28
принциптин маңызы эмнеде? «Асман адилеттүүлүктү сүйөт жана
адилетсиздикти жек көрөт.
Моизмдин улантуучулары – Сяньян, Сяньфу,
Дэн Лин гносеология,
логика маселелерине кайрылышкан жана алардын диалектикалык ой
жүгүртүүлөрү байкалат. Алардын эмгегинде билим төмөндөгүдөй бөлүнөт:
жеке билимдер,
угулган билимдер, ойломдун негизинде алынган билимдер
жана ой жүгүртүүнүн натыйжасында пайда болгон билимдер. Алар буюм,
болмуш
жана болмуш-эмес, билим, акыл, себеп, зарылдык, мейкиндик жана
убакыт, жалпы, жеке, бүтүн, окшоштук, айырмачылык, мамиле,
аракет жана
башка түшүнүктөргө аныктама беришкен.
Минцзы, «Талаш-тартыштын мектеби». Бул чындыкты издеген
номиналисттер деп аталган мектеп б.з.ч. IV-III кк. пайда болгон. Анын
философиялык негизги идеясы төмөндөгүдөн көрүнөт: коомдо өзгөрүү жүрөт,
эски ысымдар жаңы мазмунга жооп бербей калат, натыйжада буюмдардын
ысымы менен маңызынын ортосунда карама-каршы күрөш пайда болот. Инь
Вэнь мындай дейт: «Ысымдар туура болгон учурда дүйнөдө тартип өкүм сүрөт;
ысымдар маңызынан ажыраганда дүйнөдө баш аламандык пайда болот».
Буюмдар жана анын ысымдарынын дал келбегендиги – тартипсиздиктин жана
социалдык башаламандыктын булагы. Ар кандай тартипсиздиктин себеби
болуп форма менен айтылып жаткан аттардын дал келбестиги эсептелет.
«Качандыр бир убакта тура болгон –
маңызы боюнча туура эмес, жакшылык
деп аталган өзүнүн жаратылышы боюнча – жамандык».
Ошентип Байыркы Кытай философиясы философия тарыхында өзгөчө
оригиналдуу ойлорду айтуу менен азыркы учурда да популярдуулугун сактап
келүүдө.
Достарыңызбен бөлісу: