Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети


Таблица 2.4.1.5.- Ой жүгүртүү көндүмдөрүнүн ишке ашырылышы



Pdf көрінісі
бет34/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   30   31   32   33   34   35   36   37   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

Таблица 2.4.1.5.- Ой жүгүртүү көндүмдөрүнүн ишке ашырылышы. 
Деңгээл 
Окуучу 
эмне 
кылат 
Окуучулардын 
ишмердигин 
аныктаган этиштер 
Билим 
(айтып 
берет, көрсөтүп 
берет, багыттайт) 
Кабыл 
алат, 
эсине 
тутат, 
таанып- билет 
Санап берүү, эске тутуу; атап берүү 
Түшүнүү 
(салыштырат, 
каршы коѐ алат, 
көрсөтө алат). 
Түшүндүрө алат, 
өзгөртө 
алат, 
көрсөтө алат. 
Талкуулоо, аныктоо, айтып берүү. 
Колдонуу. 
(Байкоо жүргүзө 
алат, жардам бере 
алат, 
сындай 
алат) 
Көйгөйлөрдү 
чече 
алат, 
билимдерин 
көрсөтө алат. 
Колдонуу, тандап алуу, табуу, 
изилдөө, эскперимент жүргүзүү, 
пландаштыруу, 
иллюстрациялоо, 
эскиз тартуу. 
Талдоо. 
(Багыт 
бере 
алат, 
изилдей 
алат, 
маалымдай алат). 
Ажырата 
алат, 
талкуулай алат, 
ачып бере алат. 
Талдоо, 
топтоштуруу, 
классификациялоо, 
салыштыруу, 
каршы коюу, талкуулоо, изилдөө, 
түшүндүрүү, тандоо, текшерүү. 
Баалоо 
(Тактай 
алат, божомолдой 
алат, 
гармониялаштыра 
алат). 
Дискуссияга 
катыша 
алат, 
баалай 
алат, 
тандай алат. 
Далилдөө, тандоо, салыштыруу, 
корутунду чыгаруу, аргументтерди 
келтирүү, түшүндүрүү, сунуштоо, 
жыйынтыктоо, текшерүү, баалоо 
Чыгармачылык 
(Жалпылай алат, 
баалай алат, ой 
жүгүртө 
алат, 
жарата алат). 
Жалпылай алат, 
пландаштыра 
алат, жарата алат. 
Топтоштуруу, 
чогултуу, 
түзүү, 
жаратуу, ойлоп табуу, жалпылоо, 
пландаштыруу, сунуштоо, кайрадан 
топтоштуруу, 
кайрадан 
жазып 
чыгуу. 


144 
Таблицада көрүнүп тургандай, коюлган максаттардын деңгээлине жараша 
мугалим тигил же бул көндүмдөрдү өнүктүрүү үчүн тапшырмаларды 
пландаштырат. Түшүнүү жана эске тутуу көндүмдөрү үчүн тапшырмалар 
окутуунун биринчи баскычында колдонулат. Ал эми жогорку деңгээлдеги ой 
жүгүртүүнү өнүктүрүүгө арналган тапшырмаларды аткарууда окуучулар 
талдашат, корутунду чыгарышат, баалашат, ойлоп табышат, жаратышат. 
Мындай ой жүгүртүү көндүмдөрү окуучу үчүн абдан маанилүү жана ага эне 
тилин өздөштүрүүдө ийгиликке жетүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. 
Мисалы: 1. Билим. Жөнөкөй жана татаал сүйлөмдүн эрежесин айтып 
бергиле. 
2. Түшүнүү. 
Төмөнкү текстти окуп чыгып, ага ат койгула. Түшүнгөнүңөрдү сүйлөп 
бергиле: 
Нан- биздин байлыгыбыз. Нансыз жашоо да, тиричилик да болбостугу 
жалпыбызга маалым. Нан канчалык көп болсо, ошончолук береке болот.
Колубуздагы ак нан баба- дыйкандардын эмгегинен жаралат. Ал көптөгөн 
түйшүк менен биздин дасторконубузга келет. Ошондуктан, аны коромжуга 
учуратпайлы. 
3. Колдонуу. 
Жөнөкөй сүйлөмдөрдү татаал сүйлөмдөргө айландырып жазгыла. 
1. Нансыз жашоо жок. Ал биздин эң негизги азыгыбыз. 2. Дыйкан үрөн 
септи. Талаага жайкалган буудай өсүп чыкты. 3. Буудай бышты. Комбайн 
аны чапты.
Эмнени байкадыңар? Өз- өзүнчө турган сүйлөмдөрдөн бир сүйлөм түзүлдү. 
Мисалы: Нансыз жашоо жоктугу биринчи сүйлөмдө айтылса, экинчисинде ал 
ой улантылып, нан биздин эң негизги азыгыбыз экендиги билдирилди. Ушул 
эки сүйлөм бириктиришип, бир татаал сүйлөм түзүлдү. 
4. Талдоо.Эки тараптагы сүйлөмдөрдү салыштырып окугула. Кайсы 
сүйлөмдөр жөнөкөй, кайсынысы татаал? 


145 
Нандын курамында адамдын
Нандын курамында адамдын 
организмине керектүү белоктор бар.
организмине керектүү белоктор бар, 
Анын курамында углеводдор да арбын.ошондой эле анын курамында 
Нан- элдин ырыскысы. Ал ата- бабалар- углеводдор да арбын.Нан- элдин 
дан калган ыйык энчибиз. Нан дыйкан-ырыскысы, ал ата- бабалардан 
дын түйшүктүү эмгегинен жаралат.калган ыйык энчибиз.Нан дыйкан- 
Аны коромжуга учуратпоо керек.
дынтүйшүктүү эмгегинен жаралат, 
ошондуктан аны коромжуга
учуратпоо керек. 
5. Баалоо.
Схемага карап, сүйлөмдүн бөлүнүшүнө көңүл бургула. Алардын ар бирине 
мисал келтиргиле. 
Сүйлөм 
айтылышына карай 
жай 
суроолуу 
буйрук 
илептүү 
түзүлүшүнө карай 
жөнөкөй 
татаал 
6. Чыгармачылык. Жөнөкөй жана татаал сүйлөмдөрдүткатыштырып, “Нан- 
биздин байлыгыбыз” деген темада аңгеме түзгүлө. 
Окуучулардын ийгилигин же ийгиликтүүлүгүн пландаштырууну билүү 
абдан маанилүү. Бул үчүн мугалим сабактарды пландаштырууда сабакты 
өткөрүүнүн кадамдарын иштеп чыгуусу зарыл. Мындай иш- аракет жаңы 
материалды өздөштүрүүнүн баштапкы баскычында көйгөйлөрдү аныктап, 
окуучуларга аларды чечүү үчүн жардам берүү максатында аткарылат. 
Мындай ыкма окуучуларга төмөнкүлөргө жетишүүгө мүмкүнчүлүк берет: 
алдыга коюлган максатты оңой түшүнүү; 
ишти кадам боюнча аткаруу; 
ишти өз алдынча баалоо; 


146 
көйгөйлөрдү баштапкы баскычтарда аныктоо; 
көйгөйлөрдү чечүү үчүн жасалуучу кадамдарды пландаштыруу (өз 
алдынча же мугалим менен биргеликте). 
Окуу тапшырмасын аткаруунун алдында ийгиликке жетүүнүн кадамдарын 
билүү мыкты натыйжаларга жетишүүгө өбөлгө түзөт. Мугалим сабакта 
окуучуларынын ийгиликке жетишүүсү үчүн пландаштырылган кадамдарды 
алып барышы керек. Мисалы “Окуучулар сүйлөмдө сын атоочторду таба 
алышат, анын түрүн аныктай алышат” деген максатты ишке ашырууда 
төмөнкү кадамдар сакталууга тийиш: 
1- кадам: Мугалим окуучулардан сын атооч жөнүндө эмне билсеңер, 
бардыгын эстегиле жана дептериңерге жазгыла деп суранат. 
2- кадам: Мугалим окуучулардын жоопторун доскагажазат да, сын атооч 
жөнүндө окуучулардын болгон билимдерин жалпылайт. 
3- кадам: Мугалим сын атоочтун бөлүнүшү жөнүндө жаңы теманы 
түшүндүрөт жана мисалдарды келтирет. 
Мугалим кыргыз тилиндеги сын атоочтун түрлөрү (сапаттык жана 
катыштык) жөнүндө айтып берет. 
Сын атоочтордун түрлөрүн салыштырат, мисалдарды келтирет. 
Берилген сын атоочтордун түзүлүшүн мисалдарды колдонуп түшүндүрүп 
берет. 
4- кадам: Мугалим окуучуларга берилген тексттен сын атоочторду табууну 
жана алардын түрлөрүн аныктоону талап кылган тапшырманы аткарууну 
сунуштайт. 
5- кадам: Окуучулар сүйлөмдөрдү окушат жана андагы сын атоочторду 
белгилешет, алардын түрүн аныкташат. Өз жоопторун негиздешет. 
6- кадам. Текшерүү иши. Мугалим окуучуларга тексттеги сын атоочтор 
коюлбаган жерлерге тиешелүү сын атоочторду коюп жазууну сунуштайт. 
Кадамдардын мындай ырааттуулугу мугалимге ийгиликти алдын- ала 
божомолдоого мүмкүнчүлүк берет, демек окуп- үйрөнүү максатына жетүүгө 
көмөктөшөт. 


147 
Мисалы:
Тема: Жалаң жана жайылма сүйлөм. 4- класс. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   30   31   32   33   34   35   36   37   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет