Кыргыз тили байлыгым


Мугалим: Келгиле балдар Эне тили жөнүндө ырларды айтып беригиле. Окуучулар



бет2/3
Дата02.01.2022
өлшемі23.41 Kb.
#453572
1   2   3
Тарбиялык саат

Мугалим: Келгиле балдар Эне тили жөнүндө ырларды айтып беригиле.

Окуучулар:

-Айткылачы, досторум,


Кыргыз тили кимге керек?
Улут тилин билели - деп,
Айткан сөзгө эмне себеп?

Кыргыз тили жашап турса,


Биз чыныгы улутпуз.
«Ата», «Апа» деген сөздөр,
Бар үчүн биз улукпуз!

Дуйнөдөгү бардык элдин,


Ыйык көргөн тили бар.
Ошол тилди сыйлаш үчүн,
Опол тоодой дили бар.

Кыргыз тили - бизге керек,


Биз кыргыздын уулубуз.
Эне тилин сактай билген.
Жаңы доордун муунубуз!
(Жолдошбай Кененбаев)

Бирге жүрөм эне тилин кадырлайм,


Бүт тил менен иштейм, сүйлөйм, ыр ырдайм.
Башка тилди жандай жакшы көрсөм да,
Эне тилин сүйгөнүмдөн жаңылбайм.

Зор "Манас" көлөмүнө жетпес ченем,


Чарчабай үч ай айтса түгөнбөгөн.
Кыргызда дагы толгон көп укмуштар,
Чынында баары сенин күчүң белем.
(Алыкул Осмонов)

Орус тили жылдызда,


Биздин улуу заманда.
Бирок кыргыз кыргызча
Сүйлөбөсө жаман да!

Эне тилин билбеген,


Эси жогун аныктайт.
Эне тилин сүйбөгөн,
Элин сүйүп жарытпайт.

Ким барктаса өз энесин, өз тилин,


Барктай билет дүйнө элинин көп тилин.
Ар улуттун энеси улуу, тили улуу,
Өйдө, ылдый деп айта албайбыз эч бирин!
(Байдылда Сарногоев)



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет