Маалымат иштеп чыгуу авто системасы, 140212 Электр менен камсыдоо (тармактар боюнча) философия



Pdf көрінісі
бет28/36
Дата16.12.2022
өлшемі0.65 Mb.
#467341
түріПротокол
1   ...   24   25   26   27   28   29   30   31   ...   36
Enezarova-S.T.-Filosofiya-UMK

Экинчи сабак:  
1. Метод жана методология түшүнүктөрү.
2. Таанып билүүнүн жалпы логикалык методдору.
3. Изилдөөнүн эмпирикалык жана теориялык  
методдору.
Негизги адабияттар:


1.
В.П.Кохановский. Философия и методология науки. М., 1999.
2.
Введение и философию. Ч 2. М., 1989.
3.
Ильенков В.А. Диалектическая логика. М., 1984.
4.
Лекторский В.А. Субьект и обьект познания. М., 1980.
5.
Чудинов Э.М. Природа научной истины. М., 1977.
6.
Мостепаненко М.В. Философия и методы научного познания. М., 1972.
7.
Ведин В. Познание и знание. Рига., 1982.
Кошумча адабияттар:
1. Меркулов И.Н. Метод гипотез в истории научного познания М., 1989.
2. Нарский И.С. Современные проблемы познания. М., 1984.
3. Пармон Э.А. Роль фантазии в научном познании. Минск., 1984.
4. Современная философия гауки. Хрестоматия. М., 1994.
1. Метод жана методология түшүнүктөрү. 
Метод–бул таанымдагы регулятивдик принциптер-дин жана ыкмалардын системасы. Ал грек 
сөзүнөн которгондо– «жол» дегенди түшүндүрөт. Метод жөнүндөгү окуу- бул 
«методология» деп аталат. 
Тааным процессинин уюштуруунун маанилүү структуралык компоненти болуп анын 
методдору, б.а. жаңы билимди алуунун салтка айланып калган ыкмалары саналышат. 
Көпчүлүк ойчулдар философиянын негизги милдетин таанымдын универсалдуу методдорун 
ачуу жана негиздөө менен байланыштырышкан. 
Мисалы. Ф.Бекондун пикиринде билимдердин прогрессиндеги алгачкы шарт болуп илимий 
түшүнүктөрдү пайда кылган жалпылоо методдорун жакшыртуу эсептелет. Жалпылоо 
процессии индукция деп аталат. Ошол себептен, Бекондун философиясынын негизги 
милдети болуп таанымдын жаңы методун түзүү эсептелген. Илимий таанымдын өзөктүү 
методу катары Бекон тажрыйба менен экспериментке таянган жана сезимдик маалыматтарды 
анализдөө менен жалпылоонун методикасы болуп саналган индукция методун сунуш кылат 
да, ой жүгүртүүнүн дедуктивдүү методуна негизделген Аристотелдин «эски» логикасын 
олуттуу сынга алат. Бекондун пикиринде Аристотелдин реалдуу нерселерден өтө элек оолак
абстрактуу сырларын чечүүгө тосколдук кылат да, изилдөө ишиндеги башаламандыкты 
жаратат. 
Эмпирик Бекондон айырмаланып, француз философу Декарт математикалык билимдердин 
логикалык мүнөзүнө байкоо жүргүзүүнүн натыйжасында рационализмдин негиздөөчүсү 
катары таанымдын аналитикалык же рационалдуу деп аталган илимий методун сунуш 
кылган. Рационализм – сезимдик таанымды четке каккан же аны кысымга алган, дүйнөнү 
акыл эстин, логиканын жардамы аркасында гана таанып билүү мүмкүн деген философиялык 
окуу. 
Декарт математиканы жалпылык жана зарылдык сыяктуу белгилерге жана эң туура 
билимдерге ээ илим деп атаган. Ошол себептен, ал тааным процессинде дедукция методуна 
же далилдөөнүн дедуктивдүү формасына өзгөчө маани берген. 


Француз философунун пикиринде метод таанымды терең ойлонуу менен уюштурулган 
ишмердүүлүккө айландырып, изилдөө процессин кокустуктардан эркин кылат. Методдун 
таасири астында тааным процессии кол өнөрчүлүгүнө негизделген эптеп септеген 
өндүрүштөн эң кубаттуу өнөр жай өндүрүшүнө, чындыкты кокустан ачуудан илимий 
билимдерди системалуу жана план ченемдүү жаратууга айланат. 
Демек, метод изилденип жаткан обьекттин табияты жана мыйзам ченемдүүлүктөрү менен 
шартталган тааным жана практикалык ишмердүүлүктүн эрежелери менен ыкмаларынын 
жыйындысы болуп саналат. Мындай эрежелер менен ыкмалар өтө эле көп. Алардын 
айрымдары адамдын материалдуу дүйнөнүн буюм-тыйымдары менен практикалык иш алып 
баруусуна багытталса, башкалары теориялык, илимий мүнөздөгү терең негиздөөлөрдү талап 
кылышат. Өз маңызы боюнча илимий методдор теориялардын тескери жагын туюнтушат. 
Бардык теориялар реалдуулуктун тигил же бул фрагментин түшүндүрүүгө аракет кылат. 
Бирок, анны түшүндүрүп жатып, теория ошол реалдуулук менен кандай алакада болуу керек, 
эмнелерди жасоо, же жасабоо зарыл экенин көрсөтүү менен теория методго өтө баштайт. Өз 
кезегинде метод тааным ишмердүүлүгүн андан ары өнүктүрүү, багыттоо менен билимдердин 
дагы тереңдешине, өнүгүшүнө көмөк берет. 
Тааным методдорунун учурдагы системасы өтө татаалдыгы жана дифференциалдуу мүнөзү 
менен айырмаланат. Реалдуулукту «камтуунун» кеңдиги, жалпылоо деңгээли, таанымдын ар 
кандай деңгээлдеринде колдонулгандыгы ж.б. көп сандаган критерийлер боюнча методдорду 
классификациялаган ыкмалар бар. Максатка ылайык биз методдордун жалпы логикалык 
жана илимий деп аталган эки негизги түрүн сунуш кылууну туура тапкан. 
2.Таанымдын жалпы логикалык методдору: 
Анализ Синтез Индукция Дедукция. Абстракция Аналогия 
Жалпы логикалык методдордо таанып билүүнүн бардык методдору колдонулат. Ал эми 
илимий таанып билүүнүн методдорун бир гана илим колдонот: 
1. Анализ- бүтүн нерсени бөлүктөргө бөлүп кароо.
2. Синтез- бөлүкчөлөрдү бир бүтүндүккө бириктирип кароо.
3. Индукция- жеке мүмкүнчүлүктөрдү ой жүгүртүүнүн негизинде жалпы ой корутунду 
чыгаруу. 4. Дедукция- жалпы мүмкүнчүлүктүү ой 
жүгүртүүдөн жеке мүмкүнчүлүктөрдөгү ой корутунду чыгаруу.
5. Абстракциялоо- изилдөөчү кубулуштардын кээ бир касиеттерин жана катнаштарын эске 
албоо аркылуу изилдөөчүнүн ойлоо ыкмасы. 6. Аналогия-обьектинин окшоштуктары 
боюнча изилдөө методу. 
Алар таанымдын күнүмдүк да, теориялык да деңгээлдеринде кеңири пайдаланып, жалпы 
мүнөзгө ээ. Мындай методдорго анализ жана синтез, индукция жана дедукция, аналогия ж.б. 
кирет. Алардын табиятынын универсалдуулугу реалдуулукту изилдөөнүн булл ыкмалары 
ойломдун эң жөнөкөй жана элементардуу операциялары болуп саналышкандыктары менен 
түшүндүрүлөт. Алар ар бир адамдын күнүмдүк практикалык иш аракеттеринин « логикасына 
» таянуу менен өтө татаал теориялык негиздөөлөрдү далдалчысы жок эле, тике түзө алышат. 
Ошол себептен, биз формалдуу логиканын мыйзамдарын билбесек деле, биздин ойлом 
логикалуу бойдон кала берет. Ойломдун мындай логикалуулугу илим менен эмес
материалдуу–предметтик иш аракеттердин «логикалуулугу» (мисалы, табигый мыйзамдар) 
менен байланышкан. Алардын айрымдарына кыскача токтолсок. 
• 
Анализ (грекчеден analysis – талдоо, ажыратуу) – обьекттин касиеттери менен 
алакаларынын системалуулугун аныктоо максатында аны ой аркылуу, же чындап эле 
курамдык элементтерге ажыратуу, бөлүү менен коштолгон тааным процедурасы.


• 
Синтез (грекчеден synthesis – бириктирем) – изилденип жаткан обьектин анализдин 
жүрүшүндө ажыраган, бөлүнгөн элементтерин бир бүтүндүккө бириктирүү 
операциясы.
• 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   24   25   26   27   28   29   30   31   ...   36




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет