Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет18/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   14   15   16   17   18   19   20   21   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Буддизм. Б.з.ч. VI-IV кылымдардагы ортодоксалдуу эмес окуулардын 
ичинен буддизм өзгөчө бөлүнүп көрүнөт. Ал көптөгөн түрдүү концепцияларды 
ичине камтыган. Негиздөөчүсү Сиддхартха Гаутама болгон. Гаутаманын 
окуусундагы идея «ортоңку жол». Ал ортолуктан сырткары чет жакасы бар, ага 
барбоо керек дейт. «Төрт жакшылык чындык» жана «сегиз ченемдүү жол» деп 
аталган идеясы чоң мааниге ээ. Биринчи идеясы төмөндөгүлөрдү белгилейт: 
1. дүйнөдөгү жашоо азап-тозокко жык толгон. 
2. ушул азап-тозоктун себеби бар 
3. азап-тозокту токтотууга болот 
4. азап-тозоктуу токтотууга алып келүүчү жол бар. 
Биринчи «чындык» боюнча жашоодо азап тозок бар. Төрөлүү, карылык, оору, 
өлүм, азап, кайгыруу, каалоо, иренжүү жер бетинде болот жана азап-тозок 
болуп эсептелет. Азап-тозок кокустан эле болбостон ал бардык жерде бар, ал 
турсун канааттануунун булагы болуп да азап-тозок эсептелет. Экинчи 
«чындык» боюнча азап-тозоктун себеби бар. Азап-тозок – бул дүйнөдөгү 
төрөлүүнүн натыйжасы, анткени төрөлүү жер бетиндеги калыстыктын жоктугу 
менен байланыштуу. Биздин каалоолорубуз билбегендиктен улам келип чыгат. 
Дүйнө түзүлүшүн жана азап-тозоктун себебин билсек анда жерде калыстыктын 
жоктугу болмок эмес. Үчүнчү «чындык» азап-тозокту пайда кылат. Шартты 
жок кылсак азап тозок да жок болот. Азап-тозоктон бошонсо болот, ал үчүн бир 
шартты аткарыш керек. Эгер зарыл болгон шарттар аткарылса бошонуу 
абалына – нирванага келет. Бул каалоонун жок болушу жана аны менен кошо 
азап-тозок да жок болот. Нирвана – бул козголоң кылбоочулук, каршы 
болбоочулук. Будда өзү нирвана абалына келип, ойлонот да өзүнүн окуусун 
улантуу керек же андан баш тартуу жөнүндөгү суроону коет. Төртүнчү 
«чындык» – азап тозоктон бошонуу жолун сүрөттөп көрсөтөт. Будданын окуусу 
нирванага кантип жетсе болот? деген суроого жооп берүү болуп саналат. Бул 
үчүн «сегиз ченемдеги жолду» басып өтүш керек, алар төмөндөгү этаптар: 


23 
1. Туура көз караштар – төрт жакшылык чындыкты тура түшүнүү. 
2. Туура чечимге келүү – жашоону кайра түзүү жөнүндөгү максат коюусу 
(ойлоосу). 
3. Туура сүйлөө – сүйлөгөн сөздүн үстүнөн текшерүү жүргүзүү, жалган 
сүйлөө, жалаа, катуу сүйлөөдөн кармануу. 
4. Туура жүрүм-турум – жандыктарды жок кылуудан, уурулуктан, сезимдерди 
туура эмес канааттандыруудан баш тартуу. 
5. Туура жашоо образы – жашоо үчүн каражаттарды таза жол менен табуу. 
6. Туура аракет кылуу - акылда жаман ойлордун жок болушуна жана жакшы 
идеяларын бекемдешине дайыма аракет жасоо. 
7. Ойдун туура багытталышы – бардык буюмдар жаратылышы боюнча өтмө 
экендигин билүү ошондуктан буюмдарга байлануу, эгер алар жоголуп кетсе 
кайгыруу болбош керек. 
8. төрт баскычты камтыган өзүңдү туура топтоштуруу: 
а) кубанууга кумардануу жана туура ойлом; 
б) ойду, кубанууну жана тынчтыкты аңдап билгенди пайда кылган кубаныч, 
тынчтык жана ички тынчтык; 
в) капарсыз ойдон өтүп козголоңсуздукка баруу жана телонун туюп сезүүдөн 
бошонуусу; 
г) бардык кубанычты сезүүдөн, козголоңсуздуктан аң сезимди бошотууга 
болгон аракет. 
Буддизм боюнча ушундай жолдорду басып өткөн адам жан дүйнөсүнүн 
тынчтыгын камсыз кылат. Мындай абалга жеткендер азапка дуушар болбойт. 
Буддизмде жалпы себеп-натыйжалык байланыштар айтылат. Бардык нерселер 
кандайдыр бир нерсеге көз каранды жана өзү менен өзү такыр жок болуп 
кетпейт. Буддизм концепцияны Дхамма деп атайт. «Кимде ким себептик 
байланышты көрсө ал Дхамманы көрөт, аны көргөн себептик байланышты 
көрөт».
Экинчи дагы бир концепция – жалпы өзгөрүү жана туруксуздук 
жөнүндөгү окуу. Будда мындай дейт: түбөлүк болуп сезилген – жок болот, 
жогору турган төмөндөйт; кайсы жерде жолугушуу болсо – ажырашуу болот; 
бардык төрөлгөндөр – өлөт. Дхарма – бул кээ бир субстрат, мамиле жана сапат. 
Дхарма – болмуштун өтмө элементтеринин агымы. Дхарма тынымсыз жаралат 
жана өлөт, алар бири бири менен байланышта жана биргелешип аракеттенет.
Үчүнчү концепция – адам жөнүндөгү окуу. Адам бул – материалдык тело 
жана материалдык эмес акыл менен аң сезимдин жыйындысы. Бир нече 
физикалык элементтердин (жер, суу, от, аба) аралашмасы телону түзөт. 
Психикалык абалдын айкалышы жан болуп эсептелет. Жан – бул өз алдынча 
субстанция эмес, ал бири бирин алмаштырып турган психикалык абал. 
Буддизмдеги дагы бир окуу – адамдар табияты боюнча тең укуктуу экендиги 
жөнүндөгү окуу. Жөнөкөй жашоодо жрецтер менен аскер адамдары жогорку 
баскычтагы социалдык катмар болсо, руханий жашоодо мындай бөлүштүрүү 
болбойт. Биринчи орунга адамдын «нравалык кызматы» коюлат. Будданын оюу 


24 
боюнча брахмандар жаратылышы боюнча жөнөкөй адамдардан эч бир 
айырмачылыгы жок.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   14   15   16   17   18   19   20   21   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет