Акматов Кыялбек Камутовичтин Орто мектепте акын-жазуучулардын өмүр баянын чыгармалары менен биримдикте окутуунун илимий



Pdf көрінісі
бет1/6
Дата01.10.2022
өлшемі338.26 Kb.
#461725
түріДиссертация
  1   2   3   4   5   6
1577606346 - 3-оппонент Орозова Г.



Акматов Кыялбек Камутовичтин «Орто мектепте акын-жазуучулардын 
өмүр баянын 
чыгармалары менен биримдикте окутуунун илимий- 
методикалык негиздери» аттуу темадагы 13.00.02 - окутуунун жана 
тарбиялоонун теориясы менен методикасы (кыргыз адабияты) адистиги 
боюнча педагогика илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын 
изденип алуу үчүн жазылган диссертациялык ишине карата расмий 
оппоненттин
ПИКИРИ
Диссертациялык иш Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз тилин жана 
адабиятын окутуунун методикасы кафедрасында аткарылган.
Илимий 
кецешчи 
-
И.Арабаев 
атындагы 
кыргыз 
мамлекеттик 
университетинин 
педагогика 
кафедрасынын 
профессору, 
педагогика 
илимдеринин доктору, профессор А.Ж.Муратов.
Диссертациянын жалпы көлөмү - 255 бет, пайдаланылган адабияттардын 
тизмеси - 417, таблицалар - 20, сүрөттөр - 9.
Акын-жазуучулардын өмүр баянын, чыгармачылыгын үйрөнүү - адабий 
билим берүүнүн маанилүү звенолорунун бири. Кыргыз адабиятын окутуунун 
методикасы илими орус жана совет методикасына негизделип пайда болуп
андан ары калыптанган, өнүккөн. Өмүр баянды окутуу дүйнөлүк педагогикада 
ар дайым талаштарды жаратып келген. Мисалы, 
француз адабиятчысы 
Ш.О.Сент-Бёв «биографический» деп аталган методду негиздеген да, ал 
теориясында автордун өмүр баянын ийне-жибине чейин окуу керек, анын 
галстугун кандай байлаганын да балдар билиши керек деген. Бул методду 
даниялык адабий сынчы, публицист Георг Брандес, орус адабиятчылары 
Н.А.Котяревский, О.П.Герасимов ж.б. изилдөөчүлөр колдошкон. Экинчи 
пикирдегилер аларга карты ойдо болушат. Анын өкүлдөрү Б.М.Эйхенбаум, 
В.Б.Шкловский, В.Ф.Переверзев ж.б. адабиятчылар. Алар бул же тигил 
чыгарманы үйрөнүүдө жазуучулардын биографиясы эч кандай мааниге ээ эмес
1


деп эсептешкен. Жогоруда карама-каршы пикирлерди эске алып, советтик 
методисттер орус адабияты сабагында жазуучунун өмүр баянын чыгармалары 
менен бирдикте окутуунун бүтүндөй системасынын илимий негизин иштеп 
чыгышкан.
Ал эми кыргыз адабиятын окутуу илиминде бул проблема ыраттуу жана өз 
алдынча докторлук диссертациянын алкагында иштелип чыккан эмес. Демек, 
кыргыз педагогикасында жазуучулардын өмүр баяндарын чыгармалары менен 
биримдикте окутуунун методикалык системасын, дидактикалык принциптерин, 
туура критерийлерин жана шарттарын аныктоо жана мугалимдерге сунуштоо, 
сунуш кылынган методикалык ыкмалардын, жолдордун, каражаттардын 
майнаптуулугун педагогикалык тажрыйбада сынактан өткөрүү милдети 
актуалдуу маселелердин бири.
Изденүүчү К.К.Акматовдун эмгегинин бүгүнкү күн үчүн актуалдуулугу 
мына ушулар менен байланышат.
Докторлук даражага талапкер Кыялбек Камутович Акматов өлкөбүзгө 
таанымал жаңычыл мугалим, «Жыл мугалими» конкурсунун дипломаты, 
кыргыз адабияты боюнча жаңы муундагы окуу китебинин авторлошу, ондогон 
усулдук колдонмолорду иштеп чыккан адис. Анын педагогикалык тармакта 
топтогон билимдери жана тажрыйбалары бул эмгегинде да ар тараптуу 
көрүнгөн.


Достарыңызбен бөлісу:
  1   2   3   4   5   6




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет