Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети


Өз алдынча даярдануу үчүн суроолор



Pdf көрінісі
бет105/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   99   100   101   102   103   104   105   106   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Өз алдынча даярдануу үчүн суроолор:
1. Футурология деген эмне? 
2. Футурологиянын маселелери кайсы?
3. Адамзаттын илимий-техникалык жактан өнүгүүсүнүн гуманисттик 
потенциалын талдагыла
4. Азыркы учурдагы глобалдык маселелер кайсылар?
5. Саясий, экологиялык, демографиялык маселелерди талдагыла 
 
Тема боюнча окуп-үйрөнүүчү адабияттардын тизмеси: 
1. Алексеев П.В., Панин А.В. Философия: Учебник.- М.: Проспект, 
2020. – 592 с.. 
2. Алексеев П.В. Социальная философия: Учебное пособие. - М., 2004. 
3. Боженов А.Э. Основы философии. Учебное пособие. – М.: Аспект 
Пресс, 2019. – 608 с. 
4. Демина Л.А., Малюкова О.В., Бучило Н.Ф. Философия: Учебник. - 
М.: Проспект, 2020. – 360 с. 
5. Деррида Ж. Глобализация. Мир. Космополитизм. Пер. с фр. Д. 
Ольшанского // «Космополис», 2004. - № 2 (8). - С. 125-140
6. Канке В.А. Философия. Курс для бакалавров: Учебник. - М.: Логос, 
2005. 
Тема 22. Цивилизациялардын өз ара карым-катнашы жана келечектин 
сценарийи 
1. Цивилизация түшүнүгү жана ар түрдүү концепциялар
2. Маданияттын жана цивилизациялардын көп түрдүүлүгү жана алардын 
диалектикасы 
“Цивилизация” француз сөзү катары XVIII кылымда пайда болгон да 
прогресс менн окшоштурулуп келген. А.Смит “байлык” түшүнүгү менен 
жакындаштырып караган. Кээ бир изилдөөлөрдө адамдын жүрүм туруму, өзүн 
өзү тескөөсү катары кабылданган. Л.Морган адамзаттын өнүүгүсүнүн баскычы 
деп билген. 
Цивилизация менен маданият байланышта жана жакындаштырылган 
түшүнүк болуп саналат. XX кылымда маданиятты антропологиялык түшүнүүдө 
цивилизация категориясы менен алмаштырыла баштаган. 
Цивилизация – коомдун өнүгүүсүнүн материалдык жана рухий 
жетишкендиктеринин жыйындысы. Цивилизация – адам тарабынан кайра 
түзүлгөн, маданиятташтырылган тарыхый жаратылышты камтыйт (табигый 
жаратылышта цивилизациянын жашоосу мүмкүн эмес) жана кайра түзүүлөрдүн 
каражатын 
маданиятта 
өздөштүргөн 
жана 
өзүнүн 
жашоосунда 
маданиятташтырылган чөйрөдө жашоого жана аракеттенүүгө жөндөмдүү 
адамды камтыйт. Ошондой эле жашоосун жана улануусун камсыз кылуучу, 
маданияттын социалдык уюштурулушунун формасы катары болгон коомдук 


135 
мамилелердин жыйындысы. Коомдун формацияга бөлүнүүсү цивилизацияга 
социалдык аныктама, тарыхый конкреттүүлүк берет. Бирок цивилизация 
коомдук формацияга караганда глобалдуу түшүнүк. Алгачкы коомдук абалдан 
келип чыккан коомдогу формациялык айырмачылыктар – бул цивилизациянын 
өзүнүн ичиндеги айырмачылыктар. Цивилизация – бул социомаданий түзүлүш. 
Эгерде 
«маданият» 
түшүнүгү 
адамды, 
анын 
өнүгүүсүнүн 
чегин, 
ишмердүүлүктөгү, чыгармачылыктагы көрүнүү жөндөмдүүлүгүн аныктаса, 
цивилизация түшүнүгү маданияттын өзүнүн социалдык болмушун мүнөздөйт. 
Цивилизация түшүнүгүнүн алкагында технологиялык детерминизм мааниге ээ. 
Бул азыркы учурда Европада жаралган концепция. Бул боюнча өндүрүштүн 
техникалык каражаттары б.а. машиналар, механизмдер, компьютерлер, 
роботтор ж.б. ошондой эле илимий жактан негизделген технологиялык 
билимдер чечүүчү фактор болуп саналат, социалдык өнүгүүнүн мүнөзү жана 
багыты. Технологиялык детерминизмдин рамкасында эки агым бөлүнүп 
көрүнөт: технологиялык эвдемонизм – техника жана технологиядагы процесс 
автоматташтырылган түрдө социалдык каршылыктарды, таптык күрөштү, 
байлыктын, маданияттын бирдей эмес өлчөмдө бөлүнүшүн четке кагат. 
Технологиялык алармизм ушул прогресстин терс жыйынтыгын гана көрөт: 
социалдык-экономикалык каршылыктын күчөшү, инсандын үстүнөн болгон 
зордук зомбулуктун күчөшү, коомдук турмушта гуманизмге каршы туруу ж.б. 
Технологиялык детерминизм өзүнүн бардык көрүнүшүндө илимий техникалык 
революцияга дал келбеген мамиле жасайт. Ал техника жана технология 
тарыхый өнүгүүнүн ар кайсы стадиясында социалдык-экономикалык системага 
түрдүү натыйжаларды алып келерин эске албайт.
Цивилизация качан пайда болгон жана кандай цивилизациялар болгон 
деген суроого ар түрдүү жооптор болгон. Алсак, Н.Я.Данилевский болжол 
менен он бир түрүн көрсөтсө, О.Шпенглер сегиз цивилизация болгонун айтат: 
вавилон, египет, майа, антикалык, индия, кытай, араб, батыш. А.Тойнби 
анализдеп отуруп, жыйынтыгында он үч цивилизацяны белгилейт.
Цивилизациянын типтери катары булар белгиленет: 1. жашоосунун 
прогрессивдүү эмес формасы; 2. циклдүү өнүгүү; 3. прогрессивдүү өнүгүү. 
Н.Я.Данилевскийдин пикиринде тарыхтын жүрүшүндө цивилизация бир 
маданий-тарыхый типтен экинчисине өтпөйт, бирок таасирин тийгизет. Ал 
кандай жолдор менен таасирин тийгизет деген суроого басып алып колония 
кылуу менен ишке ашарын айтат. Экинчиден кошуп алуу жолу аркылуу болот. 
Жер бетинде көптөгөн маданияттар бар, алар дүйнөлүк тарыхтын өнүгүүсүнө 
өзгөчө түр берүү жөндөмдүүлүгүнө ээ жана бири бири менен байланышта. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   99   100   101   102   103   104   105   106   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет