245
(формативдик) баалоонун методдорун колдонууда айрыкча байкалат.
Баалоонун планын түзүүдө мугалим диагноздоочу баалоону окутуунун
баштапкы этабында, калыптандыруучу баалоону – материалды үйрөтүү
мезгилинде ал эми, жыйынтыктоочу баалоону
окутуунун жыйынтыгын
чыгарууда пайдаланса ылайыктуу.
Жат жазуу, эсселерди текшерүүдө мугалим өзүнүн алдына максат коет.
Жөн гана баа коебу же баланын билим алуу сапатын, билгичтиктерин
жакшыртуу кызыкчылыгы барбы? Мугалимдин сунуштары жумуштун
кийинки этабына түрткү болот. Демек, мугалимдин эскертүүлөрү окуучуга
тапшырма катары милдеттендирилиши керек.
Бешинчи бөлүм
Педагогикалык экспериментти уюштуруу жана анын жыйынтыгы.
5.1. Педагогикалык экспериментти уюштуруу баскычы жана
констатациялоочу материалдарды жыйноо.
Өлкөбүздүн ар кайсы аймактарында жүргүзүлгөн педагогикалык
эксперимент башталгыч класстарда кыргыз тилин текстке байланыштуу
окутуу технологиясы боюнча иштелип чыккан окуу материалын изилдөө
ишинин максаттарын ишке ашыруусун текшерүү максатын көздөдү.
Иштелип чыккан окуу материалы боюнча окутуу иши 2007-2008- окуу
жылынан 2009-2010- окуу жылынын аралыгында Бишкек шаарынын №88-
орто
мектебинде жана Ысык- Ата, Панфилов, Тоң райондорунун айрым
мектептеринде
изилдөөнүн
автору
тарабынан
жана
мугалимдер
Ж.Жамгырчиева,
Д.Эшенкулова,
Г.Эгембердиева,
Э.Умарова,
Г.Керимкулова, Ж.Шарипова, Т.Идирисова, ж.б. катышуусу менен
апробациядан өткөрүлдү. Андан соң иштелип
чыккан методикага ылайык
2,3,4- класстар үчүн окуу китеби жана аларга карата методикалык колдонмо
2010-2011- жылдары педагогика илимдеринин кандидаты А.Акунова менен
бирдикте иштелип чыгып, Кыргыз Билим берүү академиясында талкууланып,
246
бекитилип жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү
жана илим
министрлиги тарабынан басып чыгарууга сунушталды.
Педагогикалык экспериментти жүргүзүү баскычында эксперименттин
максаты аныкталып, гипотезасы иштелип чыкты, эксперименталдык
материалдар даярдалып, анын катышуучулары аныкталды. Экспериментти
ишке ашыруу баскычында эксперимент өткөрүлгөнгө чейинки окуучулардын
билимдери, билгичтиктери, көндүмдөрү текшерилди, эксперименталдык
окуу жүргүзүлдү, эксперименттен кийинки маалыматтар алынды.
Констатациялоо баскычында натыйжалар иштетилип, жыйынтыктар
чыгарылды. Эксперимент жүргүзүүнүн интерпретациялоо баскычында
алынган натыйжалар жана чыгарылган жыйынтыктар
боюнча методикалык
сунуштар иштелип чыкты жана апробациядан өткөрүлдү.
Экспериментке жалпысынан 5 мектептен 966 окуучу жана 15 мугалим
тартылды. (Таблица 5.1.1.)
Достарыңызбен бөлісу: