Натурфилософия.
Философия
тарыхы
көрсөткөндөй
башка
мамлекеттердегидей эле Кытайда да философиянын илим катары
калыптанышында көптөгөн мифологиялык образдар жана элестөөлөр
колдонулган.
Б.з.ч.
I
миңинчи
жылдыктын
башында
Кытайда
натурфилософиялык концепция пайда болот. Мифологиядан Инь жана Янь
түшүнүктөрү кабылданат. Мында Янь – жарык башбашталма болуп, асман,
түштүк, күн, жарык, жашоо, күч, эркектик маңыз, так сандардын символу
болгон. Инь – аялдык башбашталма, түндүк, караңгы, өлүм, жер, ай, алсыздык,
жуп санды билдирген. Инь жана Янь бири бирине каршы турат жана көз
каранды, бири экинчисине өтүп турат. Булардан сырткары эфир да жашайт, ал
материалдык бөлүкчө – Циден турат. Инь менен Яндын эфирге таасир
этүүсүнүн натыйжасында оор аялдык бөлүкчө Инь-ци жана жеңил эркектик
бөлүкчө Янь-ци пайда болот. Бул бөлүкчөлөрдүн өз ара таасир этүүсү беш
башбашталманы жаратат. Алар: суу, от, жыгач, металл, жер. Булардын ар бири
туюмдарда чагылуучу өзгөчөлүктөргө жана сапаттарга ээ. Жогорудагы
элементтердин ичинен жер өзгөчө бөлүнүп көрсөтүлөт. Башбашталмалар бири
бирине өтүп турат: дарак отту, от жерди, жер металды, металл сууну жаратат.
Ал эми суу болсо кайрадан даракты жаратат.
Даосизм. Негиздөөчүсү Лао-цзы (карыган окутуучу) уламыш боюнча
б.з.ч. 604-жылы туулган. Чжоу доорунда тарых жазуучу болуп эмгектенет жана
негизги идеялары «Дао дэ цзин» деген китепте берилген. Бул окуунун
борбордук түшүнүгү – Дао. Дао дүйнөнүн жалпы закон ченемдүүлүгү, бардык
нерсенин башбашталмасы. «Адам жердин законуна баш иет, жер асмандын
законуна, асман даонун законуна баш иет, ал эми дао болсо өзүнө өзү иет».
Мында асмандын ролу жөнүндөгү традициялуу ойлом жогору коюлат, асман
жаратылыштын бир бөлүгү катары түшүндүрүлөт жана жерге каршы коюлат.
Асман жеңил бөлүкчөлөр – Ян-циден түзүлөт жана даого байланыштуу
өзгөрүлөт.
Дао – «асман менен жердин башаты», «бардык буюмдардын энеси». «Дао
бирди жаратат, бир экини, эки үчтү, ал эми үч болсо бардык жандыктарды
жаратат». Бул айтылганды кантип түшүнсө болот? «Бир» - бул алгач берилген
хаос, «эки» - жарык жана караңгы башталмалардын бөлүнүшү, «үч» - бул
башталыштардын гармониясы. Эки башталманын байланышы гармонияны
жаратат, андан кийин бардык нерселер пайда болот.
Даодон сырткары дэ да жашайт. Дао – бул дэ аркылуу
конкреттештирилген жана материалдашкан башбашталма. «Дао буюмдарды
жаратат, дэ аларды азыктандырат». Дао үзгүлтүксүз түгөнбөгөн жип сыяктуу
түбөлүк жашайт, анын аракети чексиз. Даонун аракети жөнөкөй өзгөрүүлөргө
гана алып келбестен, анын каршысына да айланат. Даосизм төмөндөгүдөй
карама каршы түшүнүктөргө кайрылат: жогору-төмөн, кайгы-муң, бакыт-
бактысыздык, сулуулук-көрксүздүк, жакшылык-жамандык, жашоо-өлүм,
бийик-жапыз, чоң-кичине, кожоюн-конок, эрте-кеч, адилеттүүлүк-амалкөйлүк,
жеңил-оор, алды-арты, катуу-жумшак, күчтүү-алсыз, акылдуу-акылсыз,
байыркы-азыркы, караңгы башталыш-жарык башталыш, болмуш-болмуш-эмес
27
ж.б. Лао-цзынын оюу боюнча бул түшүнүктөр бири бирине каршы коюлат, тең
жашайт жана бири бирине өтөт.
Достарыңызбен бөлісу: |