39
Экинчи дагы бир ойчул
Аль-Фараби (870-950-жж) чыгыш элдеринде
Аристотелден кийинки «Экинчи окутуучу» деген ат менен белгилүү. Философ
870-жылы Сырдарыянын Фараб деген районунда төрөлгөн. Ал жер азыркы
Казакстандагы Түштүк-Казакстан областынын Шаульдер районуна таандык.
Абу-Наср Аль Фараби оокаттуу түрк уруусунан чыккан, анткени,
анын толук
атын айтканда «тархан» деген сөздөн белгилүү: Абу-Наср Мухаммед Ибн-
Мухаммед, Ибн-Тархан, Ибн-Узлаг, Аль-Фараби ат-Турки. Аль Фараби
жашаган жер тарыхчылар тарабынан өзгөчө жер экендиги белгиленген.
Маданий жана тарыхый жактан ал Орто Азиядагы отурукташып дыйканчылык
менен алектенген уруулар. Борбордук Казакстандын
көчмөн уруулары менен
чектеш болгон. Анда ар түрдүү деңгээлдеги маданияты жана салты бар, ар
кандай
диндик
ишенимдерди
тутушкан
(шаманизм,
зороастризм,
несторианство, манихейство, буддизм) уруулар жана элдер жашаган.
Аль Фараби дүйнөнүн философиялык концепциясын түзүп ошол
учурдагы традиция боюнча метафизика деп атаган. «Илимдердин
классификациясы» деген эмгегинде ойчул метафизика маанилүү орунда дейт.
Ал тил илими, логика, математика, физика илимдеринин катарында турган, б.а.
ал башка бардык теориялык илимдердин синтези болуп саналган.
Метафизиканы 3 бөлүккө бөлгөн. Биринчиси жашап, бар болуп турган
предметтер жана буюмдар. Экинчиси
теориялык жеке илимдердин
далидөөлөрүнүн негизин үйрөтөт. Үчүнчү бөлүм болсо жашап турган
материалдык эмес, телого ээ болбогон предметтерди изилдейт. Аль Фарабинин
онтологиялык окуусу боюнча субстанция – бул болмуш жөнүндөгү окуунун
чечүүчү категорясы. Субстанция форма менен материянын биримдиги. Форма –
буюмдардын маңызы жана келбет түзүлүшү, алар түздөн түз берилет. Материя
– сакталып турган субстрат, кыймыл, өзгөрүү жүрүүчү фон.
Аль Фарабинин тааным теориясында материалисттик жана идеалисттик
тенденциялар ачык байкалат: биринчиден адам - дүйнөнү таанууга алып
келүүчү чыгармачыл башатты алып жүрүүчү;
экинчи жагынан таанымдын
негизги, аяккы пункту – бардык нерселердин алгачкы себепчисинде. Таанып
билүүдө туюп сезүү негизги ролду ойнойт, анткени ал дүйнөнү таануунун
бирден бир учуру абстракция же түшүнүктөрдү алууга алып келет. Аль Фараби
таанып билүү процессин «Бакытка жетүү жөнүндө» деген трактатында ачык
көрсөтөт. Анда башка эмгектериндегидей эле билим алуу бакытка жетүү деп
түшүндүрүлөт. Ал эми бакытка жетүү, бактылуу болуу – бул адам жашоосунун
максаты, ал адам тарабынан курчап турган дүйнөнү жана этикалык нормаларды
таануу аркылуу ишке ашат.
Достарыңызбен бөлісу: