Кыргыз республикасынын саламаттык сактоо министрлиги



бет2/3
Дата21.06.2016
өлшемі5.12 Mb.
#152160
1   2   3

ДИФФЕРЕНЦИАЛДЫК ДИАГНОЗ.

Диагноз коюу - баланы көңүл коюп карап көрүү, жакшылап анамнез (таржымал) жыйноо жана оорунун клиникалык мүнөздүү белгилеринин жардамы менен оордукка турбайт. Оорунун башталыш мезгилин башка мезгилдерге салыштырмалуу аныктоо бир нече кыйынчылыкка турат. Ошол эле учурда оорунун белгилерин эрте байкап, өз убагында башталган дарылоо жакшы жемишин берет. Итийди аз кездешүүчү оорулардын кээ бирөөлөрү менен дифференсциациалоо керек.



Сөөктүн тубаса көнүмүш сынуусу (жетилбеген остеогенез) – баш сөөгүнүн жумшактыгы менен бирге итийдин оор түрүнө окшоп диагностиканын жаңылыштыгына алып келет. Сөөктүн тубаса көнүмүш сынуусунун негизинде остеобласттардын жана мезенхиманын элементеринин түзүлүшүнүн бузулушу жатат. Ушунун негизинде кемирчектин туура пайда болгонуна карабай эндоосталдык жана периосталдык сөөктөнүнүн бузулушу байкалат. Клиникасында нактай «триада» (үчтүк) симптоматикасы байкалат: сөөктүн көнүмүш сынуусу, склера менен тиштин көгүш тартып калышы. Кечирээк буларга кулагы оордук (кереңдик - отосклероз) кошулат. Сөөк сынуу көбүнчө бир нече жеринен болот да, сынык жылып, туура эмес бүтүп калат, ал эненин ичинде жатканда же бир жумалык курагында эле байкалат. Буту-колу сынып буралып дефформацияланып кыскарып бүтүп калат. Рентгенден остеопорозду көрүүгө болот. Ал эми итийдин белгилери бул ооруда байкалбайт. Кандагы фосфордун көрсөткүчү нормадан өзгөрбөйт. Итийдин оор түрлөрүндө, эгер сөөк сынса ал сынык нугунан жылбайт да, “чаласыныктык” байкалат. Рентгенден метафиз кеңейип, итийге мүнөздүү «бокал» сыяктуу формага ээ болот. Канда гипофосфатемия басымдулук кылат.

Гипотиреоз (микседема).

Итийге окшоп мотордук жана статистикалык функциялардын кечигүүсү менен мүнөздөлөт. Бирок, микседемада психикалык акыл эстин өнүгүшүнөн артта калуусу, баланын спецификалык (өзгөчө) сырткы көрүнүшү: мурундун кетмени жапыс, тили чон, эти бозоруп кургак тартып турат да, чачы катуу, морт болот. Рентгенден сөөктөнүү чекиттеринин биологиялык курактан кечигүүсү байкалат, ошондой эле итийге мүнөздүү болгон метафиздин белгилери жок болот.

Кандагы шелочтук фосфатазанын активдүүлүгү, фосфор жана кальций көрсөткүчтөрү нормада болот.

Хондродистрофия-бул тубаса оору, ал кемирчектин өсүү зонасы болбогондуктан сөөктөнүүнүн бузулушу менен мүнөздөлөт.

Клиникасы оорунун башында итийдин клиникасынан айрымаланбайт. Анда оорулу баланын статистикалык функциялары кечигет, эмгеги кеч бүтөт, курсагы көөп, чыгып турат. Кийинчерээк хондродистрофиянын мөнөздүү симптомдору такталып калат: денесинин өз нормасына ылайык өсүүсүнө карабай буту-колу кыска болот (денеси узун, буту-колу кыска), басымдуу бел-лордозу, колунун манжасы- «айры» сыяктуу, кол-бут муундарынын үстүндө тери эти шалбырап бир нече кабаттарга бөлүнүп, муун үстүнөн салаңдап калат. Бул ооруда итийге накта мүнөздүү болгон клиникалык жана рентген белгилери кездешпейт.



Кургак учук (туберкулез) спондилити - омуртка тутамдарынын дефформациясы (кыйшыйышы) кифоз же кифоскалиоз менен мүнөздөлөт, ал көбүнчө көкүрөк бөлүгүндө кездешип, үч бурчту болот да, чалкасынын жаткырганда түздөлбөйт. Ал эми итийде бүкүрү - бел бөлүгүнөн орун алат да, жайык бурчтуу болот. Итийде баланы ичи менен жаткырып, бутун бир азга көтөрсө, белдин бүкүрүсү түздөлүп калат.

Кургак учук спондилити көбүнчө чон балдарда кездешип туберкулин пробалары, рентгенодогиялык жана бактериялык изилдөөлөрдүн көрсөткүчтөрү оң (+) болот.



Итий сыяктуу оорулар:

Псевдо- Д витамин деффитциттүү итий- клиникасы итийден айрымаланбайт: гипофосфатемия, гипокальциемия, сөөк дефформациясы жана минералдашуунун бузулушу менен мүнөздөлөт. Оору Д витаминдин бөйрөк түтүкчөлүрүндө синтезделишинин генетикалык тубаса бузулушуна байланыштуу болот. Бул ооруда Д витаминдин профилактикалык дозасын колдонуу пайдасыз, ошондуктан анын өтө жогорку дозасын (40 000 МЕ/күн.) колдонуу гана эффект берет. Ошону менен бирге Д витаминдин (1,25-(ОН)2-Д3) активдүү метоболитин колдонуудан оң эффект алса болот. Дарылоо өмүр боюу жүргүзүлөт.

Д витамин резистентүү (көнүмүш) итий (үй-бүлөөлүк гипофосфатемиялык итий (Фосфат-диабет.) - фосфат туздарынын бөйрөк түтүкчөлөрүндөгү реабсорбциясынын тубаса бузулушу, буттун дефформациясы, диспропорцияналдуу бойдун кыскалыгы менен мүнөздөлөт. Итийден айрымаланып булчундун тонусу бузулбайт. Ал эми рентгенологиялык изилдөөлөрдө буттун эпифиздеринде кескин өзгөрүүлөр кездешпейт, сөөктөнү чекиттери нормалдуу өнүгөт, түтүкчө сөөктөрдүн дисталдык бөлүктөрү кеңейип кетет да, начар сүрөттөлүп, «бокал» сыяктуу чукурайып турат. Диафиз бөлүмү копол кыйшыйып, остеопороз зоналары остеосклероз менен айкалышып алмашып турат. Кадимки итийден айрымаланып, гипофосфатемия жана гиперфосфатурия демейде басымдуулук кылат. Кандагы кальцийдин көрсөткүчү нормалдуу же бир азга төмөн, ал эми шелочтук фосфатазанын активдүүлүгү жогору болот. Оору Д витаминдин ар кандай дозаларын колдонуга карабай өнүгө берет. Оорунун абалы Д витаминдин жогорку дозасын (50-100 000 МЭ/күнүнө) комплекстүү фосфор (1-2гр/күнүнө) жана кальцийдин туздарын (3гр чейин күнүнө) колдонгондо гана оңолот. Дарылануу өмүрүнүн акырына чейин жүргүзүлөт, бирок, оорунун клиникалык жана биохимиялык белгилерин бүтүндөй жок кылуу (Д витаминге көз каранды - итийден айрымаланып) мүмкүн эмес.

Де-Тони-Дебре-Фанкони синдрому - бөйрөктүк остеопатия, анын негизинде бөйрөк түтүкчөлөрүнүн проксималдык бөлүмүнүн функсияларынын тубаса бузулушу жатат, анда: глюкоза, фосфат жана аминокислоталардын реабцорбциясы бузулат. Оорунун клиникалык сүрөттөлүшү ар кандай. Оору баланын өмүрүнүн биринчи жылында эле ага мүнөздүү курч белгилер байкалат, аларга: тынбай кусуу, полиурия, ацидоз жана фотофобиялар кирет. Ал эми сөөктүк өзгөрүүлөрү болсо, бир азга кеч байкалат. Бир жаштан чоң балдарда болсо: остеопороз, сөөктүн көнүмүш сынуусу, кифоз жана кифоскалиоздор байкалат. Ал эми канда: гипофосфатемия, бир аз гипокальциемия жана щелочтук резервдин төмөндөшү кездешет. Ошондой эле протеинурия, глюкозурия сыяктуу итийде кездешпеген симптомдорду табууга болот. Витамин Д менен дарылоо жемишсиз (эффектсиз).

Гипофосфатазия-тубаса дарт, ал - шелочтук фосфатазанын активдүүлүгүнүн төмөндөшүнө байланыштуу болот. Оору, бала төрөлөрү менен эле байкалат, кээде 6 айлык курагында баштап билинет. Баш сөөгүнүн жабыркалануусу итийге салыштырмалуу өтө курч болот. Диагноз мүнөздүү клиникалык симптомдордун: гиперкальциемиянын, кандагы фосфордун нормадан өзгөрүлбөөсүнүн, шелочтук фосфатазанын активдүүлүгүнүн төмөндөшүнүн же болбосо бүтүндөй жоголуп кетүүсүнөн жана нефрокальциноздун негизинде такталат.

Олбрайт синдрому- паталогиянын негизин бөйрөк түтүкчөлөрүнүн дисталдык бөлүгүнүн кычкыл заттарды бөлүп чыгаруу функциясынын бузулушу түзөт, ошонун негизинде канда ацидоз күчөйт. Ацидоз кальциурияга алып келет да, сөөктүн дефформациясын жана нефрокальцинозду жаратат. Изилдөө кезинде гипотония жана сөөктүк өзгөрүүлөр итийдин жаңылыш диагнозтикасына алып келиши мүмкүн. Дифференциялык диагноз жүргүзүүдө зааранын төмөндөгүдөй өзгөрүлүштөрүн: кальциурияны, сийдик таштарын жана кальций кумдарын эске алуу зарыл.

ИТИЙДИН ПРОФИЛАКТИКАСЫ (алдын алуу).

Кош бойлууктун начар өтүшү: талгактык, экстрагениталдык паталогия, зыянду факторлордун таасири (жашоо- жумуш шарттары начар, тура эмес тамактануу-нутриенттердин жана микронуриенттердин жетишсиздиги, күн тартибин бузуу ж.б.) сыяктуу факторлор итийдин эрте башталуусуна жана оор өтүшүнө шарт түзөт. Итийдин тубаса түрлөрү, ичеги-карындын сиңирүү процесстери бузулган жана үй –бүлөөлүк тукум-куучу (синдром мальабсорбция) жана башка ичеги- карын оорулары менен жабыркаланган аялдардан төрөлгөн балдарда көбүнчө байкалат. Ошондуктан, антенаталдык профилактикага өзгөчө көңүл коюп, кошумча макро жана микронутриенттерди, эубиотиктер менен пробиотиктерди жана поливитаминдерди кабыл алууну талап кылат. Ал акушер-гинекологдор менен педиатрлардын (үй – бүлөөлүк дарыгерлер тобу) көмөктөшүп бирге жумуш алып баруусу аркылуу жүзөгө ашырылат. Кош-бойлуулук мезгилинде, кош-бойлуу аял-көбүнчө таза абадан дем алып, сырта сейилдеши керек, жылдын жылуу мезгилдеринде “күндүн нуру” жана “таза аба” ванналарын алуусу зарыл, активдүү дарылоо гимнастикасы (ЛФК) менен машыгуусу да шарт. Болочок энелерге күн-тартибин жана өздүк гигиенаны сактоону үйрөтүү зарыл. Кош бойлуу аялдын тамактануусу ар тараптуу болуп, анын нутриетивдик муктаждыгын толугу менен канааттандыра алган, ошондой эле анын жекече өзүнө ылайыкташтырылып, анын бул же өткөн кош-бойлуулуктарынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен түзүлүшү керек. Тамак керектүү өлчөмдөгү каллорий берүүчү: белок, углевод жана майдан сырткары минералдуу туздардан, макро жана микроэлементтерден ошондой эле витаминдерден туруусу зарыл. Ошондой эле аларды, атайын даярдалган сүт азыгы « Мама и Я» ны кабыл алуу менен толуктаса болот. Себеби бул “Мама и Я” сүт азыгынын курамында Омега-3 май кислотасы, фолий кислотасы, Д, А, С, В группасындагы витаминдер, темир,кальций, калий жана башка микроэлементтер бар. Ошондой эле анын курамында ичеги флорасын түптөгөнгө зарыл болгон ВL- бифидобактериясы бар. Бул сүт азыгын энеге кош бойлуулуктун биринчи күнүнөн баштап берүүгө болот. Жогоруда келтирилген аракеттердин аркасында гана итийдин спецификалык эмес профилактикасын (алдын алуу) жүргүзүүгө болот. Ал эми итийдин спецификалык профилактикасы, Д витаминдин даарыларын дайындоо менен жүргүзүлөт. Ал сөзсүз түрдө көрсөткүчтүү дайындалуусу зарыл, себеби, тынч өтүп жаткан кош-бойлуулукта аялдын организминде баланын керектөөсүн толугу менен камсыздандырууга толугу менен мүмкүн болгон көлөмдөгү Д витамин иштелип чыгат. Д витаминди ден-соолугу чың, бирок, турмуш-шарты жана тамактануусу начар болгон , же болбосо, кош-бойлуулуктун акыркы 3 айы жылдын күз же кыш мезгилине туш келип калган кош-бойлууларга дайындалат. “Д” витамини баланын күнүмдүк керектөөсүн толук канаатандырарлык көлөмдө берилет, ал 500МЕ түзөт да, кош-бойлуулуктун акыркы эки айында 32-40 жумалык мөөнөтүндө өткөрүлөт. Гендевит 1тоголоктон (250МЕ) күнүнө 2маал берилет. Ал эми эргокальциферол болсо, 1 тоголоктон же 1тамчыдан (500МЕ) күнүнө 1 жолу эки ай бою берилет. УФН (ультро-фиолет нурлануусу) өтө каттуу климаттык шарттарда жашаган кош-бойлуу аялдарга өткөрүлөт (түндүк уюл шарттарында жашаган). Ошондуктан биздин шартта бир гана Д витамин даарысын дайындоо УФН дан оңойго турат, себеби, даарынын тасири жумшагыраак болот. Итийдин антенадалдык профилактикасы, анын төрөлгөндөн кийин өткөрүлбөстүгүнө шарт түзбөйт.

Постнаталдык профилактикабул: таза аба, күн нуру, рационалдык тамактануу жана күн тартибин сактоо сыяктуу убаракерчиликтердин комплекси. Эне сүтү менен тамактанууну кеңири пропагандалоо, баланын жасалма жана аралаш тамактануусун рационалдуу көзөмөлдөө, кошумча тамактандыруунун бардык түрлөрүн өз убагында киргизүү, таза абада көп сейилдөө (күндүн түз эмес нурларын колдонуп, күн нурунун анда-санда бир тийген нуру өтө пайдалуу) жана башкалар кирет. Жылдын жылуу мезгилиндеринде баланы таза абада сейилдетебиз. Аны бала төрөлгөндөн баштап эле өмүрүнүн биринчи күндөрүнөн эле 10-15 мүнөт убакыттан баштап, анан аны акырындап узартып отуруп 2-3 саатка жеткиребиз да, күнүнө 2-3 жолу эшикке алып чыгабыз. Ал эми жылдын суук мезгилинде 30 мүнөткө чейин гана жетет. Дене тарбиясы жана укалоо болсо бала төрөлгөн күндөн баштап эле киргизилет. Наристенин өмүрүнүн биринчи күндөрүнөн эле анын денесинин тазалыгына кам көрүү жүргүзүлөт. Бала алты айга чейин күнүнө бир жолу сууга салынат, бир жаштын экинчи жарымында - күн алыс, бир жаштан кийин жумасына 2-3 жолу жуунту керек. Ваннадагы суунун жылуулугу 36-36,5°ْС. болушу зарыл. Баланы 9-10 айлык курагынан суу процедураларына көндүрүп үйрөтүү керек (суу чачуу, суу менен сүртүү ж.б.). Бул учурларда суунун жылуулугун аз-аздап төмөндөтүп отурат да, 28- 32ْ°ْС түзөт. Лактацияга сарпталган энергияны толуктоо үчүн, бала эмизген эне баланын жашоосун толук камсыздандыруу үчүн рационалдуу тамактануусу зарыл. Бул учурларда атайын даярдалган “Мама и Я” сыяктуу сүт азык кошумчаларын да пайдаланса болот. Эне сүтүнүн составындагы витаминдердин жана башка нутренттердин көлөмү- эненин тамактануусуна түздөн-түз көз каранды, ошондуктан, жылдын суук мезгилдеринде жашылчы-жемиштердин жетишпестигинен коош-бойлуу аялдарга ар кандай поливитаминдерди жана макро жана микронуриенттерди дайындоо зарыл. Бул азык-заттарды Нестле компаниясынын «Мама и Я» аттуу сүт азыгын колдонуу менен толуктоого мүмкүн, аны лактациянын биринчи күнүнөн эле баштап колдонсо болот. Эгер баланын дени сак болуп, ал эне сүтү менен азыктанса, жакшы каралса анда, биринчи кошумча тамакты 6 айлык курактан киргизүү керек. Ал эми ара-төрөлүп, жасалма же аралаш азыктанууда болгон балдарга, биринчи кошумча тамакты 5 айлык курактан киргизебиз. Ал, бир компонентүү жашылча жана жемиш пюрелери, сүтсүз ботколор (үй шартында же өнөр-жай шартында даярдалган) түрүндө болуп, 1-2 чай кашыктан баштап акырындап өсүп отуруп толук порцияга жетекирилет да, көп компонентүү болуп өзгөрүлөт. Экинчи кошумча тамак «сүт боткосу» түрүндө киргизелет (талкан унунан, гречка күрүч, манка ж. б. ундардан даярдалат). Бул кошумча тамактардын ордун алмаштырып дайындаса да болот. Үчүнчү кошумча тамак: эт азыктары (эт пюреси), эт-сорпо (бульон), быштак, печенъе, кисель, ж. б. тамактар 8 айлык курактан киргизелет. Азыркы учурда баардык - «Биринчи, экинчи жана үчүнчү кошумча тамактар» баланын 6 айлык курагынан баштап эле киргизилет, араларына бир-эки күн интервалы менен эле. Болгону тамактардын консистенциясы гана «Паста» сыяктуу болгонго чейин койууланып олтурат. Эне сүтү баланын эң пайдалуу азык-затка жана башка макро – микронутриенттерге, витаминдерге болгон муктаждыгын толугу менен камсыздандыруучу негизги азыгы болуп эсептелет. Эгерде кандайдыр бир себептер менен бала эне сүтүнөн ажырап калса, ага жасалма тамак берүү киргизилет. Жасалма азык менен тамактанган балдар айрыкча көңүл бөлүүнү талап кылышат. Аларга негизги азык болуп - адаптацияланган, же болбосо эне сүтүнүн составына өтө жакындаштырылып жасалган «Жасалма сүт кошулмалар» кирет. Адаптацияланган сүт кощулмаларына: Xunn, NAN, Nestogen, Фрисолак, Малютка жана башкалар кирет. Адаптацияланбаган сүт (уйдун сүтү, эчкинин сүтү ж.б.) менен балдарды азыктандырууга болбойт. Итийге чалдыгууга мүмкүнчүлүгү аз балдарга профилактика жүргүзү спецификалык эмес алдын алуу менен гана чектелет. Эгерде өткөрүлгөн спецификалык эмес алдын алууга карабай итий башталып калса, анда, аларга «спецификалык» алдын алуу (профилактика) жүргүзүлөт.

Итий менен жабыркалануу мүмкүнчүлүгү кең топтогу балдарга төмөндөгүлөр кирет: Организминде Д витаминдин топтолуусу начар жана анын Д витамин менен кальцийге болгон муктаждыгы күч болгон балдар (ара төрөлгөн, эгиздер жана кош бойлуулуктун оор паталогиясы менен жабыркаланган энеден төрөлгөн балдар).

Турмуш-щарттары, тамактануусу жана климаттык шарттары (кыш мезгилинде төрөлгөн балдар) начар болгондуктан эндогендик Д витаминдин запасы канааттандырарсыз өлчөмдө болгон балдар. Алиментардык жетишсиздик – баланын тамактануусу сапаттык жактан канаттандырылбаган балдарда кездешет.

-Д витаминдин запасынын жетишпестиги анын ар-түрдүү ичеги карын оорулары, гипотрофия жана тез-тез кайталанып туруучу курч ресспиратордук жана башка оорулардын кесепетинен ичеги - карындын “Соруп алуу” жана “Сиңирүү” функцияларын бузулушунуна байланыштуу.

Д витаминдин профилактикалык дозасын тандоо ыкмаларын жана аларга дифференциялдуу жолдомо көрсөтүүнү көп жылдык илимий изилдөөлөр жана практикалык ыкмалар далилдешет. Алардын ичинен көбүрөөк физиологиялык жана баланын талабына жооп бере турган Д витаминдин дозасы болуп - күнүнө 400-500 МЕ табылды (ВОЗ эксперттеринин докладынан, 1991ж.).



Азыркы мезгилде Д витаминдин 2 профилактикалык ыкмасы бар. Анын ичинен «Бөлүп аз-аздан берүү» ыкмасына (метод дробных доз) көбүрөөк маани берилет, бул ыкмада Д витаминди 500 МЕ күнүнө бир маалдан, октябрдан май айына чейин, күндүн ультрафиолет нурунун активдүүлүгү кайтып калган кездерде, 2 айлык курагынан баштап жүргүзүлөт. Ара-төрөлгөн, талмалуу жана мальабсорбция синдрому менен жабыркаланган балдарга 2 жумалык курагынан баштап, ошондой эле дозада берилет.

Жашоо шарты начар жана тез-тез ооруп тууручу балдарга Д витаминдин экинчи профилактикалык «Курстук» деп аталган ыкмасы колдонулат. Бир жашка чейинки балдарга бул ыкманын үч курсу өткөрүлөт, ар бир курс 30 күндөн туруп, курстардын аралыгы 3 айды төзүт. Баланын өмүрүнүн 2 чи, 6 чы жана 10 чу айларында бир ай бою өткөрүлөт. Жаз-жай мезгилдеринде бул ыкманы өткөрүүгө болбойт. Күнүнө бала 2000 МЕ дозадан витамин алат. Баланын эки жаш курагында жогоркудай профилактика курсу 3 айлык интервал менен 2 ирет өткөрүлөт. Ошентип, баары биригип 5 курсту түзөт.

Жасалма көндүрүлгөн сүт кошулмалары менен тамактанган балдарга профилактика жүргүзүүдө Д витаминдин сүт кошулмасындагы дозасын эске алуу зарыл. Ал 500 МЕ түзөт. Итийдин профилактикасын өткөрүүгө каршылык көрсөткүчү бар деп, борбордук нерв системасынын перинаталдык органикалык паталогиясы бар балдар эсептелет. Аларга: микроцефалия, краниостеноз ошондой эле, идиопатиялык кальциурия (Вильямса-Бурне оорусу) жана гипофасфатазия кирет. Эмгегинин көлөмү кичине балдарга итийге каршы профилактика жүргүзүү болбойт. Бул балдарга спецификалык профилактика өткөрүү зарылдыгы болгон учурларда алар 1-2 ай көзөмөлдө болот да, борбордук нерв системасынын жабыркаланбаганына көз жеткенде гана, аларга 3-4 айлык курагынан баштап профилактика жүргүзүлө баштайт. Балыктын майы акыркы мезгилде колдонулбайт. Профилактикалык убарагерчиликтер комплексине цитраттык кошулма (лимон кислотасы-2.1 г., лимондук кычкыл натрий -3.5 г. жана 100мл дистирленген суу) бир чай кашыктан күнүнө үч маал ичилет, курсу 10-12 күн болуп, 1-2 айдан кийин кайталанат. Цитраттар кальцийдин зат алмашуусун жакшыртып ацидозду азайтат, сөөктөнүү процесстерин тездетет. Өтө ара-төрөлгөн (30 жумадан кичине гестациядагы) балдардын кальцийге болгон муктаждыгы жогору болгондуктан жана остеопатиянын алдын алуу үчүн, эки айлык курагынан кальцийдин глицерофосфаты 0.025 г. күнүнө эки маал дайындалат. Күз-кыш мезгилдеринде күндүн ультрафиолет нурларынын (УФН) жетишпестигинен балага бир айлык кезинен 1-2 курс УФН өткөрөбүз.

УФН өткөрүүгө көрсөткүчү бар балдар:

- ичеги-карында Д витаминди сиңирүү процесстери бузулган балдар;



УФН өткөрүүдө төмөнкү шарттарды сактоо зарыл:

- нурланууну жылдын жаз-жай мезгилдеринде өткөрбөйт;

- жасалма көндүрүлгөн сүт кошумчалары менен тамактанган балдарга өткөрүүгө болбойт;

- Д витамини менен чогуу өткөрүүгө болбойт;

- профилактикалык эмдөө өткөргөн кезде болбойт, эмдөөдөн кийин 1-2 жумада кайра профилактиканы улантат;

- С, В тобундагы витаминдер менен кошо өткөрүү зарыл;

- калкалоочу коз айнек кийгизип, чурайын жалайык менен жаап өткөрөт.

УФН өткөрүүгө каршылык көрсөткүчтөр:

-Д витаминге өтө ашыкча сезгичтиги бар жана аны начар көтөргөн балдар;

- мээ гипоксиясы, талма синдрому менен жабыркаланган балдар;

- инфекциялык курч оорулар менен ооруган жана манту- пробасы “оң” балдар;

- I-II даражадагы гипотрафия жана массасы 1500 г. кем болуп, ара төрөлгөн балдар;

- жүрөктүн тубаса майыптыгы (ВПС), бөйрөк оорулары, гемморрагия диатези менен ооруган балдар;



- эксудативдүү-кызыл диатези бар жана УФН ге ашыкча сезгичтиги бар балдарга. УФНди ¼ биодозадан 30 сек. убакыттын ичинде жүргүзүүдөн баштайт. Ал эми алсызданган балдарга болсо 1/8 биодозадан 15 с. убакыт ичинде өткөрүүдөн баштайт да, ¼ биодозадан ар бир эки процедурадан кийин кошуп, көбөйтүп отуруп ,1.5-2 биодозага жеткирет. Баары биригип 15-20 сеанстан, күн алыс өткөрөт.

ДААРЫЛОО

Итий оорусу менен жабыркаланган балдарды даарылоо- эки усулдан турат: “спецификалык” жана “спецификалык эмес”. Спецификалык –деп аталган усул, балага жалаң гана витамин “Д”нын даарыларын берүүнү билдирет. Бул усулдук - оорунун оордук көрсөткүчүнө көз каранды, эгер бала I даражадагы итий менен жабыркаланса, ага витамин “Д” нын дозасын 2000 МЕдан 30күн, экиге бөлүп берип, анан күнүнө 500 МЕден берүү “ Аз-аздан бөлүп берүү” усулдугу менен жылдын күз-кыш айларында (майдан октябрга чейин берилбейт) гана өткөрүлөт. Ал эми II-даражадагы оордуктагы балага 4000 МЕ, 2-3кө бөлүп, 30күн берип, , III даражадагы оордуктагы итийде 5000МЕ ден 40 күн, анан “Аз-аздан бөлүп берүү” усулдугу боюнча күнүнө 500МЕ ден жылдын күз-кыш мезгилдеринде гана жүргүзүлөт. «Д» витаминдин чоң дозаларын өткөрүү, өтө коопту. Ошондуктан итийдин оор түрү менен ооруган, гипервитаминоздун жеңил түрүнө караганда алда канча дурус делип эсептелет. Д витаминдин чон дозасы менен даарылоо мезгилинде, кандагы Са (кальцийдин) көрсөткүчүн аныктоо, же болбосо Сулкович пробасын ар-бир 7-10 күндө өткөрүп туру зарыл. Эгер Сулкович пробасынын көрсөткүчү “оң” чыкса, ал гиперкальциемияны билгизет да, витаминди токтотууну талап кылат. Сулкович пробасы төмөндөкүдөй өткөрүлөт: 5мл. эрте менеки заарага 2,5мл. Сулкович реактивин кошот ( 2,5мл щавел кислотасы жана аммоний оксолаты, 5г. муздуу уксус кислотасы, 150 мл дистилирленген суу). Кальцийуриянын «0» көрсөткүчүндө проба «агыш-бозомук» киргилденет. Гиперкальциемия жана гиперкалциурияда болсо «копол- өтө ак болуп” киргилдейт да, чокмо пайда болот. Дени сак адамдарда бул көрүнүш кездешпейт. Турмуш-шарты начар жана тез-тез ооруп туруучу балдарга оорунун кайталануусуна каршы жүргүзүлүүчү Д витамин курсун 1-2 жолу, негизги курстан 3айдан кийин (2000МЕ ден) жүргүзүү сунушталат. Курстун убакыт мөөнөтү жана дозасы негизги курстан айрымаланбайт. Ал эми оорунун спецификалык эмес даарылоо усулдугу дээрлик тамак-ашты жакшыртууну, күн-тартибин туура түзүүнү, ден-соолукту чыңдоо процедураларын (массаж, гимнастика ж.б.) жана күндүн түз тийбеген нурун алууну өзүнө камтыйт. Д витаминдин даарысын караңгы жана аба тийбеген жерде сактоо шарт, себеби, күн нурунун таасири астында ал уулу затка айланып, бузулуп калат, ал эми оозу ачылып калса абанын жардамы менен кычкылданууга учурап, бузулуп калат. Кун нуруна көп чыкпаган, тез-тез ресспиратордук оорулар менен ооруп турган, Д витаминди начар кабыл алган жана аны сиңирүү системасы жабыркаланган балдарга, оорунун алдын алуу максатында ультра-фиолеттик нурданууну (УФН) схема менен өткөрүү сунушталат. УФН, күндүн нуру жакшы тийген жаз-жай мегилдеринде өткөрүлбөйт, ал даарылоо максатында жүргүзүлбөйт. Оорунун аптап мезгилинде, спазмофилияда, I-II даражадагы гипотрофияда, аз-кандуулуктун оор түрлөрүндө жана кургак учук менен инфекцияланган учурларда балдарга, итийдин алдын алуу максатында УФН өткөрүүгө болбойт. Д витамини менен дарылануунун жемишсиздигинин бир себеби болуп, полигиповитаминоз эсептелет. Бул көрүнүш айрыкча эрте жаштагы баланы тура эмес тамактандырган учурларда кездешет. «С» жана «В» витаминдери «Д» витаминдин активдүү метоболиттеринин синтезделүүсүнө катышат да, ацидозду азайтат. «В»1 витамини 0,001г. күнүнө 3 жолу , «С» витамини 0,05-0,1г. күнүнө 2-3 жолу, 2жумалык курс менен дайындалат. «Е» витамини антиоксиданттык касиетке ээ, ал «Д» витаминдин уу касиетин азайтып турат. Анын 5-10% май эритмеси, 5-10 мг. Күнүнө 1-2 жолу сүт менен ичилет, курсу 10-12 күнгө созулат. «А» витамини сөөк-жасоо процесстерин жана анын минерализациясын жакшыртат, 6 айга чейинки балдарга күнүнө 1000 МЕ, 6-10мг, 6-12 айга чейинки балдарга күнүнө 2000 МЕ тамактан кийин 15 мөнүттөн кийин, 2-3 жумалык курс менен дайындалат. Эгер эне сүтү менен азыктанган жана ара-төрөлгөн балдарда остеомаляция белгилери пайда болсо “Д” витаминге кошуп кальций менен фосфордун даарыларын беребиз: кальцийдин глюканатын 0,15-0,25г. күнүнө 2 жолу 2 жумалык курс менен, кальцийдин глицерофосфатын, жашы 6 айга чейинки балдарга 0,05 г., 6-12 айга чейинки балдарга 0,1г. күнүнө 2-3 жолу 2 жумалык курс менен беребиз же курамында фитин бар органикалык фосфорду, кальций менен магнийдин туздарын 0,05-0,1г. күнүнө 2-3 жолу беребиз.Кошумча-экинчи гиперпаратиреозду басандатуу, калкан безинин “С” клеткасынын активдүүлүгүн күчөтүү о.э. циклдык нуклеиддердин зат алмашуусун жакшыртуу максатында магнийдин даарылары 10мг/ кг/күн., дозада күнүнө экиге бөлүп, 3 жумалык курс менен берилет. Магний сульфатынын 1% эритмесин эксудативдүү-кызыл диатези менен же “заңы катуу” менен жабыркаланган балдарга дайындалат. Аспаркам магний менен калийдин туздарынын кошулмасы катары тахикардияда жана көп тердүүлүктө дайындалат. Кальций жана фосфордун туздарынын сиңирүүсүн күчөтүү, бөйрөк түтүкчөлөрүндө фосфаттардын реарбсорбциясын күчөтүү жана ацидозду төмөндөтүү максатында цитраттык кошулманы 1 чай кашыктан күнүнө үч мал, 3-4 жума беребиз. Бул илдетти дарылоодо стероиддик эмес анаболикалык гармондор да оң таасир берет. Калий оротаты 20мгдан ар бир кг. массага эсептелип, күнүнө экиге бөлүнүп берилет, курсу 3-4 жумага созулат. Карнитин хлорид 20% эритме түрүндө 8-10 тамчыдан бир жашка чейинки, 15 тамчыдан 1 жаштан чоң балдарга күнүнө 3 жолу тамакка чейин 30 мүнөт калганда бир айлык курс менен берилет. II-III даражадагы итий менен ооруган балдарды комплекстүү дарылоодо, боордун функциясын жакшыртуучу кальций пангаматы 10-15мг күнүнө 3 жолудан, 3 жума боюу, липойлуу кислотасы 0,005г. күнүнө 2-3 жолу 3 жумалык курс менен дайындалат. Медикаменттик дарылоонун башталышынан 3 жумадан кийин, дарылоо комплексине укалоо жана дарылоо дене-тарбиясы көнүгүүлөрүн 30-40 мүнөттөн 1,5-2 айлык курс менен өткөрөбүз. Медикаменттик дарылоону бүткөндө 6 айдан чоң балдарга дарылануу ванналарын (туздуу, хвойлуу жана дары чөптөрдөн) дайындайт. Туздуу ванналар ак көпшүк тартып ишип турган, алсыз, аз кыймылдуу балдарга өткөрүлөт. 10 литр 35-36ْْ С сууга 2 аш кашык дениз же кайнатма тузу салынат. Биринчи ванна 3 мүнөттөн ашпайт, андан кийинкилери 5 мүнөттөн өткөрүлөт. Ваннаны күн алыс өткөрөт, баары болуп 8-10 жолу кайталайбыз. Хвой ваннасы нерв системасы тез дүүлүккөн, кежир балдарга (10 литр сууга 1 чай кашык хвой экстрактын кошуп), 13-15 жолу ванна алат. Эти эксудативдүү кызыл диатез менен жабыркаланган балдарга даары чөп (череда чөбү) ванналары көрсөтүлгөн. Сөөк дефформациялары бар 1 жаштан чон балдарга озекерит аппликациясын, парафинди, дары ылайларын тизе жана кетмен муундарына 10-12 жолу тартат, ал эми жайкы мезгилде ыссык кум ванналары дайындалат. 3 жаштан чоң балдарга май тамандыктын алдын алуу менен кетмен булчуңдарын чыңалтуу максатында дарылоочу дене-тарбия көнүгүүлөрү өткөрүлөт.


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет