Кыргыз республикасынын билим берүҮ жана илим министрлиги и. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет9/93
Дата14.07.2022
өлшемі2.46 Mb.
#459688
1   ...   5   6   7   8   9   10   11   12   ...   93
ДИССЕРТАЦИЯ АКЫРКЫ ВАРИАНТ

Сөздүк: 
бекер эмесмин- бош эмесмин 
шакирт- окуучу, үйрөнүүчү 
Үйдөн сүрөттөргө карата текст түзүп келүү тапшырмасы берилет. 
Окуучулардын билими көрсөткүчтөргө ылайык бааланат. 
Бул сабакта жаңы өздөштүрүлүүчү материал мугалим тарабынан даяр 
түрүндө берилбестен, окуучулардын өздөрү аркылуу изилденип, талданып, 
кабыл алынды. Мындай кырдаалда, психологдордун айтуусуна караганда
окуучулардын ой жүгүртүүсү активдүү аракетке келет да, алдына коюлган 
суроолорду чечүүгө бардык күчүн жумшайт. 
Мындай сабактын түрүндө окуучунун алдына окуу маселесин коюуга 
негизги көңүл бурулат. “Окуучунун алдына окуу маселесин коюу- бул аны 
ошол маселенин чечилишин талап кылуучу кырдаалга киргизүү болуп 
саналат.” (96, 386- б.) 
Окуучунун алдына окуу маселесин коюу эле жетишсиз, мугалим 
тарабынан коюлган суроо окуучу тарабынан кабыл алынышы, анын өздүк 
маселесине айланууга тийиш. (96, 29- б.) 
Окуу маселесин коюунун 2 негизги талабы бар: 
Окуучулар коюлган маселеден жаңы белгисиз нерсени көрө билүүлөрү 
керек;алар бул маселени чечүүнү каалап, ага умтулуулары керек. 


27 
Мугалим тарабынан берилген бардык эле тапшырмаларды окуу маселеси 
деп атоого мүмкүнбү? Кандай маселени, же коюлган проблеманы окуу 
маселеси деп кароого болот? Жогоруда айтылгандай, окуучу андан бир 
нерсени билип алуу зарылчылыгын көрө алганда гана. Ал эми окуучу өзү 
үчүн белгисиз болгон, жаңы маалыматтарды билүүгө умтулат. Демек, 
мугалим окуу маселесин мына ошол жаңы, белгисиз маалыматтардын 
айланасында коюуга аракеттенүүсү керек. 
Башталгыч класстарда кыргыз тили сабагын өтүүдө окуу маселесин 
алдыга коюунун принциптерине төмөнкүлөрдү киргизүүгө болот: 
Биринчи кезекте берилүүчү түшүнүк жалпы мүнөздө болуп, андан кийинки 
темалар ошол биринчи теманы тактоо, конкреттештирүү иретинде болуусу 
керек. 
Жаңы түшүнүктү окуучуларга берүүдөн мурун мугалим анын пайда 
болуусунун турмуштук зарылчылыгын түзүүгө тийиш билимди даяр түрүндө 
бербөө керек: окуучуларды өз алдынча изденүүгө, жыйынтыктарды, 
гипотезаларды чыгарууга багытоо зарыл. 
Өздөштүрүлүүчү материалдын эрежесин жаңы маалымат, мазмун 
боюнча окуучулар өз алдынча изденип иштегенден кийин гана берүү керек. 
Эрежени окуучулар өздөрү чыгарып, өз сөзү менен түзсө, жаттап алууга 
караганда эсинде көбүрөөк сакталат. 
Бир тапшырмадан экинчи тапшырмага өтүү окуучулар үчүн даана, так 
коюлууга тийиш. Эгерде мугалим окуучулардын алдына окуу маселесин 
туура койгон болсо, анда алар биринчи маселени чечүү аркылуу экинчисине 
өз алдынча багыт ала алышат. 
Мисал катарында төмөнкүдөй сабактын болжолдуу үлгүсүн сунуш 
кылабыз: 
Сабактын темасы: Сөз айкашы 
Сабактын максаттары: 
билим берүүчүлүк: сөз айкашы жөнүндө маалымат алышат. 
өнүктүрүүчүлүк: сөз айкашынын тутумун, түзүлүшүн, сүйлөмдөгү 
ордун, сүйлөмдөн айырмасын билишет. 


28 
билим берүүчүлүк: өзүнүн Мекенин, кичи Мекенин сүйүүгө, баалоого, 
коргоого умтулушат. Бири-биринин пикирин баалай билүүгө 
үйрөнүшөт. 
Көрсөткүчтөр: 
Жогорудагы максаттарга жетти дейбиз, эгерде: 
сөз айкашы жөнүндө билсе; 
сөз айкашынын тутумун, түзүлүшүн билип, аны сүйлөмдөн 
ажырата алса; 
сөз айкаштарын түзө алса; 
сүйлөмдү сөз айкаштарына ажырата алса; 
текстти окуп, түшүнүп, анын негизинде көнүгүүлөрдү аткара 
алса. 
Сабактын тиби: жаңы билимди калыптандыруу. 
Сабактын формасы: жекече жана жупта иштөө. 
Сабактын жабдылышы: таблица, флипчарт, маркер, сүрөттөр. 
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу. Өтүлгөн теманы кайталоо, өткөн сабактагы 
сүйлөм темасын суроо-жооп аркылуу кайталоо. 
Үйгө берилген жайлоо жөнүндө жазып келген аңгемелерин окутуу. 
Жаңы сабак: таблицанын жардамы менен сөз айкашы темасын 
түшүндүрүү. Сөз айкашынын тутумундагы негизги жана багыныңкы сөздөр 
жөнүндө маалымат берүү. 
Бышыктоо: 
Айылым 
Шекер айылыма көп барам, эки- үч каттабасам көңүлүм толбой турат. 
Туугандарым келин алат, кыз берет. Жакшылык- жамандыгы аралаш бул 
дүйнөдөн өткөндөргө бир ууч топурак салуу да парз. Айтор көңүл тартып 
турса, шылтоо табылат. Балдарым нукура шаардык болуп калышты, эр 
жеткен жигиттер, бирок ата- бабасынын туулуп- өскөн жерин таанып- билип 
жүрсүн деп, аларды да айылга үйрөтүүгө аракеттенем. Анткен менен, заман 
өзгөрүлдү окшойт. Ким билет, өзүм сыяктуу айылга катнаша алар бекен, аны 
келечек көрсөтөр. Ошондо да ар булактын чордону бар сыңары, Мекен деген 
алп сөздүн кут түшкөн очогу сыяктуу, алакандай борбору болот эмеспи. 
Менин мекеним- Шекер айылы. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   5   6   7   8   9   10   11   12   ...   93




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет