрдү тексттин негизинде аткаруу;
- грамматикалык талдоолорду текстке байланыштуу жүргүзүү;
- тексттин мазмунуна талдоо жүргүзүү;
138
- жат жазуунун түрлөрүн жазуу;
- текст боюнча
суроо-тапшырмаларды аткаруу;
- сөздүк иши;
- сөздөн сөз, сөздөн сүйлөм түзүү;
- сүрөт боюнча сүйлөм, текст түзүү;
- таяныч сөздөр боюнча текст түзүү;
- суроолорго жооп берүү;
- сөз оюндары;
- кроссворд түзүү, толтуруу;
- кластер түзүү;
- синквейн түзүү;
- табышмак жандыруу;
- макал-лакап, учкул сөздөрдүн маанисин чечмелөө;
- жаңылмач айтуу;
- аңгеме, жомок, ыр жазуу;
- тексттин негизинде ролдук оюндар;
- дилбаян жазуу;
-
баяндама жазуу;
- тесттик тапшырмаларды аткаруу;
- карточкалар менен иштөө;
- перфокарталар менен иштөө;
- тексттин негизинде түрдүү тапшырмаларды ичине камтыган
грамматикалык көнүгүүлөрдү аткаруу;
-
эссе жазуу;
схема, таблицалар менен иштөө;
логогрифтер, метограммалар, акроырлар менен иштөө;
ребустарды жандыруу;
интерактивдүү стратегиялар менен (кластер, синквейн, инсерт,
пирамидалык окуя, Венндин диаграммасы, ж.б.) иштөө.
139
4-класстын “Кыргыз тили” окуу китебинде тексттин негизинде
иштетилүүчү грамматикалык көнүгүүлөр буга мисал боло алат.
Достарыңызбен бөлісу: