Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет57/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   53   54   55   56   57   58   59   60   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

Таблица 4.2.10.-Тесттин түрлөрү 
Кичи тест 
Кичи-тесттер 
(аз 
сандагы 
тапшырмалар) 
окуучулардын 
чыныгы 
билимдерин, 
билгичтиктерин жана көндүмдөрүн, башкача 
айтканда, конкреттүү маалыматты, белгилүү 
материалды билгендигин баалоого арналат. Кичи-
тестти аткарууга сабакта 5 мүнөт убакыт бөлүнөт. 
Окуучулар кичи-тестти дептерлерине жазышат, ал 
эми мугалимге сунушталган тапшырмалардын 
жооптору жазылган баракты тапшырышат. 


233 
Тема: Сын атооч 
1. Сын атооч сөз түркүмү, ал . . . . . билдирет 
а) затты 
б) заттын кыймылын 
в) заттын белгисин 
г) заттын иретин, санын 
2. Сын атооч . . . . . деген суроого жооп берет: 
а) кайда? 
б) кандай? 
в) эмне? 
г) канча? 
3. Сын атоочтор сүйлөмдө . . . . . боло алышат: 
а) ээ 
б) баяндооч 
в) айкындооч 
г) бардык сүйлөм мүчөлөрү 
4. Сын атооч канча даражага ээ: 
а) 4 
б) 3 
в) 5 
г) 2 
Мугалим 
барактарды 
чогултуп, 
жоопторду 
текшерет. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 
окуучуларда эң чоң кыйынчылыктарды туудурган 
суроолорду талкууга салат. (Бүт класс үчүн татаал 
болгон бир суроо пайда болсо мугалим тийиштүү 
теманы кайрадан түшүндүрүшү керек.) Мугалим 
ийгиликтерди каттоочу дептерине (сабактын 
пландарына) айрым окуучулардын жыйынтыктары 
тууралуу маалыматты жазып алат. Мисалы: Асан-


234 
сын 
атоочтун 
даражаларын 
аныктоодо 
кыйынчылыктарга дуушар болуп жатат ж.б. 
Тесттик тапшырмалар ачык же жабык формада 
болушу мүмкүн. 
1. Жабык тесттик тапшырмаларда шарт (тастыктоо 
же суроо) жана жооптордун варианттары берилген, 
алардын бири туура жооп, ал эми калгандары болсо 
туура эмес, бирок туура жоопко жакындатылган. 
Мындай тесттердин жабык деп аталышынын 
себеби, окуучу жоопту өзү түзбөстөн, сунушталган 
жооптордон бирди тандап алышы керек. 
Мисалы: 
Зат атоочтор сүйлөмдө . . . . . боло алышат. 
а) ээ 
б) баяндооч 
в) айкындооч 
г) бардык сүйлөм мүчөлөрү 
2. Ачык формадагы тесттик тапшырмада окуучу 
тапшырманы аткарып жатып, жоопту өзү аягына 
чейин жазат. 
Мисалы: 
1. Сан атооч- . . . . . . . . . билдирүүчү сөз түркүмү. 
2. Сан атоочтор __________ бөлүнөт. 
Элективдүү 
(тандама) тест 
Мугалим ар бир окуучуга “А, Б, В, Г” тамгалары 
жаылган карточкаларды таратып берип, бир 
убакытта жооп берүүнү, б.а. туура жооптун тамгасы 
жазылган карточканы көтөрүүнү суранат. Жооп 
тандоого чегерилген 20 секунда өткөндөн кийин 
мугалим туура жооптун варианты жазылган 
карточканы көтөрүүнү суранат. 


235 
Тапшырма окуучуларга жазуу түрүндө (тактага 
жазылып же карточка түрүндө, өзүнчө барактарда 
ж.б.) же оозеки (эгерде тапшырма жана жооптордун 
варианттары 
салыштырмалуу 
кыска 
болсо) 
берилиши мүмкүн. 
Мисалы: Белгиленген сөздөр сүйлөмдүн кайсы 
мүчөлөрү экенин аныктагыла. 
Тоолордо карагай, арча, жаңгак дарактары өсөт 
а) бир өңчөй айкындооч
б) бир өңчөй ээ 
в) бир өңчөй баяндооч 
Андан 
кийин 
мугалим 
тамгалары 
бар 
карточкаларды-туура 
жоопторду 
көтөрүүнү 
суранат. Окуучулар бир убакта карточкаларды 
көтөрүшөт. Мугалим окуучулар менен жооптордун 
ар түрдүү варианттарын талкуулайт жана алардан 
өз тандоосун түшүндүрүүнү суранат. Керек болгон 
учурда окуучулардын бирин доскага чакырат. 
Мугалим бул тапшырманы аткарууда кетирилген 
каталарга көңүл бурат. 
Тандалган 
жооптордун 
негизинде 
мугалим 
окуучулар өткөн теманы канчалык деңгээлде 
өздөштүрүшкөнүн 
аныктап, 
ал 
теманы 
түшүндүрүүнү улантуу же андан кийинкисине өтүү 
керектиги тууралуу чечим кабыл алат.
Калыптандыруучу 
тест 
Мугалим окуучуларды кичи топторго (4-5 
кишиден) бөлөт. Ар бир окуучу тесттин суроолору 
жазылган барак менен жоопторду жазуу үчүн барак 
алат. Окуучуларга тесттин суроолорун чакан 
топтордо талкулоо үчүн убакыт берилет. Талкуудан 


236 
кийин окуучулар жооп барактарын өз алынча 
толтурушат. Ар бир окуучунун упайлары өзүнчө 
эсептелет. 
Окуучуларга топтун башка мүчөлөрүнүн оюна 
каршы туруп, өздөрү туура деп эсептеген жоопту 
белгилөөгө укугу бар экендигин айтып коюу зарыл. 
Суроо-жоопторду топто талкуулаганда бир пикирге 
келүү (консенсус) талап кылынбайт. 
Тема: “Сөз айкаштары” 
Мугалим окуучуларды кичи топторго (4-5 
кишиден) бөлөт. Топторго тапшырмалар берилет. 
Мисалы: төмөнкү схема боюнча сөз айкашын түзсө 
болобу? 
этиш + зат атооч, 
зат атооч + зат атооч, 
сын атооч + зат атооч. 
Окуучулар тапшырманы аткаруунун 
алдында аны талкуулашат, бирок 
тапшырманы ар бир окуучу өз алдынча 
аткарат. 
Текшерүү: 
1-вариант. Мугалим кодоскопту иштетип, 
тапшырмалардын жоопторун көрсөтөт 
(доскага жазып койсо да болот). Окуучулар 
барактары менен алмашышып, бир-биринин 
иштерин текшеришет (бири-бирин баалоо). 
Ар бир туура жооп үчүн “+” белгиси, ар бир 
туура эмес жооп үчүн “-“ белгиси коюлат. 
2-вариант. Мугалим окуучуларга иштерин өз 
алдынча текшерүүнү сунуштайт (өзүн-өзү 


237 
баалоо). Ар бир туура жооп үчүн “+” белгиси 
коюлат, ар бир туура эмес жооп үчүн “-“ 
белгиси коюлат. Окуучулар өзүн-өзү баалоо 
журналдарына (дептердин аягында) 
өздөрүнүн “+” жана “-“ белиглерин коюшат. 
3-вариант. Мугалим иштерди өзү текшерет. 
Суроолорду жана жоопторду колдонуу – курстун мазмундук максатын 
окуучулар канчалык жогорку деңгээлде өздөштүргөндүгүн текшерүүнүн 
ыңгайлуу ыкмасы. Окуучулардын чейрек боюнча же жыл боюнча 
грамматикалык материалдарды кандай өздөштүргөндөрүн баалоо үчүн 
тесттик тапшырмаларды пайдаланууга болот. (3 тиркеме). 
Кыргыз 
тилин 
текстке 
байланыштуу 
окутууда 
билимдерди 
калыптандыруучу өз алдынча текшерүү иштери көбүнчө жаңы материалды 
түшүндүргөндөн кийин жүргүзүлөт.. Демек, бул иш мугалимге жаңы 
материалды үйрөнүүнүн эң баштапкы этабында эле окуучулар аны кандай 
өздөштүргөндүгүн текшерүүгө мүмкүндүк түзөт. Бул иш сабакта 10-15 
минутту алат.Өз алдынча иштин тапшырмасы өтүлгөн материалдын айрым 
бир күтүлүүчү натыйжаларын текшерүүгө багытталат. Мугалим өз алдынча 
ишти аткаруунун техникасына окуучулардын көңүлүн буруусу керек. 
Мисалы: 
ишти аткарууга бөлүнгөн убакытты жарыялоо; 
баалоонун критерийлерин айтуу жана аны окуучулардын 
түшүнгөнүн текшерүү. 
Ошондой эле, мугалим окуучулар арасында талкуунун мүмкүн эместигин 
эскертет жана окуучуларга эгер зарыл болсо окуу материалдарын, окуу 
китебин, кошумча материалдарды колдонуунун сунуштайт («ачык китеп» 
методу колдонулат). Өз алдынча ишти аткаруунун жыйынтыгында мугалим 
окуучулардын иштерин текшерет. Окуучулардын кайтарым байланышын 
ишке ашырат.


238 
Окуучунун иштерин талдоо аркылуу мугалим окуучу кандай 
кыйынчылыктарга туш келгендигин жана аларды четтетүү үчүн кандай 
кадамдарды жасашы керектиги жөнүндө маалымат алышы мүмкүн. 
Андыктан мугалим алынган маалыматтарды: 
А) жеке окуучунун деңгээлинде; 
Б) класстын деңгээлинде талдай билиши керек. 
Мисалы: 
окуучунун иштерин талдоо аркылуу окуучу кандай кыйынчылыктарга 
туш келгендигин аныктайт; 
ал кыйынчылыктардын себептерин түшүнүү менен дароо чечим кабыл 
алып,окуучуга жардам берет; 
өз алдынча текшерүү иштерин талдоо айрым бир тапшырмалардан 
кыйналып жаткан балдардын тобун табууга жардам берет; 
талдоонун натыйжасында окуучулар үчүн бир кыйла оор, татаал 
маселе, проблемаларды ачууга жардам берет
жана аны четтетүү үчүн кандай кадамдарды жасашы керектиги 
жөнүндө маалымат алат. 
Талдоодон алынган жыйынтыктардын негизинде мугалим кырдаалдан 
чыгуунун жолдору боюнча жеке окуучу менен же жалпы класс менен 
кайтарым байланышты ишке ашырат жана өзүнүн ишмердүүлүгүндө 
төмөндөгүдөй өзгөрүүлөрдү киргизе алат: 
окуучулар үчүн кыйынчылык туудурган тапшырмалар боюнча 
темаларды окутууну улантуу; 
окулуп жаткан материалдарды окуучулардын өздөштүрүүсүн 
жакшыртуу үчүн кошумча убакытты бөлүүнү пландаштуруу; 
окутуу методикасын корректировкалоо; 
календарлык-тематикалык планды корректировкалоо ж.б. 
Кайтарым байланыш башталгыч класстардын мугалимдерине кыргыз 
тилин окутуу процессинин жүрүшү, окуучулардын жетишкендиктери жана 
кемчиликтери тууралуу маалымат берет. Кайтарым байланышта негизги 


239 
максатка жетүүдөгү ачык айкын иш –аракет, кырдаал, маселелер тууралуу 
түшүндүрмөлөр алынат жана маалымдалат. Окуучу үчүн бул - өзүнүн 
кемчиликтерин билүүгө жана алга жылууга жардам берүүчү маалыматтарды 
алуу болуп саналат. Кайтарым байланыш мээримдүүлүк менен бири бирин 
сыйлоо, урматтоо маанайында өтүүсү, окуучуларга туура жооп айтууга, 
каталарын түзөтүүгө, ой жүгүртүү, ишмердүүлүктөрүнүн багытын 
өзгөртүүгө убакыт бөлүүсү зарыл. 
Кайтарым байланыш оозеки жана жазуу түрүндө болот. Кайтарым 
байланыштын инструменттери: 
-- жазуу жүзүндө комментариялоо; 
-- байкоолор; 
-- сураштыруулар; 
-- суроолор; 
-- өзүн өзү баалоо боюнча күндөлүктөр, журналдар. 
Кайтарым байланыш үчүн зарыл болгон окуучулардын иштерине 
төмөнкүлөр кирет: 
-- эссе, жат жазуу, текшерүү иштеринин түрлөрү, жазуу иштери; 
-- портфолио; 
- - долбоорлор түзүү; 
-- тесттердин түрлөрү; 
-- класстык жана үйдө аткарылуучу тапшырмалар; 
-- зачеттук, экзамендик тапшырмалар ж.б. 
Текстти баалоо бул – мугалимдин пикиринин бир түрү. Жат жазуу
эсселерди текшерүүдө мугалим өзүнүн алдына максат коет. Жөн гана баа 
коебу же баланын билим алуу сапатын, билгичтиктерин жакшыртуу 
кызыкчылыгы барбы? Мугалимдин сунуштары жумуштун кийинки этабына 
түрткү болот. Демек, мугалимдин эскертүүлөү окуучуга тапшырма катары 
милдеттендирилиши керек. Эссенин жумушчу (черновой) вариантын
текшерүүдө төмөнкүлөргө мугалим көңүл буруусу зарыл: 
ой жүгүртүүнүн логикасы, уюштурулушу; 


240 
абзацтардын ортосундагы байланыш; 
иштин мазмунуна анын темасы ылайык келеби? 
Мына ушундан кийин гана сүйлөмдөрдүн курулушуна жана грамматикага 
көңүл буруу ылайык. 
Класстык « комментарийлөө журналы» Класстык журналга окуучунун 
жетишкендиги жазылат. Ар бир окуучунун жетишкендиги жазылып турушу 
зарыл, кийин отчет бергенге оңой болот. Мисалы: 
Комментарийлөө журналы 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   53   54   55   56   57   58   59   60   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет