Маалымат иштеп чыгуу авто системасы, 140212 Электр менен камсыдоо (тармактар боюнча) философия



Pdf көрінісі
бет30/36
Дата16.12.2022
өлшемі0.65 Mb.
#467341
түріПротокол
1   ...   26   27   28   29   30   31   32   33   ...   36
Enezarova-S.T.-Filosofiya-UMK

Дедукция (латынчадан deductio – алып чыгаруу, бөлүп чыгаруу) - ойдун жалпыдан 
жекеге карай кыймылына, жалпыдан жекени бөлүп чыгарууга негизделген, 
б.а. дедукция айрым, жеке окуялардын негизинде жалпы ой корутундусун алган 
процесс болуп саналат (атактуу из кубаар Шерлок Холмс эсиңиздеби). Мисалы, 
кадыресе шарттарда баардык металлдар жаркырактык, электр жана жылуулук 
өткөргүчтүүлүк касиеттерине ээ. Биз таап алган « А » нерсеси металдарга таандык 
касиеттерге ээ. Мындан «А» нерсеси да металл деген корутунду алынат.
Дедуктивдүү метод жалпы логикалык шилтемелер туура түзүлгөндө жана логикалык 
корутунду туура алынганда гана так келсе, туура билимдерди бере алат. Өзүнүн « Метод 
тууралуу ой жүгүртүүлөр », (1637) деп аталган өзөктүү чыгармасында Декарт дедуктивдүү 
илимий метод адамдын акылын башкарууга жана төмөнкүдөй эрежелерди так аткарган 
учурда адамзатты коюлган максатка кыска жол менен алып баруу жөндөмүнө ээ эң кубаттуу 
каражат болуп саналат деп жазган:


1. Алынган корутундулар менен тыянактардан күмөн санабоо үчүн илимий 
изилдөөлөрдү эң жөнөкөй жана түшүнүктүү нерселер менен жоболордон 
баштоо;
2. Дедукциянын жардамы аркасында уламдан улам татаалдана баштаган ой 
пикирлерин алуу;
3. Ой бүтүмүнүн чынжырын үзүп албоо үчүн анын бир да тутумун унутта 
калтырбоо максатында удаалаш, ырааттуу иликтөөлөрдү жүргүзүү;
4. Чындыктын критерийи деп билимдин алгачкы уюткулары менен башаттарын 
берген интуицияны жана алардан корутундуларды, тыянактарды алууну 
мүмкүн кылган дедукция методун эсептөө;
5. Татал маселелерди аладын курамдык бөлүктөрү болуп саналган маселелер 
менен проблемаларга ажыратып алып, ар бир бөлүктү өз-өзүнчө изилдөө.
Илимий таанымда дедукция индукция менен бирдикте гана жашай алат.
 
Х 
Вариант №1 
1.Философиянын структурасына кайсы бөлүк кирет? 
а) Психология 
б) Онтология 
в) Биология 
г) Экология 
д) Этнология 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   26   27   28   29   30   31   32   33   ...   36




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет