Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети


Эне тилин текстке байланыштуу окутуунун максаттары



Pdf көрінісі
бет19/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   15   16   17   18   19   20   21   22   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

2.3. Эне тилин текстке байланыштуу окутуунун максаттары, 
методдору, формалары. 
Башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуунун негизги максаты- 
окуучуларды өз эне тилинде сабаттуу окууга, жазууга үйрөтүү жана кеп 
ишмердүүлүгүнүн, ой жүгүртүү ишмердүүлүгүнүн көндүмдөрүнө ээ кылуу. 
Окуучу эне тилин өздөштүрүүдө аны бүтүн бир система катары кабыл 
алып, анын структуралык өзгөчөлүктөрүн жана тилдик бирдиктердин 
функцияларын түшүнүү менен тилдик көрүнүш, фактыларды талдай 
алуусуна жана тилдик нормаларды оозеки жана жазуу кебинде колдонуусуна 
жүрүм-турумдук-кеп ишмердүүлүгүнүн бардык түрлөрүнө (угуу, сүйлөө, 


71 
окуу, жазуу), карым- катнаштын ар кыл чөйрөсүндөгү кептик жүрүм-турум 
маданиятына ээ болуусуна жана өзүнүн оозеки, жазуу кебин өркүндөтүүгө 
жөндөмдүү; баалуулук- тилди элдин маданиятынын бир бөлүгү катары 
таануусунажетиштирүү башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуунун 
негизги милдеттеринен болуп саналат. 
Кыргыз тили сабагын окутуудагы негизги максат-эреже, аныктамаларды гана 
жатка билдирбестен, так, туура, орундуу, логикалуу, оозеки, жазуу кебин 
калыптандыруу. Кыргыз тилинен алган теориялык билимдерин жазуу жана 
сүйлөө ишмердүүлүгүндө, кептин баяндоо, сүрөттөө, ой жүгүртүү типтерине, 
ар 
кыл 
стилдерге 
(оозеки-сүйлөшүү, 
көркөм, 
окуу- 
илимий, 
публицистикалык, иш кагаздарынын стили) ылайык текст түзүү менен иш 
кагаздарын даярдап, кеп адебине, сүйлөшүү маданиятына (эне тилинде так
таза, туура сүйлөп, логикалуу жаза билүүдө, кебинин бай, көркөм, орундуу) 
ээ болуусу, баяндама, дилбаянды сабаттуу жаза билүүсү кирет. 
Кептик коммуникативдүүлүккө ээ кылууда тилдин системалык 
түзүлүшүн, т.а. фонетикадагы сөздүн тыбыштык түзүлүшүн, лексикадагы 
сөздөрдүн ар кыл маанилерин, синтаксистеги жөнөкөй жана татаал 
сүйлөмдөрдүн 
курулушун, 
морфологиядагы 
сөз 
түркүмдөрүн, 
грамматикалык түзүлүштөрүн, орфографиялык жана пунктуациялык 
эрежелерди тилдик категория катары окутпастан, баарлашууну, сүйлөшүүнү, 
карым-катнашты ишке ашыруучу каражат катары пайдаланып окутуу зор 
роль аткарат. 
Белгилүү окумуштуу Ж.Чыманов тилдин колдонулушу тууралуу 
маалымат берүүнү тил жана кеп, кеп маданияты, стилистика, текст таануу 
сыяктуу маселелердин эң соңку мезгилге чейин кыргыз тил илиминде 
изилдебегендигин белгилөө менен, тил, кеп жана текстти бирдиктүү система 
катары алып, кыргыз тилин окутуунун башкы принциби катары сунуштайт. 
Окумуштуу Н.Бийгелдиева “тил” жана “кеп” терминдери бири-бири 
менен тыгыз байланышта жана “кеп ишмердүүлүгү”, “текст”, “тексттин 
мазмуну”, “тексттин мааниси” сыяктуу түшүнүктөр менен өз ара карым-


72 
катышта экендигин, ошондуктан тил жана кепти бири-бири менен гана эмес, 
кеп ишмердүүлүгү, текст жана тексттин мааниси менен да биргеликте кароо 
керек”,- деп белгилейт.
Тилдин бардык элементтерин бириктирүүчү мындай ыкмада окутуу 
процессинде тилдин системасы жана мыйзамдары тексттин негизинде гана 
окутулат. Тилдик бирдиктер текстте гана жаңы, атап айтканда, текст түзүүчү, 
текст жаратуучу функцияларга ээ болот. 
Текст дидактикалык бирдик катары башталгыч класстарда кыргыз 
тилин текстке байланыштуу үйрөтүүдө эки маанилүү багытты бириктирүүгө 
мүмкүнчүлүк берет: 1) тилдин теориялык маселелерин үйрөтүү; 2) 
коммуникативдик компетенцияларын калыптандыруу. 
Эне тилин текстке байланыштуу окутууда тилдин бардык стилдерине 
(расмий- иштиктүү, окуу-илимий, көркөм, публицистикалык) ылайык 
тексттин түрлөрүн колдонуу төмөнкү таблицада көрсөтүлдү: 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   15   16   17   18   19   20   21   22   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет