135
мамилелердин жыйындысы. Коомдун формацияга бөлүнүүсү цивилизацияга
социалдык
аныктама, тарыхый конкреттүүлүк берет. Бирок цивилизация
коомдук формацияга караганда глобалдуу түшүнүк. Алгачкы коомдук абалдан
келип чыккан коомдогу формациялык айырмачылыктар – бул цивилизациянын
өзүнүн ичиндеги айырмачылыктар. Цивилизация – бул социомаданий түзүлүш.
Эгерде
«маданият»
түшүнүгү
адамды,
анын
өнүгүүсүнүн
чегин,
ишмердүүлүктөгү, чыгармачылыктагы көрүнүү жөндөмдүүлүгүн аныктаса,
цивилизация түшүнүгү маданияттын өзүнүн социалдык болмушун мүнөздөйт.
Цивилизация түшүнүгүнүн алкагында технологиялык детерминизм мааниге ээ.
Бул азыркы учурда Европада жаралган концепция. Бул боюнча өндүрүштүн
техникалык каражаттары б.а. машиналар,
механизмдер, компьютерлер,
роботтор ж.б. ошондой эле илимий жактан негизделген технологиялык
билимдер чечүүчү фактор болуп саналат, социалдык өнүгүүнүн мүнөзү жана
багыты. Технологиялык детерминизмдин рамкасында эки агым бөлүнүп
көрүнөт: технологиялык эвдемонизм – техника
жана технологиядагы процесс
автоматташтырылган түрдө социалдык каршылыктарды, таптык күрөштү,
байлыктын, маданияттын бирдей эмес өлчөмдө бөлүнүшүн четке кагат.
Технологиялык алармизм ушул прогресстин терс жыйынтыгын гана көрөт:
социалдык-экономикалык каршылыктын күчөшү, инсандын үстүнөн болгон
зордук зомбулуктун күчөшү, коомдук турмушта гуманизмге каршы туруу ж.б.
Технологиялык детерминизм өзүнүн бардык көрүнүшүндө илимий техникалык
революцияга дал келбеген мамиле жасайт. Ал техника жана технология
тарыхый өнүгүүнүн ар кайсы стадиясында социалдык-экономикалык системага
түрдүү натыйжаларды алып келерин эске албайт.
Цивилизация качан пайда болгон жана кандай
цивилизациялар болгон
деген суроого ар түрдүү жооптор болгон. Алсак, Н.Я.Данилевский болжол
менен он бир түрүн көрсөтсө, О.Шпенглер сегиз цивилизация болгонун айтат:
вавилон, египет, майа, антикалык, индия, кытай, араб, батыш. А.Тойнби
анализдеп отуруп, жыйынтыгында он үч цивилизацяны белгилейт.
Цивилизациянын типтери катары булар белгиленет: 1. жашоосунун
прогрессивдүү
эмес формасы; 2. циклдүү өнүгүү; 3. прогрессивдүү өнүгүү.
Н.Я.Данилевскийдин пикиринде тарыхтын жүрүшүндө цивилизация бир
маданий-тарыхый типтен экинчисине өтпөйт, бирок таасирин тийгизет. Ал
кандай жолдор менен таасирин тийгизет деген суроого басып алып колония
кылуу менен ишке ашарын айтат. Экинчиден кошуп алуу жолу аркылуу болот.
Жер бетинде
көптөгөн маданияттар бар, алар дүйнөлүк тарыхтын өнүгүүсүнө
өзгөчө түр берүү жөндөмдүүлүгүнө ээ жана бири бири менен байланышта.
Достарыңызбен бөлісу: