Кыргыз тили байлыгым


Мугалим: Тил жөнүдө макал-лакакаптарды билесинерби? Окуучулар



бет3/3
Дата02.01.2022
өлшемі23.41 Kb.
#453572
1   2   3
Тарбиялык саат

Мугалим: Тил жөнүдө макал-лакакаптарды билесинерби?

Окуучулар:

1. Адам көңүлүнөн азат, тилинен жазат.

2. Адам тилинен табат.

3. Адамга эки нерсе тирек деги, бири тил, бири дилиң жүрөктөгү.

4. Адамды шорго салган да, өлтүргөн да тил.

5. Адамдын даңкын чыгарган да — тил, тарпын чыгарган да — тил.

6. Жаман тил үчүн жакшы баштан айрылыптыр.

7. Жамандан тил укканча, жакшыдан таяк же.

8. Жүрөк сыры тилден чыгат.

9. Ичтегини тилден бил, тилдегини түрдөн бил.

10. Каргыштын эң жаманы: «өзүң билбе, билгендин тилин алба».

Мугалим: Макалдар (тест).

1. Тил билсен... билесиң.

а) адам. б) өлкө, в) эл, г) дил

2. Адеп башы...



а) тарбия, б) ата-эне, в) сөз, г) тил

3. Тил ойдун...

а) бешиги, б) булагы, в) чырагы, г) кузгусу

4. Тил акылдын...

а) каражаты, б) булагы, в) тепкичи, г) жарчысы

5. Тил акыйкаттын...

а) символу, б) баштыгы, в) мээси, г) ачкычы

6. Тилде... жок

а) уят, б) мээ, в) бет, г) сөөк

7. Жигиттин өзүнө караба... кара

а) ишине, б) көкүрөгүнө, в) колуна, г) сөзүнө

Мугалим: Накыл сөздөрдү ордуна кой.

1. Айла менен... тутууга болбойт

а) аялды, б) албарстыны, в)түлкүнү

2. Жалгыз дарак... болбойт

а) тактай, б) токой, в)отун

3. Эшек жүгүруп... болбойт



а) күлүк, б) тулпар, в) аргымак

4. Көпчүлүк түкүрсө көл болот, көл... сел болот

а) жинденсе, б)чайпалса, в)толкуса

5. Ат ээсиз болбойт, казан... болбойт

а) капкаксыз, б) көөсүз, в) суусуз

6. Аз уктаган... бай болбойт

а) акчага, б) өмүргө, в) акылга

Мугалим: Суроо - жооп викторинасы.

- Бир кылым канча жыл? (100жыл)

- Шаршембиден кийин кайсы күн келет? (Бейшенби)

- Синоним деп эмнени айтабыз? ( Мааниси окшош бирок айтылышы боюнча ар башка сөздөр

- Сары-Челек колу кайсы облуста жайгашкан? (Жалал-Абад)

- Окуучулар үчүн чыгарылган газетанын аталышы? (Байчечекей)

- Тулкунун баласын эмне деп аташат? (Бачики)

- Физкультура сөзүнүн кыргызча аталышы? (Дене-тарбия)



- Дүйнөдө эмне күлүк?(Ой)

Мугалимдин жыйынтыгы:

Урматтуу тарбиялык саатка катышуучулар! " Кыргыз тили – байлыгым " атуу тарбиялык саатка күбө болдуңуздар.

Силер, биздин келечегибизсиңер. Ошондуктан бабаларыбыз сүйлөгөн сөздөрдү улап, аны көкүрөгүнө сактап, эне тилибизди эң жөнөкөй угумдуу да, жагымдуу да, көркөмдүү да өзгөчөлөнгөн тил экендигин дүйнө элдерине тааныта билүү, кийинки муундарга жеткире билүү ар бирибиздин эң ыйык парзыбыз.

Үй тапшырма: "Кыргыз тили керемет" деген темада дил баян жазып келүү.

Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет