Кептик компетенттүүлүккө ээ болуу – бул мектеп бүтүрүүчүсү (сүйлөөчү же
угуучу) коммуникативдик милдеттерди аныктоого, тилди пикир алышуунун ар кыл
кырдаалдарында оозеки жана жазуу формасында пайдаланууга, өзүнүн сөздүк корун
байытуу менен кептик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жөндөмдүүлүгү:
карым-катнаштын (коммуникациянын) максатына ылайык кептин предметин
жана темасын түшүнөт жана белгилейт;
тексттеги биринчи жана экинчи маалыматтарды бөлүп көрсөтүп, аларды чындык
менен салыштырат;
коммуникативдик мазмунуна ылайык тексттердин функционалдык-семантикалык
типтерин, кептин ар кыл жанрындагы жана стилиндеги тексттерди айырмалайт жана
пайдалана алат.
адабий тилдин (стилдердин) нормаларына, пикир алышуунун максатына (кептик
кырдаалдарга) ылайык текст түзөт;
текстти ар кыл стилдик режимдерге (бир стилдеги текстти экинчи стилге
айландыруу), түрдүү эмоционалдык жагдайларга (тондорго) ылайыктап кайрадан түзөт.
Маданий компетенттүүлүккө ээ болуу – бул мектеп бүтүрүүчүсү пикир алышууга
катышуу менен социалдык кептик жана тарыхый-маданий кырдаалды эске алууга
жөндөмдүүлүгү:
коомдо жүрүм-турумдун нормаларына ылайык баарлашуунун катышуучусунун
социялдык ролун өзүнө кабыл алат;
элдин маданий мурасынын маанилүү бөлүгү катары тилге жекече мамилесин
билдирет;
кеп маданиятынын эрежелерине ээ болот.
II. ПРЕДМЕТТИН МАЗМУНУ
Достарыңызбен бөлісу: |