Министрлиги


төмөнкүдөй негизги милдеттери



Pdf көрінісі
бет4/45
Дата05.12.2022
өлшемі0.76 Mb.
#466506
түріПрограмма
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   45
ca0b1618-cd19-4572-8b0f-d953a153bb54 (1)

төмөнкүдөй негизги милдеттери сунуш кылынат: 
окуучуларга кыргыз тилинин фонетикалык системасын, анын сөздүк кору менен 
байлыгын, грамматикалык түзүлүшүн, орфографиялык жана орфоэпиялык нормалары 
менен эрежелерин теориялык негизде үйрөтүү; 
окуучулардын сөз байлыгын өстүрүү – кыргыз тилин окутуунун негизги 
милдеттеринин бири, кыргыз тилинин сөз курамы лексика бөлүмдөрү менен 
байланыштыруу. Мында окуучулардын сөз байлыгын өстүрүү максатында сөздөрдүн, 
түшүнүктөрдүн лексико-семантикалык маанисин талдоо, синонимдерин, антонимдерин 
аныктоо, фразеологиялык айкалыштардын маанилерин чечмелөө; тааныш эмес сөздөрдү 
пайдалана билүү, диалектилик, говордук сөздөрдү ыктуу пайдалана алуу жана алар 
аркылуу ж.б. көндүмдөрдү калыптандыруу. Бул багыттагы иштерди аткаруу аркылуу 
окуучулардын сөздүк корун байытууга, сөзгө сергек мамиле кылууга, кыргыз тилинин 
байлыгын оозеки жана жазуу кебинде активдүү пайдаланууга үйрөтүү; 
кыргыз тилинин фонетика, лексика, морфология, синтаксис бөлүмдөрү тыгыз 
байланышуу өтүлөт. Мында сөздөрдөн сүйлөм түзө билүү, сөздөрдүн жана сүйлөмдөрдүн 
өз ара байланыштуу жолдорун өркүндөтүү, сөздөрдүн, сөз айкаштарынын, 
фразеологиялык айкалыштардын сүйлөм ичинде ордун, аткарган синтаксистик кызматын 
билүү жана алар боюнча жүргүзүлгөн машыгуу иштери аркылуу окуучуларды текст 
түзүүгө алдын ала даярдоо;
байланыштуу кеп боюнча сабактарда окуучуларды ойду оозеки жана жазуу 
түрүндө эркин, логикалык ырааттуулукта байланыштуу, сабаттуу туюнта билүүгө 
үйрөтүү; алардын кеп түшүнүктөрүн өздөштүрүүгө, текст түзүү жана өркүндөтө билүүгө 
машыктыруу. Байланыштуу кептин темаларын фонетика, лексика, морфология, синтаксис, 
сөз жасоо, орфография бөлүмдөрү менен тыгыз биримдикте окутуу; 
кыргыз тилин терең урматтап, аны менен сыймыктанууга, анын тазалыгын
адабий нормативдүүлүгүн сактоого, андагы каражаттарды билгичтик, сезимталдуулук 
менен колдоно билүүгө шыктандыруу жана тарбиялоо; окуучуларды тилдин коомдук 
көрүнүш экендиги, коомдогу ролу, социалдык мааниси, анын өнүгүш мыйзам 
ченемдүүлүктөрү, анын ичинде кыргыз тилинин азыркы коомдогу орду жана өнүгүш 
багыттары тилдик өнүгүүнүн тарыхый шарттары, факторлору жөнүндөгү түшүнүктөргө ээ 
кылуу; 


окуучуларга тил, анын системалуулугу жана кеп жөнүңдө зарыл болгон 
билимдерди берүү менен алардын оозеки жана жазуу кептериндеги орфографиялык жана 
стилистикалык нормалардын сакталышына өзгөчө көңүл бөлүп, кетирилген каталарды 
кетирбөөгө көнүктүрүү жана машыккандыктарын калыптандыруу; 
өз ойлорун орфоэпиялык нормалардын негизинде туура, так айтууга, ар түрдүү 
стилдеги тексттерди көркөм окуй алууга үйрөтүү; 
кептин, стилдин ар кандай түрлөрүнө мүнөздүү болгон тил каражаттарын бири-
биринен айырмалай алууга, текст түзүүдө кетирилген кемчиликтерди таба билүүгө жана 
аларды түзөтүүнүн жолдорун, ыкмаларын колдоно алууга машыктыруу жана ага 
калыптандыруу; 
текст түзүүдө ага катышкан сүйлөмдөрдүн мазмунун айтылып жаткан ойдун 
негизине карата туура багытоо менен, алардын (сүйлөмдөрдүн ортосундагы ойдун 
логикалуу өнүгүшүн, сүйлөмдөрдүн өз ара ички жана тышкы байланыштарынын стилдик 
нормаларын так сактоого көнүктүрүү); 
адабий тилдин нормаларын билгичтик менен өздөштүрүү, сөз байлыгын 
арттыруу, тилдин синонимдик катарларын, анын көркөм каражаттарын, өтмө маанилүү 
жана эмоционалдуу-экспрессивдүү пикир алышуунун баардык формаларында туура 
колдоно билүү менен окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жетишүү; 
интерактивдүү окутуу, проблемалуу окутуу, сынчыл ой жүгүртүү жана башка 
алдыңкы методикалык ыкмаларды пайдалануу. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   45




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет