Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия


 Тексттеги кыймыл-аракетти билдирген сөздөрдүн чагын аныктаңыз. Жөнөкөй учур чакты



Pdf көрінісі
бет51/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   47   48   49   50   51   52   53   54   ...   183
3. Тексттеги кыймыл-аракетти билдирген сөздөрдүн чагын аныктаңыз. Жөнөкөй учур чакты 
татаал учур чакка айлантып жазыңыз. 
Мунай запасыбыз канча?
Кыргызстанда 300 млн. тоннадан ашуун болжолдонуп бааланган нефтинин 
запасы бар. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын территориясында 10дон ашуун 
нефти жана газ кендери иштетилип жатат. Бул аймактагы нефтинин геологиялык 


57
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
запасы 90 млн. тоннаны түзөт. Геологиялык жана минералдык ресурстар агенттиги 
тарабынан Көгарт, Шамалды-Сай, Алай, Баткен, Базар-Коргон, Лейлек, Майлуу-
Суу жергелериндеги 22 участкада геологиялык-чалгындоо иштерин жүргүзүүгө 
лицензия берилген. Бирок, Алай өрөөнүндө гана эки жерде кытайлык «Аньбах» 
жана британдык «Жибек Ресурсед Пи Эл Си» компаниялары чалгындоо иштерин 
жүргүзүүдө. Кечээ жакында эле азербайжандык «SOCAR» нефти компаниясы Кыр- 
гызстанга инвестор катары келди. Азырынча, Чүйдөгү нефти запастарын иштетет 
өңдөнөт. Анткени Кант шаарындагы «Чыгыш» нефти иштетүүчү заводу жылына 
200-300 миң тонна чийки нефтини иштеп чыгаруучу кубаттуулукка ээ.
(К. Исманов)
4. Энчилүү аттардын жазылыш өзгөчөлүктөрүнө түшүндүрмө бериңиз.
 Угалы
Келишимдин текстин угуп, суроолорго жооп бериңиз.
1. Келишимди кимдер түзүштү? Тараптарды аныктаңыз.
2. Кайсы кызмат же маселе боюнча келишим түзүлдү?
3. 1-тараптын укук жана милдеттери кандай?
4. 2-тараптын укук жана милдеттери кандай?
 Сүйлөшөлү
1- кырдаал 
Турак жайды ижарага берүү тууралуу, үйдүн кожоюну менен ижарага алуучунун 
маеги.
Сиздин үч бөлмөлүү үйүңүз бар. Аны ижарага берип жатасыз. Сиз сураган 15 
миң сомду ижарага алуучулар көп деп, ортодо талаш пикир пайда болду... 
2- кырдаал 
Студенттерди чет өлкөгө окууга жиберүү тууралуу келишимдин кандайча 
түзүлүшү керектиги тууралуу жетекчиңиз менен болгон маек.
Жатаканасы, тамагы, жол акысы бекер болуусун талап кыла алабызбы, мөөнөтү 
кандай болот ж.б. ...


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   47   48   49   50   51   52   53   54   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет